ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 15-январдан 21-январга чейин

КОЙ 
(21.03–20.04)

Жаңы энергия чогултуп пландаган иштериңизди ишке ашырууга активдүү киришесиз. Ал аракеттериңизден мыкты жыйынтыктар чыгып, балким, азыркы жумушуңуздан башка тармакта дагы ийгилик жаратууну олуттуу пландап калышыңыз мүмкүн. Карьераңызга же жеке жашооңузга таасир эте турган маанилүү чечим кабыл алууга туура келет. Бойдоктор үчүн жаңы таанышуулар келечектүү болот. Ден соолугуңузду карап, активдүү жашоо образы менен алектенүүгө аракет кылыңыз.

БУКАЧАР
(21.04–20.05)

Бул узак мөөнөттүү максаттарыңызды, өзгөчө каржы тармагындагы иштерди пландаштыруу жана кайра карап чыгуу үчүн жакшы убакыт. Апта башында башкалар менен мамиле түзүүдө гармонияны сактоо аракетиңиз ийгиликтүү болот. Идеяларыңызды жана пландарыңызды жакын адамдарыңыз менен талкуулоого ачык болуңуз, алардын колдоосу баа жеткис болуп калат. Сүйүүдө кызганычтын айынан жан шеригиңиз менен чырдашасыз, сабырдуу болуңуз.

ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)

Акыл-эс жөндөмүңүз жакшы иштеп, сизге интеллектуалдык милдеттерди жана чыгармачыл долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырууга мүмкүндүк берет. Сиз үчүн жаңы горизонтторду ача турган маанилүү жаңылыктарды күтүңүз. Кесипкөйлүгүңүз, жөндөмүңүз суроо-талапка ээ болуп, чөйрөңүздөгүлөр менен оңой тил табышасыз. Жумуш которууну пландап жүргөн эгиздер дал ушул аптада аракетин башташса болот. Үй-бүлөлүүлөр үй тазалоо иштерин жүргүзүүсү зарыл.

БӨЙӨН
(22.06–22.07)

Эмоционалдык басымдын алдында калгыңыз келбесе психологиялык жактан бардык кырдаалга даяр болуңуз. Сизди ыйлаткан да, сүйүнткөн да кабар угушуңуз мүмкүн. Жаныңызда сөзсүз сизди соороткон, колдогон адамдарыңыз болот, абалдан оңой чыгасыз. Үй иштери жана жакындарыңыз көңүл борборунда болушат, күнүмдүк маселелерди чечүү үчүн сиздин катышууңуз жана колдооңуз талап кылынат. Апта ортосунда маанай көтөрө турган сюрприздерди күтүңүз.

АРСТАН
(23.07–23.08)

Ичиңиздеги негативдүү ойлор менен күрөшкөнгө аракет кылыңыз. Демилгелүү болуп лидерлик сапаттарыңызды көрсөтүп карьералык тепкичтен көтөрүлөсүз. Коомдук мамилелер кубаныч жана шыктануу тартуулайт, дүйнөгө көз карашыңызды кеңейте турган иш-чараларга же жолугушууларга катышуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз. Жеке мамиледе айрым принциптерди аттап өтүп, компромисске барганга туура келет.

БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)

Талдоочулук, байкагычтык шыгыңызды байкайсыз. Карьера жана билим берүү жаатында узак мөөнөттүү максаттарыңызды пландаштыруу жана уюштуруу үчүн идеалдуу убакыт. Жакын адамыңызга жан сырыңызды ачып чер жазыша сүйлөшкөндөн коркпоңуз. Ал сизди дайыма колдоп, жаныңызда болууга даяр. Үй-бүлөлүү бийкечтер каржы маселесинде этият болушу керек, ашыкча чыгым болуп моюнга чоң карыздарды илип алышат.

ТАРАЗА
(24.09–23.10)

Акыркы окуяларды карап чыгуу жана келечектеги маанилүү чечимдерди кабыл алуу үчүн убакыт керек болушу мүмкүн. Сүйүү мамилелери көңүл бурууну талап кылат – майда чыр-чатактарды чечүүгө же өнөктөшүңүз менен келечектеги пландарды талкуулоого ылайык учур. Чыгармачыл таразалар үчүн өзүн көрсөтүүгө жакшы убакыт, бул нерсе эс алууга жана гармония табууга жардам берет. Бул аптада сиз менен достук мамиле күткүсү келген адамдар көп болот.

ЧАЯН
(24.10–22.11)

Ички туюмуңуз өзгөчө курч болуп, айланаңыздагы адамдардын чыныгы ниетин даана көрө аласыз. Жеке мамилелерде кумар көп болот, эч бирине азгырылбай, туура жолду тандаңыз. Каржылык жактан шектүү чыгымдардан качууга аракет кылып, туруктуулукту сактоого көңүл буруңуз. Бул убакыт инсандык жактан өсүү жана өзүңүздүн катылган таланттарыңызды ачуу үчүн жакшы мезгил. Медитация кылууга убакыт бөлүңүз.

ЖААЧЫ   
(23.11–21.12)

Жаачыларды абдан энергиялуу жана активдүү жума күтөт. Жаңы идеяларды изилдөөгө жана жаңы долбоорлорду баштоого каалооңуз күч алганын сезесиз. Оптимизмиңиз жана укмуштуу окуяларга карата каалооңуз күчтүү болуп, мунун аягы сизди кызыктуу саякаттарга алып келиши мүмкүн. Сүйүктүүңүз менен болгон мамиледе гармониялуу жана кубанычтуу көз ирмемдер күтөт. Аптада карыз алуу жана берүү сунушталбайт.

ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)

Кесиптик чөйрөдө маанилүү иштер жана жоопкерчилик күтөт. Кайсы бир окуядан жабыр тартсаңыз, күнөөлүүнү издегенге шашпай, өз алдыңызча кеңири талдоо жүргүзүңүз. Оор чечимдерди кабыл алууга туура келиши мүмкүн, бирок сиздин чечкиндүүлүк жана практикалык мамилеңиз позицияңызды бекемдейт. Жеке мамилелерде жакындарыңыз сиздин камкордукка муктаж болушат. Колуңуздан келсе каржылык жактан колдоо көрсөтүңүз.

СУУ КУЯР 
(21.01–19.02)

Мүмкүн болушунча жаңы ыкмаларды, чечимдерди колдонууга аракет кыласыз. Бирок өзгөрүүлөрдөн коркпоңуз, ар бир кыйынчылыктын артында чоң жакшы нерселер болорун унутпашыңыз керек. Жумушта кесиптештер менен пикир келишпестиктер жаралышы мүмкүн. Баарын сабырдуулук менен жеңесиз. Сүйүүдө чыдамкайлыгыңыз, туруктуулугуңуз сыналат, эгер сыноодон татыктуу өтпөй калсаңыз сүйүктүүңүздөн кол жууйсуз.

БАЛЫК 
(20.02–20.03

Балыктар аптада укмуш эмоциялардын ташкынына кабылышат. Айланаңыздагыларга өзгөчө сезимтал болосуз, бул сиздин чыныгы каалоолоруңузду жана муктаждыктарыңызды жакшыраак түшүнүүгө жардам берет. Жумушуңузда карьералык өсүшкө оң таасирин тийгизе турган өзгөрүүлөр болушу мүмкүн. Үй-бүлөлүү балыктар жакындарына жоопкерчиликтүү мамиле кылып, туугандык мамилени бекемдешкени туура.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1101, 12-18-январь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан