Темир Муса уулу, волейболчу: “Кыргыз волейболу Борбордук Азиянын деңгээлинен ашты”

8 жылдан бери волейбол боюнча улуттук курамдын мүчөсү болуп ойноп келе жаткан спортчубуз Темир Муса уулу маек төрүбүздө. Ал курамдын күчтүү оюнчусу, лидери катары таанымал. Волейболчу карьерасында кандай ийгиликтерди жаратты, алдыга кандай максаттарды койгон, чогуу билели.

Туулган жылы – 1994-жыл, 12-апрель

Туулган жери – Нарын облусу, Ат-Башы району, Ача-Кайыңды айылы

Билими – жогорку, Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин спорт жана туризм факультетин бүтүргөн

Хоббиси – футбол ойноо

Үй-бүлөлүк абалы – бойдок

– Темир мырза, саламатсызбы? Волейболго болгон алгачкы кызыгууңуз качан ойгонгонун билгим келип жатат. 

– Саламатсыздарбы? Спортко болгон кызыгуум үй-бүлөмдөн эле башталган. Атам футбол ойнойт. Ал эми волейболго айылдагы бизден улуу байкелердин ойногонун көрүп жүрүп кызыгып калгам. Анан мектепте окуп жаткан кезимде атайын волейбол боюнча спорт секциясына жазылып ойноп калдым. Үйдөгүлөр да бул тандоомду сыйлады, жадакалса чоң атам да мага жумуш жасатпай, оюндарга жиберчү (күлүп). Волейбол атаандаштын аянтына кирбей, өз командаң менен ынтымакташып соккуга каршы тургандыгы, коргонгону, чабуул жасаганы менен көңүлүмө жакты.

– Кайсы клубдарда ойногонсуз буга чейин?

– 2010-жылы Нарын облусунун “Теңир-Тоо” деген командасына кошулуп ойноп жүрдүм. Мындан сырткары Чүй облусунун “Жети-Суу” деген командасында 2 жыл ойногом. Андан кийин “Уларга” кошулуп, учурда ошол команданын оюнчусу, машыктыруучусу болуп иштейм. “Теңир-Тоодо” жүргөнүмдө спартакиадаларга барып жүрүп көзгө илинсем керек. 2015-жылы улуттук курамга чакырып, ошондон бери Кыргыздын намысын коргоп келебиз.

– Кыргызстандын ичинде облус, район, университеттерден түзүлгөн командалар көп. Алар менен беттештер үзгүлтүксүз эле болуп турса керек? Алардын кайсынысы күчтүү болууда?

– Ооба, жылдан жылга волейболго кызыккандар, ойногон командалар көбөйүүдө. Ага байланыштуу беттештер да көп. Биринчи лига, жогорку лига, улуттар аралык лига деп оюндар, кубоктор өткөрүлөт. Өзүм ойноп жаткан “Улар” командасы менен жетишкендиктерим көп: кум жээктеги волейбол боюнча эки жолу чемпион болгонбуз, жыл сайын сентябрда өтүүчү Ысык-Көл оюндарында да 2 жолу чемпион болдук, улуттук лигадан 3-орунду алганбыз. Ал эми Кыргызстандагы командалардан “ОшМУ”, “Ош”, “Отор” азыркы учурдун күчтүүлөрү.

– Кайсы позицияда ойнойсуз?

– Көбүнчө чабуулчу болуп оюн көрсөтөм.

– Улуттук курам үчүн 2015-2020-жылдар маанилүү учур болду окшойт. Азия чемпиону да аталдыңар эле...

– 2015-жылы курам менен биринчи жолу чет өлкөгө – Бангладешке чыктык. Мында көрсөткүчүбүз анча эмес болуп, кийинки жылы да ушул өлкөгө барып 2-орунду алып келгенбиз. 2017-жылы Непалга барганыбызда түркмөндөр менен кез келип, чемпион аталганбыз. Кийин Мальдив аралдарынан да чемпион аталдык. Ошондо башка өлкөдө Кыргызстандын гимни жаңырып, желеги көтөрүлүп өтө толкундангам. Бул жеңиштер курам үчүн эң жакшы көрсөткүч болуп, тарых жаратканбыз. 2019-жылы болсо Борбордук Азиядагы мамлекеттер арасындагы беттеште баарын утуп, чемпион аталганбыз.

– Келишим менен башка клубдарда да ойноп келипсиз?

– Ооба, Таиландга 2019-жылы келишим түзүп кеткем. Анда “Эйр Форс” деген клубда 5 ай ойнодум. Таиландга мага чейин улуттук курамдагы күчтүү оюнчулар Оңолбек Жаныбек уулу, Роман Шилов барып келген. “Эйр Форс” Таиландда чемпион болчу. Ал жакта оюн көрсөтүү мен үчүн чоң тажрыйба болду. Машыктыруучулар да, оюнчулар жа күчтүү экен. 2020-жылы пандемия башталып калып, эрте эле келе бердим. Андан кийин Казакстандын “Тарас”, “Көкшөтау” клубдарында 2 сезон ойногом. Өзбекстанда да келишим менен ойноп келгем. 

– Учурда кайсы мамлекеттерди мыкты атаандаш деп ойлойсуздар, кимдерди утсак деп көксөп жүрөсүздөр?

– Биздин улуттук курамдын деңгээли Борбордук Азиянын деңгээлинен өстү. Бардык эле командалар менен ойнодук. Эми Азиядагы башка ири мамлекеттер менен ойносок деп ниет коюп жатабыз.

– Быйылкы Кытайда болгон Азия оюндарынан эмнеге орунга илинбей калдыңар?

– Ханчжоу шаарындагы беттешке катышуу эле бир жетишкендик. Анткени ага катышуу үчүн буга чейинки көрсөткүчтөрүбүз эсептелет. Орун алууга деле мүмкүнчүлүктөр бар эле, бирок даярдыгыбыз азыраак болду. Балдар ар кайсы жакта болуп чогула албай жүрдүк. Негизи машыктыруучулардын, федерациянын өзгөчө көңүл буруусу, колдоосу менен ушуга чейинки көрсөткүчтөргө жеттик деп ойлойм.

– Алдыдагы максаттарыңыз тууралуу айтып өтсөңүз?

– 2-3 жылдан бери “Улар” командасында оюнчу эле эмес, машыктыруучу да болуп иштейм. Азырынча ушул багыт менен эле кетип баратам. Дагы кандай сунуштар болот, көрө жатарбыз. Ал эми улуттук курамга бизден кийинки муун өсүп жетилип калды, аларга орун бошотууну ойлонуп жатам. Ал эми волейбол ойноону таштабайм го, секире албай калганча ойной берем.

– Бойдок, бойлуу спортчу жигитке ашыктар да көп болсо керек. Үй-бүлө куруу да планы барбы?

– Ооба, келе жаткан жылы үйлөнөм деп жакшы ниет коюп жатам, бирок сүйлөшкөн кызым жок, издөө менен алекмин (күлүп). 

 

Асел Ишенбай кызы

 

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1100, 5-11-январь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан