5-январь күнү абактан каза тапкан коомдук ишмер Арстанбек Абдылдаевдин өлүмүн иликтөө үчүн Юстиция министрлиги комиссия түздү. Анын шектүү жагдайда каза болушу коомчулукта бир топ суроолорду жаратты. Абдылдаевдин балдары да атасынын “өз жанын кыйганына” ишенбей турганын айтышууда.
Аксана Арстанбекова, кызы: “Эч кимдин көңүлүн калтырчу эмес”
- Күтүүсүз жерден табышмактуу ажал атабызды алып кетти. Ар бир адамга өз ата-энеси ыйык. Кыргызда “атаң кудайың, энең умайың” деген сөз бар эмеспи. Асманыбыз урады, таянар тообуз кулады, өмүр бою атамды жоктойбуз эми. Атам бизди “чынчыл болгула, дүнүйөгө кызыкпагыла, элдин көңүлүн калтырбагыла, ар бир адам кудай жараткан пенде, адамдарга статусуна карабай мамиле кылгыла, кичи пейил болгула” деп үйрөтчү. Өзү да чынчыл, эмгекчил, бетке айткан, кайтпас, ар адамдын көңүлүнө карап сүйлөгөн киши эле. “Жаман адам болбойт, жан дүйнөсү жарды адам болот. Бирөө жаман сөз айтып жатса, демек, анын жашоосунда бир кыйынчылык учур болуп жатат. Бактысыз болуп жаткандыктан жаман сөз айтып жатат. Кошо урушпай, жакшы сөз айтып көңүлүн көтөрүп кой, мактап кой” дечү. Эч кимдин көңүлүн калтырчу эмес, көп адамга жардам берди, бирок анысын жарыялачу эмес.
“Эмнеден коркмок элем, чындыкты айткандан башка күнөөм жок деген”
- УКМКнын кызматкерлери үйгө келип суракка чакыруу таштап кетишкен. Атам “эмнеден коркмок элем. Чындыкты айткандан башка күнөөм жок. Тергешсин, туура эмес иш кылган болсом, элге чын эле зыяным тийген болсо, ага да жооп бериш керек” деген эле. Биз дагы ашып кетсе 2 саат сурак берип анан үйгө келет деп ойлогонбуз. 48 саатка камап коюшту, акыркы жолу ошондо көрүштүк. УКМКнын кызматкерлери атамды алып чыгып баратканда колун өпкөнгө жетиштим. Ошол 5 секунддук убакытта да “кызым, калпагымды алып койдуңарбы, калпагым кайда?” деди. Улуттук баалуулуктарыбызды бийик тутчу эле да.
Атама коюлган берене анча оор эмес кылмыш деп эсептелет, үй камагына чыгарылышы керек болчу. УКМК иш козгоп, бирок атамды УКМКнын тергөө абагына эмес, СИЗО-1ге жаткырышты. Анан белгисиз себептер менен №31 колонияга которушуптур.
“Ачык отурум болот, атаңарды көрө аласыңар” дегенинен сотко барганбыз. Бирок алып келишкен жок, ошондо колонияга которулганын билдик. Тергөө бүтө электе, соттун чечими чыга электе эмнеге ал жакка которушту? “Ден соолугуна байланыштуу” дешти. Жактоочулар Жаза аткаруу кызматына барып сураштырышса, “түнү бою уктай алган жок” дешиптир. СИЗОдо жатса адам кабатыр болот да, уктай албаганы нормалдуу эле көрүнүш.
“Өзүнө кол салбайт болчу”
- Жактоочулар аркылуу кабарлашып турдук. Атам “мен үчүн кабатыр болбогула, күнөөм жок. Ашып кетсе тергөө убактысын созор. Күнөлүү деп табылсам деле 100-200 миң сом айып салынат” деген. Атамдын башынан көп кыйынчылыктар өткөн. Уурдалып, башына мүшөк кийгизип 3 күн кармашкан. Үйгө уурулар кирип, бутуна ок тийген. Ушундай окуяларда сынбаган азыр сынбайт болчу, духу күчтүү эле. “Сыноолорго сынбагыла” дечү. Бул да биз үчүн сыноо, бирок өтө оор сыноо, көтөрө албачудай сыноо (ыйлап).
Билип-билбей ар ким ар нерсе дей берет экен. Атам диний кастыкты козутчу киши эмес эле, тескерисинче, “бул да Кудайдын жараткан пендеси” деп бардык адамдарга бирдей мамиле кылчу.
15-декабрда камалган, 5-январга чейин кандай күндөр башынан өттү, аны Кудай жана атам өзү гана билет. Өзүнө кол салбайт болчу. Кайтар дүйнө, Кудайга койдук. Кыргыздын улуулугун даңазалап жүрүп өттү.
“Ден соолугуна жакшы кам көрчү”
- Көп пландары бар эле. Балдары эми чоңоюп, эки уулу үйлөнөм деп турган кезде каза болуп отурат. “Көп жыл жашайм” дечү. Ден соолугуна жакшы кам көрчү, күндө эртең менен үйдүн жанындагы сейил бакта чуркачу. Кечинде велосипед тепчү. Бизге да “дени сак жашоо образын түзгүлө, туура тамактангыла” дейт эле. Мен билгенден врачтардан тиш доктурга гана кайрылган. Мурда-кийин ооруп жүргөн болсо да бир жөн эле.
Атамдын “Мен Кудаймын” деген сөзү да тарап, талкуу жаратты. Видеону толук көрбөй эле ошол сөзүнө асылгандар көп. "Кудай кечиримдүү, боорукер, мээримдүү, ырайымдуу, сабырдуу, көтөрүмдүү, калыс, баарына бирдей караган зат. Ошондой эле ар бир инсан ошол сапаттарга ээ болушу шарт, улутуна, жынысына, көз карашына карабастан, барына текши, бирдей мамиле кылуу зарыл. Ар бир пендени Кудай жараткан. Ошондой эле ар бир адам өз тагдырынын, жашоосунун жаратуучусу” деген мааниде айткан ал сөздү. Бул сөздүн терең философиясын түшүнгөн киши түшүнөт.
“Апама жасаган мамилеси жаштарга үлгү болорлук эле”
- Апам экөөнүн баш кошконуна 33 жыл болду. 2 уул, 2 кызды тарбиялап өстүрүштү. Аябай камкор ата болду. Кичинемде мени унаасына салып алып бүтпөс суроолорума тажабай жооп берип, баарын түшүндүрүп бергени азыр да эсимде. Жеке эле бизге эмес, жетимдерге да камкордук кылды. Апама кылган мамилеси жаштарга үлгү боло тургандай эле. Эртең менен жумушка кеткенден көп өтпөй апама “меникиндей акылдуу, которумдуу аял эч кимде жок” деген сыяктуу жакшы сөздөрүн жазып жөнөтчү. Мен “силер да жубайыңарга мындай СМС жазбайсыңар, карагылачы, атам апама кандай билдирүү жазып жатат” деп күйөө балдарга айтып күлүп калчумун. Апама да, бизге да бир да жаман сөз айткан жок. Ар бир бала ата-энесин жакшы көрөт, бирок мен атамды өзгөчө жакшы көрөм.
Бир жолу өзүм байкабай кабагымды бүркөп алыптырмын. Мени Ачкоу, апамды Сачкоу, сиңдимди Пачкоу деп эркелетчү. Ошондо “кызым, Ачком, сары кызым менин. Дамира эжени карасаң, качан барсаң жаркылдап жүрөт. Кандай жагымдуу, ээ?” деп айтты Дамира деген эжени мисал кылып. Ошол сөзү мага жетиштүү болду. Ушинтип акырын гана айтып койчу. Бир жолу атам жумуштан үйгө келип, унаасында отуруп алып телефондон бирөө менен урушуп жатканын терезеден көрдүм. Атамдын эмоцияга алдырганын ошондо биринчи жолу көрдүм. Ошондо да үйгө жаркылдап кирип келип, “үй эмне жаркырап турат десе, лампочка кызым үйдө турбайбы” деп чекемден өптү. Сырттагы көйгөйдү үйгө алып кирчү эмес.
Ауирдин Арстанбеков, уулу: “Акыйкаттыкты талап кылабыз”
- Биз үчүн абдан оор. Биринчиден, кыргыз элине кайрылам, атамды жайына койгулачы, артынан жаман сүйлөбөгүлөчү. Атамдай адамдар кылымда бир төрөлөт. Кыргыз деп күйүп жүрүп өтүп кетти. “Жүрүңүз, чет өлкөгө барып эс алып келели” десек, “Кыргызстан турганда, ушундай кооз жерибиз, жаратылышыбыз турганда эмнеге башка өлкөдө эс алышыбыз керек?” деп макул болчу эмес. Эл атамды түшүнгөн жок. Башка өлкөдө төрөлсө, балким, баары башкача болмок. Атамдын өзүнө кол салганына такыр ишенбейм. Атам өмүрдө көптү көргөн киши. Сүйлөгөн сөзү, башкаларга кылган мамилеси бийик, өзгөчө адам эле. Биз акыйкаттыкты талап кылабыз. Албетте, атамды эч ким кайтарып бере албайт. Бирок атамдын арбагы тынч жатышы үчүн акыйкаттык керек. Атамдын ишин, аткарылбаган пландарын биз уланта беребиз.
Перизат Музуратбекова