Максат Садырбеков, ырчы: «Жүрөгүм ырчылыкты эмес, футболду тандады”

Бул аптабыздын каарманы – ырчы, бир кездеги “Non Stop” дуэтинин солисти Максат Садырбеков. Сахнадан алыстаган Максат мырза учурда жан дүйнөсү футболду каалап жатканын айтат. 

– Саламатсызбы, Максат мырза? Көптөн бери маектеше элек экенбиз. Бизге берген акыркы маегиңизден, үйлөнгөндөн кийин жашооңузда эмнелер өзгөрдү?

– Саламатсыздарбы? Кудайга шүгүр, баары жакшы. Көптөн бери гезитке чыга элек экенбиз. Көчөдөн жолугуп да “Макс, эмне жоголуп кеттиң?” дегендер бар. Мына, жоголбой эле жүрөм (күлүп). “Non Stop” дуэти менен 10 жылдан ашык иштептирбиз. Ал жылдар аралыгындагы “Супер-Инфого” интервью берип, гезитке чыгып турган учурларды сагынат экенсиң. Рахмат чакырганыңыздарга.

Биринчиден, эркек кишиге бул дүйнөдөгү чоң белек – жубайы экен. Жубайым менен баш кошконубузга беш жыл болуп калыптыр, убакыт билинбей эле өтүп кетиптир. Үйлөнгөндөн кийин жүрөгүң тынчып калат экен. Бойдокчулукта өзүң менен өзүңсүн. Турмуш кургандан кийин жаныңа жарың кошулуп, толуксуң. Кудайым буюруп, уулдуу, кыздуу болдук, 2 баланын ата-энесибиз. Баары сонун, жүрөгүм тынч, балдарым бакыт берет, жубайым түшүнүктүү, жакындарым, досторум бар. Акыркы учурда спортко басым жасап, ошол жакта жүрөбүз.

– Спортко басым жасап жатсаңыз, чыгармачылыкты экинчи-үчүнчү планга жылдырган окшойсуз?

– Акыркы жолу мындан 3 жыл мурун “Связь” деген ыр чыгарган экенмин. Орус тилинде ырдап, КМШ алкагына чыгалы деген максаттар бар болчу. Бир күнү эле жолдо баратып аябай ойлондум. Студиядагы жашоо, ыр жаздыруу, клип тарттыруу... Баягылар эле. Бир бөлмөнүн ичинде эле айланып жүргөндөй сездим өзүмдү. Анан өзүмдү сыга баштадым, жүрөгүм өзгөрүүнү каалады.

Музыка жана футбол – менин кичинемден бери жан дүйнөм каалаган, кыялданып жүргөн нерселер. Ырчылыктан Кудайга шүгүр, азыркы учурга чейин ырдап-бийлеп жүрбөсөм да, ошол өтүп кеткен учурга ыраазычылык билдирем. “Non Stop” дуэти, “Жыргал LIFE” менен саякаттап жүрүп көп нерсени үйрөндүм. Кадр артындагы үн, видеону кантип тартат, жарык кантип коюлат, баарын билдик.

Анан футболго кеттим, медиа футбол деген нерсе Орусияда 6-7 жылдан бери бар. Казакстанда пайда болгонуна 3-4 жыл болуп калды окшойт. Кыргызстанда уюштурганыбызга 2 жыл болуп баратат. “Топтим” медиа футбол командасын уюштургам. Мурунку ырчылык жашоом, анан азыркы футболду сүйгөн жашоом экөө биригип медиа футбол болуп калды. Буюрса, жакшы ийгиликтерге жетишип жатабыз. Орусиянын “2DROTS”, “Амкал” деген чоң командалары бар. Аудиториясы күчтүү. “Топтим” менен аз эле убакыттын ичинде ошол командалар менен Казакстандагы белгилүү “Астана арена” стадионунда беттеш өткөрдүк. Жакында дагы Казакстанда оюн өткөрөбүз. Башында “Топтим” футбол клубун Эрмек Кененсаров, Каныбек Рысбаев, Жеңиш Майрамбек уулу болуп төртөөбүз негиздегенбиз. Учурда жалгыз негиздөөчү болуп саналам. Максаттарымдын бири – ушул тармакта артымдан жакшы, чоң нерсе калтыруу.  

– Ырчылык менен футболдун ортосунда тандоо туруп калса, кайсынысын тандайсыз?

– Азыр жан дүйнөм спортко тартып турат. Ырчылыктан тойлорго, иш-чараларга чакырышса деле менде жаңы ырлар жок. Хит ырың жок болсо, мурунку “Non Stop`тун” авторитети менен барып мени таанышат деп ырдай берген туура эмес. Ырдагандан өзүң да ырахат алышың керек. Эски ырларымды ырдап чыккым келбейт. Жаңы ырларым бар, тойлордо ырдайм, бирок элге чыгара элекмин.

Спорттун эмнеси жагат? Биринчиден, ден соолукка пайда. Буюрса, быйыл 32ге чыгат экенмин, бирок көптөр “жаш көрүнөсүң” дешет. Буга спорттун жардамы чоң. Аптасына 3 жолу машыгам. Бирок музыканы таштадым деп айтпайм. Балким, кийин жүрөгүм кайра музыкага бурулуп кетет. Азыр өзүмдү кыйнап “бар, ыр жаздыр” дебейм. Жүрөгүм каалаган нерсени жасап жүрөм.

– Социалдык желеде сизге карата “обу жоктонуп орусча сүйлөйт?” деген комментарий көп жазылат экен...

– Ооба, ошентишет. Негизи андай деле эмес. Албетте, кыргызбыз, үйдө, достор менен кыргызча эле сүйлөшөбүз. Тил билүү жакшы. Мисалы, англис тилин билсең дүйнө жүзүнүн жарымын багындырасың. Орус тилин билсең КМШ өлкөлөрүн багындырасың. Учурда досторум, катталуучуларым көбүнчө футбол тармагынан, казакстандык блогерлер менен жакшы таанышмын, чет өлкөдөн көп адамдар бар. Ошон үчүн эле. 

– Канча тил билесиз?

– Көп деле тил билбейм. “Non Stop” дуэти тарагандан кийин чет өлкөдө жашап көрөйүн дегем. Ошондо 3 айга Таиландга кетип, ал жакта гид болуп иштедим. Англис тилди билүүм жакшырды. Бир күнү бир киши менен англис тилинде сүйлөшө кеттик. Кадимкидей эле суроо берип, жооп алып эркин сүйлөшүп жатам. Өзүмө өзүм таң калдым. Англис тилин укмуш билем дебей эле коёюн, орточо билем. Анан албетте, кыргыз, орус тилдери.

– “Non Stop” дуэтиндеги Чолпон Талипбек экөөңүздөр бир жолу “бул топ түбөлүктүү болсо, башкалар бул топтун ишин улантса” деген экенсиздер. Ал максат ишке ашпай калдыбы?

– Ал биздин каалообуз болчу. Бирок кандай болорун Кудай билет, анан продюсерибиз чечет. Биз жөн эле аткаруучубуз да. Кыз-жигиттерди чогултуп, кастинг кылып аракет кылып көргөнбүз. Бирок ылайыктуу жигит таба албай койдук. Продюсер Алексей Сидоров устаттарыбыздын бири болуп калды, андан бир топ жакшы сапаттарды үйрөндүм. Кийин дагы “Non Stop” дуэти менен “Shake It” деген ыр чыгарып көрдүк. Мурдагыдай болбойт экен. 

Non Stop” дуэтинде жүрүп Чолпон экөөбүз бирге чоңойдук. Топ түзүлгөндө мен 17 жашта, Чолпон 19да болчу. Ал студент эле, дуэтте ырдап, интервью берип, баарына жетишет. Таң калчумун. Мен топко кошулганда окуумду таштап салгам. Студияларда уктап, көп убактымды ырчылыкка арнадым. Экөөбүз сүйлөшүп турабыз, Чолпон Түркиядан үй алып, ошол жакка жайгашты. Мага караганда жубайым Айсулуу экөө көбүрөөк сүйлөшүшөт.

– Дуэт ырдап, продюсер менен иштешип жүрдүңүз. Жеке ырчы болуу жакшы бекен же?..

– Эки жактын тең кыйынчылыктары бар. Албетте, сахнада 2 адам турганы жакшы, бири-бириңди толуктайсың. Мисалы, сүйлөп жатканда деле 2 адам болгон жакшы. Ырларда да жакшы, төмөн үн менен ырдап, аялдын бийик үнү менен ырдаганда гармония жаралат. Команда менен иштегенде натыйжа жакшы. Жеке болгондо жоопкерчилик жалгыз өзүңө түшөт, буга даяр болуш керек. Чоң нерсеге жетиш үчүн чоң максат коюп, команда менен барыш керек. Бир адам эрте эле чарчап калышы мүмкүн.

– Киного да тартылып калдыңыз. Актёр болуу жакпадыбы?  

– Ал кинону көрө албайм (күлүп). Кээ бир клиптеримди деле көрө албайм, өзүмдү өзүм көргөндө уялып кетемби же мага жакпайбы, билбейм. “Быйыл сөзсүз күйөөгө тием” тасмасынын эки бөлүгүндө тартылганбыз. Актёр болуу кыялым жок болчу. Эгерде болсо, азыр алдыңызда актёр катары отурмакмын.

– Жакшы. Ийгилик сизге!

 

Гулийпа Маметосмон кызы

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1101, 12-18-январь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан