Тиктокто популярдуулугу күчөп бараткан бийчи кыздар: эгиздер Айшихан менен Керуленди тааныштыралы. “Бизди кээде апабыз да ажыратып тааный албай калат” деген кыздар чындыгында бири-бирине куюп койгондой окшош экен. Кызыктуу окуялары, Тикток жана өздөрү тууралуу кызыктуу маек куруп беришти.
– Кыздар, аттарыңар өзгөчө экен, ким койгон?
Айшихан: – Биздин атыбызды атабыздын достору койгон.
Керулен: – Биз төрөлгөндө ата-энебизге бир профессор “окшош эмес, бири-биринен айырмаланып турган өзгөчө аттарды койгула. Ар бирине жеке адам катары карап, жеке адам катары тарбия бергиле. Ошондо бири-бирине байланып калбайт, ар кимисинин өз ою болот” дептир. Ошондо атам досторуна “өзгөчө ат таап бергениңерге 100 доллар берем” деген экен. Керулен деген монгол тилинен “сонун, укмуштуудай” деп которулат. Монголияда узундугу боюнча үчүнчүдө турган дарыянын аты Керулен экен. Башында атамдын досу ушул атты сунуштаганда баарына кызыктай угулуп, “кантип коймок элек” дешиптир. Анан мааниси жакшы экенин билип, атымды Керулен коюшат.
А.: – Атымды Айшихан деп атамдын араб досу койгон. Ал Куранды ачса эле ушул ат көрүнүптүр. Көптөр Айшакан деп чаташтыра беришет.
– Жакшы. Канчанчы класста окуйсуңар?
А.: – Бишкектеги №58 мектепте 10-класста окуйбуз, жашыбыз 16да. “Таажы” бий тобунда бийлейбиз. Шайыр Касымалиеванын мектебинде окуп, актёрдук чеберчилик боюнча да сабак алганбыз. Башында жаккан эмес, бара-бара жагып кетти. Эми экөөбүздүн тең актриса болгубуз келип калды. Буга чейин стюардесса болгубуз келчү. Мектепти бүтсөк, актёрлукка тапшырабыз.
– Кандай каармандардын образын жараткыңар келет, мисалы?
А.: – Терс каармандын образын жараткым келет. Же аябай байкуш бирөөнү ойноону кыялданам. Бирок көрүнүктүү роль болушу керек.
К.: – Менде да ошондой. Терс каарманды же жоош, бирок коркунучтуу каарманды ойногум келет. Бирок азыр кандай роль болсо да ойной берем.
– Экөөңөр куюп койгондой окшош экенсиңер. Жакындарыңар айырмалай алышабы?
А.: – Апам артыбыздан же капталыбыздан карап айырмалай албайт. Үнүбүздөн дагы. Жүзүбүздү карап гана айырмалайт. Экөөбүздүн үнүбүз, боюбуз, салмагыбыз, тибитибиз, мүнөзүбүз, баары окшош. Экөөбүз мектепте бир партада отурабыз. Бирибиз сол жакта, экинчибиз оң жакта, ошондон эле айырмалашат.
К.: – Эгиздердин биринин башы сүйрү, экинчисиники тоголок болот. Менин башымдын формасы тоголок, Айшихандыкы сүйрү. Ошону байкап айырмалагандар бар.
А.: – Ооба, анан менин бетимде сепкил көп. Керулендин бети меникинен тазараак. Ошондон да айырмаласа болот. Жалаң окшош кийинчүбүз, эми гана эки башкача кийинип баштадык.
– Мектепте бири-бириңердин атыңардан жооп берген учур болобу?
А.: – Азыр антпейбиз. Кичинебизде ошентчүбүз. Мен жооп берип жатып билбей калсам, мугалим башка жакты карап калганда, ордубузду алмаша калчубуз да, Керулен жооп берип койчу. Азыр өзүбүз окуйбуз.
К.: – Экзамендерде экөөбүздү чогуу отургузуп сурашат. Алдашпасын дешет окшойт.
– Кызык экен. Дагы кандай окуялар болгон окшоштуктарыңарга байланыштуу?
А.: – Кичине кезибизде бир жолу Керулен ойногону кеткен. Мен үйдө телевизор көрүп отургам. Ойноп жатып бир кыз менен урушуп кетиптир, үйгө келди. “Урушуп кеттим, бирок аябай ойногум келип жатат” деп жатпайбы. Анан “элдешип алып ойной бер да” десем, “элдешким келбей жатат. Андан көрө сен болуп чыгайынчы” деди. Ошентип экөөбүз кийимибизди алмаштырып, Керулен менин ордума ойногону чыккан. Башында билишкен эмес, бирок Керулен өзү сөзүнөн кармалып калган (күлүп).
– Экөөңөр көп урушасыңарбы?
К.: – Кичине кезибизде көп урушчубуз.
А.: – Мушташып, тебишип да кетчүбүз. Тебишкенди жакшы көрчүбүз.
К.: – Ооба, кичинебизде тебишип жүргөн үчүн азыр бирөө тийишсе тээп салабыз (күлүп).
А.: – Ойноп эле тепкилешчүбүз. Азыр мушташпай эле, сөз менен талашып-тартышып кетебиз. Барган сайын аз урушуп калат экенсиң.
– Тиктокер болобуз деген ойго качан келдиңер?
А.: – 5-6-класстан тарта биздин класста баары эле Тикток тартчу. Биз деле башкалардай эле тартып жүрдүк. Бир күнү аккаунтубуз блоктолуп калды. Жаңы аккаунт ачып, видео жүктөп баштадык. Экинчи жүктөгөн видеобуз миллион көрүү топтоду, аябай таң калдык. Мындай болот деп күткөн эмеспиз да. Ошентип олуттуу карап тарта баштадык.
К.: – Эртең менен видео тартып жүктөп, мектепке кеткенбиз. Мектептен келсек эле 60 миңден ашык жолу көрүлүптүр, аябай таң калдык. Анан 5 мүнөт сайын карай бергенбиз. Ошентип миллион топтоп салды. Анан мектептен “сиз менен сүрөткө түшсөк болобу?” дей башташты.
А.: – Көчөдө баратсак дагы “булар тиктокерлер” дешсе, “эмнеге антип айтып жатышат, толук кандуу тиктокер боло элекпиз го” дечүбүз. Азыр анын баарын кабыл алып калдык.
– Демек, азыр мектепте жылдызсыңар?
К.: – Антип айта албайбыз. Бирок башкалар ошентип ойлошот экен.
– Сүрөткө түшкөндөр көп да?
К.: – Мектепте көп окуучулар менен сүрөткө түшүп чыктык окшойт. Бир жолу танапис учурунда ашканага бардык. Кыздар менен сүрөткө түшүп жатып сабакка аябай кечигип калдык. Мугалим “каякта жүрөсүңөр?” десе, “сүрөткө түшүп жүрдүк” деп айткыбыз келбей, унчукпай туруп бергенбиз.
А.: – Ошондон кийин танаписте класстан чыкпоого аракет кылып калганбыз. Сабакка кечигип калышыбыз мүмкүн экен.
– Комментарийлерде силерди “казак кыздар” деп көп жазышат экен...
А.: – Ошого таң калабыз, эмнеге ошенте беришет? Көчөдөн таанып калышса да “Казакстандан келдиңерби?” дешет. Биз кыргызбыз, атабыз да, апабыз да кыргыз, ошону айтып коёлучу.
– Тикток сабактарыңарга тоскоолдук жаратпайбы?
А.: – Жаратпайт деле, бош убактыбызда тартабыз.
– Эгиз болгондун силерге жаккан жана жакпаган жагы кайсылар?
К.: – Жакшысы – жаныңда дайыма бирөө жүрөт, жалгыз калбайсың. Кийим алганда бирөөбүз эле кийип көрүп, окшош ала беребиз.
А.: – Бирок бул нерсе кээде жакшы эмес. Анткени окшош кийим оңой менен табылбайт. Бир өлчөмдөгүсү жок болуп калат. Кээде бирибиз чоң, бирибиз кичине өлчөмүн алууга туура келет.
– Канча бир туугансыңар?
А.: – 6 бир тууганбыз. Биз эң кичүүсүбүз. Бизди аябай эркелетишет, бирок биз эрке эмеспиз. 3 эжебиз, бир байкебиз бар. Баары иштешет.
– Жакшы окугула, кыялдарыңарга жеткиле, ийгилик гана каалайбыз!
– Рахмат, сиздерге да ийгилик!
Перизат Музуратбекова