ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 8-январдан 14-январга чейин

КОЙ
(21.03–20.04)

Ойлоруңузду жана сезимдериңизди иретке келтирип, жаңырган жылды жаңы ишеним, үмүттөр менен баштаңыз. Эмоционалдык абалыңызды тең салмак абалына алып келиңиз. Мурун үзүлгөн айрым байланыштарды калыбына келтирүүгө убакыт келди. Мурда катышып жүргөн жакын туугандарды, эски досторду унутпаңыз, мүмкүнчүлүк болсо майрамда белек берип кубандырыңыз. Бойдоктор онлайн таанышуулардын артынан сүйүктүүлөрүн табышат.

БУКАЧАР
(21.04–20.05)

Аптада кызыктуу сапарлар болушу мүмкүн. Сизге көптөгөн күтүүсүз жолугушууларды убада кылышат. Жумушта өзүңүздү ашыкча түйшүктөр менен убара кылбаңыз, эмгегиңиз бааланбай калышы мүмкүн. Аптанын экинчи жарымында эски бизнес өнөктөштөрүңүздөн көңүлүңүз калып, мамилеңиз туңгуюкка кептелип калуу коркунучу бар. Кимдир-бирөөгө жагыш үчүн кадыр-баркыңыз менен мактангыңыз келет, бирок айрымдар бул аракетиңизди туура эмес түшүнүп алышат.

ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)

Сизди гармония, сүйүү, кубаныч күтөт. Көптөн бери пландап жүргөн оюңуз ишке ашат. Азыр байкабай жатсаңыз да, кыялдарыңызга жакындап баратасыз. Аброюңуз көтөрүлүп, буга чейин тил табыша албай жүргөн адам менен мамилеңизди оңдойсуз. Келечектүү жумуш сунушталат. Ошондой эле жетекчиңиз сизге ыңгайлуу жумуш графигин түзүп берип кубантат. Дем алыш күндөрү сизди романтикалык жолугушуу жана жагымдуу компанияда кызыктуу кече күтөт.

БӨЙӨН
(22.06–22.07)

Олуттуу иштериңизди, тынчсызданып жаткан көйгөйлөрүңүздү кийинкиге калтырбай, тез арада чечишиңиз керек. Ишкердикте керектүү натыйжага жетүү үчүн өнөктөштөрдүн кызыкчылыктарын эске алуу зарыл. Жаңы долбоор менен иштешүү, келишимдерди түзүү жана жаңы жумуш табуу үчүн ыңгайлуу учур. Жашооңузда бир нерсени өзгөрткүңүз келсе, биринчи өзүңүз өзгөрүңүз. Эмоционалдуулугуңуздун айынан сүйүктүүңүз менен урушуп кетесиз.

АРСТАН
(23.07–23.08)

Айланаңызда болуп жаткан окуялар сизге жакпашы мүмкүн, бирок кырдаалды курчутуп албаш үчүн шашылыш жыйынтык чыгарбай, сылык жана акылдуу болуңуз. Жаман ойлордон алыс болуп, депрессияга түшпөгөнгө аракет кылыңыз. Баарлашуу, пикир алмашуу процесси сизге өзгөчө ырахат тартуулайт. Арасынан жан дүйнөңүздү түшүнө билген адамдарды табасыз. Жаңы мүмкүнчүлүктөр келет, анын максималдуу пайдасын көрөсүз.

БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)

Ишкердик менен алектенген бийкечтер сатуу, сатып алуунун жаңы ыкмаларын өздөштүрүшөт. Достукта сырга бекем болбосоңуз, жакын досторуңуздун бири сизден көңүлү калып калышы мүмкүн. Аптада ортомчулук милдетти жакшы аткарасыз, урушкан түгөйлөрдү жараштырып, келишпеген досторуңузду элдештирүү миссиясы сизге жүктөлөт. Сүйүүдө сыноолор болот, жакын адамыңыздын чыккынчылыгы тууралуу ушак кептерди угасыз.

ТАРАЗА
(24.09–23.10)

Оптимисттик маанайыңыз ийкемдүү жүрүм-турумуңузга айкалышып, башкалардын көңүл борборунда боло аласыз. Талыкпай эмгектенгениңиз жана кесиптик ийгилигиңиз кышкы каникулда жакшы эс алууга мүмкүнчүлүк берет. Моралдык канааттанууга ээ болуш үчүн үй-жайды иретке келтирип, оюңузду, максаттарыңызды да иреттеп алганыңыз жакшы болот. Гардеробуңузду жаңыртып, стилиңизди өзгөртөсүз.

ЧАЯН
(24.10–22.11)

Учурда эң сонун интеллектуалдык формадасыз, аны колдонуп пайдасын көрүңүз. Айланаңыздагылар сиздин алмаштырылгыс адис экениңизди түшүнүшөт. Ийгиликке чабуул жасасаңыз, 100 пайыз жеңиш сиз тарапта болоруна ишениңиз. Жеке жашоодо көптөн бери жактырып жүргөн адамыңызга сезимдериңизди билдирүүдөн тартынбаңыз. Балким, дал ошол адам менен баш кошуп, келечекти чогуу түптөп каласыз.

ЖААЧЫ   
(23.11–21.12)

Жылды сонун маанай менен башташыңыз керек. Бүтө элек иштерди бүтүрүп, үй-жайыңызды иреттеп, кышкы каникулду ойдогудай өткөрөсүз. Жумушта келечектүү келишимдерге кол коёсуз. Ал сиз ойлогондон да көп киреше алып келет. Жетекчилериңиз айткан сынды сабырдуулук жана кунт коюу менен кабыл алыңыз, бул нерсе каталарды өз убагында оңдоого мүмкүндүк берет. Апта аягында сизге бурмаланган маалыматтар жетет.

ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)

Сизди сындаган, тажаткан туугандарыңыздын дооматтары да четте калбайт. Ачууланып жаман сөз айтуунун кереги жок, болгону андай туугандардан өзүңүздү алыс кармаңыз. Алдыда бай жашоого болгон пландарыңызды иргеп чыксаңыз болот. Жеке жашооңуздагы окуяларды жарнамалап ар кимге айта бербеңиз, айтылган ашыкча сөздөр бурмаланып ортоңорго от жагып коюшу мүмкүн. Карызга акча алуу сунушталбайт.

СУУ КУЯР
(21.01–19.02)

Сабырдуулугуңуз жана токтоолугуңуз менен көп ийгиликтерге жетесиз. Көп убакыт бою эмгектендиңиз, эми эс алууга да убакыт арнаңыз. Үй-бүлөлүк эс алуу сизге жакшы эмоцияларды тартуулайт. Мүмкүн болсо карыздарыңыздан кутулуп, таарынтып алган адамдарыңыздан кечирим сураңыз. Бул алдыда ишиңиздин тоскоолдуксуз ишке ашышына өбөлгө түзөт. Көңүлүңүз чөгүп баратса, жашооңуздагы жакшы күндөрдү эстеңиз.

БАЛЫК 
(20.02–20.03

Эч кимдин кеңешине, акылына муктаж эмессиз, алтынчы туюмуңуз сизге туура жолду көрсөтөт. Убакытты текке кетирбей кыялдарды ишке ашырууну азыртан баштаңыз. Бир туугандар арасында ынтымакты бекемдөө керек, алардын башын бириктирип жолугушуу уюштурсаңыз болот. Жеке жашооңузду да олуттуу өзгөртүүгө убакыт келди. Бирок сүйүктүү адамыңыз өз эркиндигинен оңой менен баш тартпайт, сизге сабырдуулук керек болот.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1100, 5-11-январь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан