ТҮРЛӨП ТРАКТОР, КАТАМАРАН ЖАСАГАН УСТА

Арабызда колу эптүү адамдар көп. Жоктон бар кылып, жараткан эмгеги күнүмдүк тиричиликте колдонулуп жүргөн тубаса усталардын иштерине да гезит бетинен орун берип келебиз. Каарманыбыз конструктор-ойлоп табуучу Камчыбек Абдыкеримов Жети-Өгүз  районунун Кызыл-Суу айылында жашайт. Ал өз колу менен учак, трактор, мотоцикл, отун кыркчу станок жалпы 150дөй тиричилик техникасын жасаптыр.  

“Дельтапландан учуп башым менен жер сүзгөм” 

– Атымды Камчыбек деп атам коюптур, колунда камчысы бар кайраттуу жигит болсун деген окшойт. Чоң энем болсо Алтын уста деген ысым коюптур мага. Чоң энем аймакка белгилүү манасчы эле. Мүмкүн, кийин менин чоң уста болорум ага аян катары берилгенби же атамдын темирге жакындыгы мага өтөрүн сезгенби деп калам, айтор, тагдырым техника, темирге байланып калды.

Кичинемде короодо атамдын мотоцикли, өзү жасаган түрдүү станоктору турчу. Атам бир нерсе кылса темир-тезегин кармалашып агам экөөбүз аны айланчыктап жүрө берчүбүз.   

10 жашымда темирден оюнчук машина, кран, трактор сыяктууларды жасай баштадым. Анан чоңойгон сайын көп идеялар жарала баштады.  Бир жолу асманда бараткан учакты көрүп “кийин учак жасап, аны менен учам” деп максат кылгам. Анан 13 жашымда учак жасаганга караганда оңоюраак деп адегенде дельтаплан жасайын дедим. Оюмду классташтарыма айтсам ишенишпей, "колуңдан келбейт" дешти. Намыстандым. Тигиндей-мындай жасасам да окшошпойт. Абдан кыйналып отуруп 18 жашымда жасаганым жакшы чыкты. Эртең аскерге кетем деген күнү аны менен учмак болуп, 1 метр бийиктикке көтөрүлгөнүмдө чачырап кетти. Кийин кайрадан жасадым. Аны менен учканымда кулап башым менен жер сүздүм. Ошону менен дельтаплан жасабадым, бирок конструктордук жаатта тажрыйбам артты. 

“Жасаган тракторум саатына 120 чакырым жүрө алат” 

- Чыгармачылык менен алектенгенде башка иштериң жолтоо болот экен. Ошого 1996-жылы иштеген жумушумдан чыккан боюнча ойлоп табуучу, конструкторлукка баш-отум менен киришип кеттим.

147 техника жасасам, анын көбү трактор болду. Жасаганга темир жок, бар болсо да кымбат. Анан да азыр илгеркидей металлоломдор жок. Ошого эски техникалардын аны-мунусун чыгарып алып, кесип, көзөп, ширетип, кураштырып жасоого туура келет. Аларды кантип жасоо керектиги боюнча маалыматты интернеттен, техника тууралуу журналдардан алам, өзүмдүн идеямды кошом.

Жасаган тракторлорумдун кадимкидей чоңу, кичинеси бар.

Мисалы, “Кунан” тракторун жасадым. Максималдуу ылдамдыгы – саатына 60 чакырым. Кабинасы 2 орундуу, оң рулдуу. 7 жылдан бери иштетип жатам.

Ал эми “Бата” тракторума 10 жыл болду. Ошондон бери айылдагылардын да көп керегине жарап жатат. Бул машинанын да, трактордун да ролун аткарат, универсалдуу. Кубаттуулугу 100 аттын күчүнө барабар. Кыймылдаткычы кореялык трактордуку, максималдуу ылдамдыгы – саатына 120 чакырым. Бир ирет бир жеңил унаа менен жарышып аныктаганбыз муну. Артында жүк салчу, адамдар отурчу чакан бөлүгү (кузов) да бар. 1,5 тонна жүктү сүйрөй алат. Кабинасы 3 адамдык, оң рулдуу. Бирок кабинасы, кузовуна  болуп 14 адам батып кетет. Мунун артына дарактын көчөтүн отургузууда чуңкурду бургулап казчу шайманды кошсо болот, аны да өзүм жасагам.

“Тайлак” минитракторум огороддо иштеткенге, майда-чүйдө жүк ташыганга ылайык. Мындай тракторду 15 миң сомдук тетиктер менен жасап алууга болот.

“Кулун” деген да минитрактор жасап, аны бирөөгө бергем. Кээде каражат тартыштыгынын айынан жасагандарымды сатууга туура келет.

Таякемдин баласынын буту ооруп велосипед менен жүрө албай калды. Ошондо ага мотоцикл жасап, белекке бердим.

Дан майдалоочу, бензопила шаймандарын да жасадым. Эскерте кетчү нерсе, мен элден буюртма албайм, өзүм үчүн жасайм.

 

“1 орундуу учагым жасалып бүткөнү калды”

– 1 орундуу “Родник” учагым. Аны жүрөгүмдүн төрүндө жашаган тилек, көксөөм боюнча жасап жатам. Учурда иштин 90 пайызы бүттү. Сыртын каптап, майда-чүйдөсүн бүтүрүү керек. Ушул учакты жасап жатып каражатым жок калды, керектүүлөрдү алганга. Эмне кылсам деп  турсам апам пенсиясынан топтогон 15 миң сомун алып келип, "учагыңды бүтүрүп ал" деп жатпайбы. Негизи менин демөөрчүм башынан эле апам (күлүп). Учакты бүтүрүп учсам дедим эле, апам “жалгыз баласың, учпай эле койчу” деди.

Отун кесчү станокту жасаганыма 2 жыл болду. 1 саатта 1 аптада майдалоочу отунду даярдап берет. Айылдагылар мунун да күчүн көп колдонушат.

2001-жылы көчүп жүрүүгө ыңгайлуу прицеп-устакана жасап чыктым. Аны менен Кыргызстанды кыдырып, ар айылга 1 апта токтоп, өзүм жасай билгендерди элге үйрөтөйүн, буюртма беришсе айыл чарбага керектүү буюмдарды жасап берейин деп ойлоп, долбоор түзгөм. Бирок элге маалымат берүү, жайылтуу жагынан аксап, ал долбоорум токтоп калды.

“Жеке музейимди түзөм”

– Буюрса, жеке музейимди түзөм. Анда азыр өзүм жасаган катамаран, замбирек, кайык, комуздар, ар нерсенин элесиндей сүрөттөрү бар таштар, жасаган учагым жана башкалар коюлмакчы. Биз жакта талаада тогуз коргоол оюну ойнолуучу илгерки чоң таштар бар. Чуңкуруна колуң батып кетет. Ошолорду да алып келсем дейм музейге.

Коронавирус апааты кезинде үйгө камалып калбадыкпы. Ошондо комуздун түрлөрүн жасадым. Саны 16га жетет. Аларга да тракторлорум сыяктуу ат коюп алгам. “Кымча бел”, “Сакадай”, “Гүл комуз”, “Ача комуз”, “Ордо комуз” жана башка.

Кыргыз тилине күйгөн атуулдардын биримин. Макалдарды, жомокторду өзүм жазам, сөздөрдүн чечмелениши жаатында да изденип, маалыматтарды жыйнайм, философиялык ырларым бар. Китебимди чыгарсам дейм. Бирок баарына жетишиш кыйын болууда.

 

Канымжан Усупбекова

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1100, 5-11-январь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан