Асел Калыкбаева, мекендеш: «Абу-Дабиде өзүңдү Мальдив аралдарында жүргөндөй сезесиң»

Асел Калыкбаева учурда 28 жашта. Эл аралык марафондо Кыргыздын желегин желбиретип, 42 чакырым аралыкка чуркоодо ийгилик жаратты. Бириккен Араб Эмираттарынын борбору Абу-Дабиде жашаган мекендешибиз менен маектештик. 

 – Асел, кандайсыз? Алгач таанышып алалы.

– Мен 1995-жылы Аксы районунун Кербен шаарында туулуп-өскөм. Орто мектепти Аксыдан бүтүрдүм. Бишкекте Эл аралык университетинде окудум. Кесибим боюнча экономистмин, бирок ден соолукка байланыштуу отуруп иштөөгө болбойт дегендиктен, студент кезден эле туризм жаатында иштеп баштадым. 7 жыл Түркияда жүрдүм. Өзбекстан, Казакстан, Орусияда да жүргөм. БАЭнин Абу-Даби шаарына келгениме бир жыл болду. Бул жакта дагы туризм боюнча иштейм. Абу-Дабиге келгенимдин бир себеби англис тилин үйрөнүү болду. Айлык акы иштеген жериңе, кесибиңе жараша төлөнөт, 1000 доллардан жогору.

– Абу-Даби эмнеси менен башка шаарлардан айырмаланат?

– Абу-Дабидеги негизги өзгөчөлүк – бул деңизи. Өзүңдү Мальдив аралдарында жүргөндөй сезесиң. Пляждагы кум аппак, суусу аябай тунук. Жыл бою турист үзүлбөйт. Жоктон бар кылган өлкө, суктанам. Кыргызстанда дагы туризм ушундай өнүксө дейм. Биздин өлкөдө акыркы жылдары тоо туризми өнүгүп жатат. Абу-Даби толеранттуулуктун шаары деп эсептелет. Бул жерде 160тан ашуун өлкөнүн жарандары жашайт жана иштешет. Дүйнөдөгү эң коопсуз шаар деп айтылат. Көчөдөн милиция кызматкерлерин көрбөйсүң, баары камера аркылуу көзөмөлдөнүп турат. Эч ким эч качан бирөөгө катуу сүйлөй албайт. Мыйзам аябай жакшы иштейт.

– Ал жакка кантип бардыңыз, расмий түрдө иштейсизби?

– Ооба, 3 жылдык келишим аркылуу келгем. Баары расмий түрдө. Бул жакта баары англис тилинде сүйлөшөт, жумушка кирүү үчүн англис тилин билүү шарт. Мен англис тилди өтө жакшы билбейм, бирок аракет кылып көрөйүн деп баарлашууга катышып, жумушка алынып калгам. Буга менин орус жана түрк тилдерин билгеним кошумча болду.

– БАЭде сиз байкаган кандай кызыктуу же таң каларлык салттар, адаттар бар экен?

– Мисалы, коомдук унааларда аялдар менен эркектер аралаш отурбайт. Аялдар отурчу жер бөлөк. Мага аябай жаккан жери – дүкөндөрдө тамеки, алкоголдук ичимдиктер сатылбайт. Алар үчүн атайын дүкөндөр бар. Орозо айында тамактануучу жайлар ооз ачарга чейин жабык болот, орозо кармаган адамдын жанында тамактанууга болбойт. Андан сырткары жол кырсыктарын сүрөткө же видеого тартууга тыюу салынган. Тарткандарга чоң суммада айып салынат. Көчөдө катуу сүйлөгөнгө, катуу күлгөнгө, таштанды таштаганга болбойт.

– Бөтөн эл, бөтөн жер. Баары бир мекенди сагынасызбы?

– Ар бир өлкөнүн өзүнүн мыйзамдары, шарттары болот. Алгач кыйналасың, мекениңди, ата-энеңди сагынасың. Жаңы жумушка, жаңы адамдарга, жаңы шаарга көнгүчө кыйналган учурлар болду, албетте. Англис тилин жакшы билбей келгендиктен, сыртка чыгып башкалар менен аралашкандан тартынчумун. Абу-Даби эң ысык шаарлардын катарына кирет, жайкысын аба ырайы аябай эле ысык. Ошондон кыйналдым. Аябай тердеп, бир күндө 5-6 жолу кийим алмаштырып иштеген учур болду. Жайкысын күндүзү жашоо токтоп калгандай сезилет, сырттан эч кимди көрбөйсүң.

– Масштабдуу марафонго катышып, ийгилик жараттыңыз. Канча убактан бери чуркоо менен алектенесиз?

– Бала чагымдан бери спортту сүйөм. Гимнастика, таэквондо, акыркы 4 жылдан бери чуркоо менен алекмин. Алгач ден соолугума байланыштуу, врачтын кеңеши менен ашыкча салмактан арылуу максатында чуркап баштагам. Анан марафондорго катыша баштадым, Бишкекте өткөн ар бир марафонго катыштым. Чуркоо менин хоббим болуп калды. Былтыр күзүндө Самарканд шаарында жарышка катышып келдик. Чогуу чуркаган командабыз бар, бул Abu Dhabi running team (ADRT) деген команда. Командада дүйнө чемпиондору, эл аралык мелдештин жеңүүчүлөрү бар. Бул командага жаңы кошулганымда баары “кайсы жерденсиң?” деп сурашты. Кыргызстан десем билишпейт, Казакстан менен алмаштыргандар да бар. Ошондо аябай намыстандым. Кыргызстан кандай жер экенин, табиятыбыз кандай кооз экенин айтып, интернеттен көрсөтүп, мактанып жүрүп, азыр баары билип калды. Буюрса, жайында командам менен Кыргызстанга барууну пландап жатабыз. Адатта 5, 10, 21 чакырым аралыкка чуркчумун. 16-декабрда Абу-Дабиде өткөн эл аралык марафонго 7 ай даярдандык. Жайдын ысык күндөрүндө таңкы 4тө чуркаган учурлар болду. Сыртта 45 градус ысык болуп турган убакта даярданганга туура келди. Бул менин 42,195 чакырым аралыкта дебюттук толук марафонум болгондуктан, аябай толкундандым. Ага жалпы 25 000 адам катышып, анын ичинен 2700 киши 42,195 чакырым чуркады. Чынын айтсам, бул аралыкты чуркап өтүү аябай эле оор болду. Максатым – Кыргызстанды таанытуу болчу, ага жеттим.

– Сиз турган шаарда чет элдик жарандарга кандай жеңилдиктер бар?

– Кайсы чет өлкөгө барбайлы, баарыбыз эле мигрантпыз да. Көп учурда мекендештер келишими жок келип алып, жумуш таппай кыйналышат. Бул жер Москва же Түркия эмес, бүт нерсе кымбат. Жөн эле ары-бери басканыңа эле толтура акча кетип калат. Бул жакта 10-15 жылдан бери иштеген кыргыз эже-агалар көп. Жакшы жумушта иштегендери да бар. Кээде аларды карап туруп ушул кадрлар Кыргызстан үчүн иштесе сонун болмок дейсиң. Көптөгөн спортчулар, машыктыруучулар бул жакка келип калышкан. Пандемиядан кийин орустар, орус тилдүүлөр Дубайга көп келип калышпадыбы. Ошондуктан орус тилин эле билгендерге да бул жакта жашап кетүүгө мүмкүн болуп калды.

Жумуштагы жеңилдиктер боюнча айтсам, эгер расмий иштесе аз болсо да жылдык камсыздандыруу төлөнөт. Эгерде жумуштан кете турган болсо, башка жумуш таап алгыча 3 айга чейин айлык акысынын 60 пайызын төлөп турат. Эгер жумуш жакпай калып келишимди бузсаңыз, сизге бир ай убакыт берилет, жашаган жериңизден, мамлекеттен чыгарылбайсыз. Жумуш издеп жаткан процессте болсоңуз, мисалы, менин учурумда, отелде иштегендерде бир айга чейин отелден келип тамактанып, же батиринде жашап турса болот. Анан бул өлкөнүн жараны болбосоңуз деле иштегенден 2-3 айдан кийин эле ипотекага үй алуу, кредитке унаа алууга болот.

– Алдыда кандай максаттарыңыз бар?

– Буюрса, ушул жылы Стамбул шаарында өтө турган марафонго катышууну пландап жатам. Негизи эле өткөн жыл мен үчүн ийгиликтүү болду. Баарыбыздын эле чет жакка чыккандагы максатыбыз жакшы жашоо эмеспи. Мисалы, 7 жыл Түркиядан ишке ашыра албаган максаттарым Абу-Дабиде бир жылда ишке ашты. Бишкек шаарынан үй алдым. Үч жылдан бери пландап жүргөн марафонумда чуркадым. Канча жылдан бери үйрөнө албай жүргөн англис тилин бир жылда өздөштүрдүм. Европага жолдор ачылды, жакшы кишилер менен тааныштым, жакшы досторду арттырдым.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1100, 5-11-январь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан