ЖАҢЫ ЖЫЛДЫ КИМ КАЙДАН ТОСТУ?

Көпчүлүк Жаңы жыл – үй-бүлөлүк майрам дешет. Жакындар менен биргеликте жылдын жаңырышын, сааттын жебеси түнкү 12ни кагышын күтүп, жакшы тилектерди айтабыз. Мына ушул учурду шоу-бизнес жылдыздары кайдан жана кандай тосконун сурап көрдүк.

Данияр Эрматов, ырчы: «Эл алдында ырдап тостум»

– Алгач жалпы элимди Жаңы жылы менен куттуктайм! Жаңы жыл күнү Орусияда болдум. Москва шаарында саат түнкү 12 болуп жатканда мен эл алдында ырдап жаткам. Ырдап жаткан жеримден эле көрүүчүлөрдү куттуктап кеттим. Былтыр да, мурдагы жылы да ушундай болгон. 3 жылдан бери эле окшош экен, Жаңы жылды саат 12ни какканда Москвадагы мекендештер менен ырдап тосуп калам (күлүп). Биринчи жолкусунда көрүүчүлөр саат 12ге басым жасашабы деп, “бири-бириңиздерди куттуктаңыздар” дегендей ишарат менен ырымды токтотсом көп деле маани беришкен эмес, концертке эле келишкен экен көпчүлүгү. Бойдок кезимде деле ушундай болчу, ар жакта ырдап өткөрчүмүн. Чыгармачыл адам болгондуктан, майрам күндөрү көпчүлүк учурда биз элдин көңүлүн алып, эл менен бирге болуп, үй-бүлөбүз менен болбой калабыз. 

Самара Сабирова, ырчы: «Үйгө саат 12ге жакын жетип бардым»

– Ош шаарында жашайм, Жаңы жылды ушул жактан тостум. Мамлекеттик кызматта иштегеним үчүн саат 10дорго чейин борбордук аянтта элге кызмат кылып, ошол жерде ырдадык. Ал иш-чара бүтөрү менен шашып үйгө жөнөдүм. Үйгө айылдан апам, бир туугандарымдын баарын чакырып койгон элем. Көчөнүн баары тыгын, же үйгө жетпейм (күлүп). Ошентип 12ге жакын кирип барып, апам, бир туугандарым, сиңдилерим, балам менен бирге тостук. Сонун болду. Кичинекей бөбөктөрүмө Аяз ата болуп, аларды кубандырдым. Жаңырган жыл сонун жылдардан болсун деп тилек айттык.

Буга чейин мышык менен да Жаңы жыл тоском (күлүп). 2018-жылы декабрдын аягында балам айылга кетти. А мен жумуштан бошобой, мамлекеттик иш-чараларга катышып, 31и күнү түнкү саат 12де үйдө өзүм жалгыз болгом. Үйдө мышыгым бар болчу. Телевизордон президент куттуктоо айтып жатат, мышыгым жанында койкоюп отурат. “Жаңы жылың менен, мышыгым” деп мышыгым экөөбүз бири-бирибизди куттуктаганбыз. Ал да түшүнгөнсүп мага эркелеп сүйкөнүп коёт. 2020-жылы Жаңы жыл күнү коронавирус менен ооруп калгам. Дене табым 40ка жетип, калтырап-титиреп турам, ага карабай “Жаңы жылың менен!” деп жакындарымды куттуктап жатам. Гүлжанат Момбекова эжеге чалып куттуктап, “дене табым 40тан ашып кетти” десем, ал мени урушуп, мага “Тез жардам” кызматын чакырып жиберген (күлүп). “Тез жардам” келип, дароо эле коронавирус деп диагноз коюшту. Ал жылды ошентип тоском.

Жаңырган жыл баарыбыз үчүн жакшы, ийгиликтүү жылдардан болсун! Баарыңыздарды Жаңы жылыңыздар менен куттуктайм!

Сагын Эргешов, ырчы: «Жаңы жыл – атамды эскерүү күнү»

– Жаңы жылды адатта Кыргызстанда жаңы жылдык кечелерде кызмат кылып өткөрчүмүн. Быйыл 30-31-декабрда Орусиядагы мекендештер менен болдум. Түнкү 12ни өзүмдүн концертимде Москвадагы мекендештер менен тосуп алдык. Андан кийин 1-январдан 8-январга чейин Самара Каримова эжекем экөөбүз Орусиядагы мекендештер үчүн концерт бердик. Жаңы жыл жыл сайын өзгөчө болот. Ар жылы ар кандай сюрприздер менен коштолот.

Бирок мен үчүн, биздин үй-бүлө үчүн 31-декабрь өтө кубанычтуу күн эмес. Анткени аска-зоом атамдын көзү өткөн күн. Үй-бүлөбүз бул күнү атама арнап куран окуйбуз, биз үчүн атамды эскерүү күнү. Өмүр бою жүрөгүмдөн чыкпаган Жаңы жыл – ошол атамды жоготкон күн болуп калды.

Болсунбек Стакеев, куудул: «Ошто болдук, азыр мурдагыдай сезимдер жок»

– Жаңы жылга жакын Ошко Абдылда Иманкуловдун концертине барып, ошол жактан тостум. Тостум дегенде кандай, Жаңы жылды тосо алган деле жокпуз, мындайча айтканда, досторубуз намаз окушат. Мага окшогон анча-мынча тентектери бири-бирибизди куттукташтык. Саат 12де эшикте тарс-турс болуп салют атылып жатты, мен кадимки күндөрдүн алмашканы катары эле кабыл алдым. Мурунку бала кездегидей болгон жок. Майрамдардын өзүнүн доору болот экен да, доорлор алмашып турат. Бир кездеги сонун майрамдар азыр майрам болбой калды. Тескерисинче, бир кездеги анча деле майрам эместер азыр укмуш майрам. 

Гүлжанат Момбекова, ырчы, актриса: «Унаа менен тыгында калдым»

– Жаңы жыл бала кезде өзгөчө шаңдуу болот эмеспи. Мектепте 2-3-класстарда окуган кезим, анда айылда жашайбыз. Чоң ата, чоң энемдин колундамын. 31-декабрь күнү түштө ойногону кеттим. Кар көп жаап, муз тепчүбүз. Муз тээп, үстү-башыма кар жабышып, үйгө чылгый суу болуп келдим. Үйдөгүлөр саат 12ге даярданып, дасторкон даярдап жатышкан. Мен от жаккан мештин түбүндө отургам, ошол жерде уктап калыптырмын. Ошол боюнча мени ойготпой үстүмдү жаап коюшуптур. Бир маалда ойгонсом баары уктап жатышат. Турдум дагы, “эмнеге мени 12де ойготкон жоксуңар?” деп ызы-чуу салып, “башынан Жаңы жыл тособуз, Аяз атаны кайрадан чакырабыз” деп баарын тургузуп, тополоң кылганым эсимде (күлүп). Аябай эрке кыз болчумун. Анан акем сыртка чыгып, башына бирдекелерди кийип Аяз ата болуп кирип, “саат 12 болду, Жаңы жылыңар менен!” деп кирген (күлүп). Ошентип көгөрүп жатып 2 жолу Жаңы жыл тостургам. Быйылкы Жаңы жылда саат 12ни какканда машинеде калдым мен (күлүп). Ошто борбордук аянтта концерт койдук, концерттен кийин дагы бир жерге бирөөнү куттуктап барып келе жатып тыгында калдым. Түнкүсүн караоке клубда иштейм, ал күнү буюртмалар болгон үчүн 12де ал жерде иштегендер менен тосом деп стол даярдатып койгом. Бирок 12ге жетишпей калдым, машинени койгонго жер жок, унаанын ичинде тостум. Сыртта эл бири-бирин куттуктап жатышса, мен машинеде машинемди куттуктап койдум (күлүп).

 

Гулийпа Маметосмон кызы

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1101, 12-18-январь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан