Аман Байсеитов, блогер: “Адина мени кызганып, кыз-жигит болууну сунуштаган”

Тиктокту активдүү колдонгондор бул жупту жакшы таанышат. Аман Байсеитов менен Адина Какешова кыз-жигит, чогуу иштеп, чогуу саякаттап, айтор, дайым чогуу жүрүшөт. Бизге маек берүүгө да ээрчишип алып чогуу келишти. Окурмандарда кызыгуу жараткан түгөйлөрдү тааныштыралы. 

– Кандайсыздар, Аман, Адина? Маекти таанышуу менен баштасак.

Аман: – Жакшы, рахмат. Мен 2003-жылкы болом. Түпкү тегим Талас, Бишкекте өскөм. №68 мектепте окугам. Учурда КУУнун юридика факультетинде окуйм.

Адина: – Мен дагы 2003-жылкы болом, КУУда окуйм. Экөөбүз курсташпыз. Менин ата-тегим Жалал-Абаддан, өзүм Бишкекте өскөм.

– Блогер болгон кандай экен?

Аман: – Сонун. Блогер болгондон кийин мүмкүнчүлүктөрүм көбөйдү, тааныштар артты. Кичине кезимде азыркы кесиптештеримдин видеолорун көрүп, “мен да ушундай видеолорду тартсам” дечүмүн. Карантин учурунда кыларга иш жок жатып калбадыкпы. Ошондо досторумдун сүрөттөрүн ар кандай кылып жасап, соцжелеге чыгара баштадым. Баары күлүштү, жакшы эмоция тартуулай алдым, бул иш мага жакты. Анан достор менен пранк тарта баштадык. Башында айрым досторум мени шылдыңдашкан. “Олуттуу эмес турбайсыңбы, сени менен достошкон уят” дешкенде депрессияга түшүп, Тиктокту өчүрүп салгам. Кийин башка чөйрөгө кошулдум. Көптөр “акча үчүн тартышат” деп ойлошот. Бирок мен акча үчүн эмес, өзүм кызыккандыктан тартам.

– Жаңы кадам таштап жатканда эмнени көздөгөнсүз?

Аман: – Мага ата-энемдин “азыр 21-кылым, интернеттин заманы. Балам, сени баланча жолду танда деп кыйнабайбыз, бирок биздин кеңешибиз – интернет тармагын танда” деген сөзү таасир берген. Өзүм дагы кызыкчумун. Кызыгуу менен кылган ишим акча алып келе баштаганда бул ишти 10 эсе жакшы аткара баштадым. Максатка жетиш үчүн энергиямды такыр аябайм. Мисалы, бүгүн түнкү саат 12де видео монтаждаганы отургам, таң аткыча монтаж жасадым. Акча үчүн иштесем энергиям түгөнүп, иштегим келбей калмак. Башкалардан айырмам – ишимди сүйүп жасаганым.

– Адина, сизге блогерликте жакканы эмне?

Адина: – Блогерликте эң жакканы – адамдарга бактылуулук тартуулай алганыбыз. Балдар, өспүрүмдөр жаныбызга келип сүрөткө түшкөндө кубанышат. Жөн гана сүйлөшүп, сүрөткө түшкөнүбүз менен аларды бактылуу кыла алабыз. Ушул сонун.

– Адина башында видеого тартылганды жаман көрчү экен...

Аман: – Башында “тартылбайм, каалаган кыз менен тарта бер” деген. Бирок кызганды. Анан бир күнү “мени менен эле тартыл” деди. Ошентип чогуу тарта баштадык. Азыр өзү “бас, таратбыз” деп турат.

Адина: – Мага башында кыйын эле болду. Бул чөйрө түшүнүксүз болчу да. Аракет кылып, бара-бара көнүп кеттим.

– Экөөңүздөрдүн кантип табышып калганыңарды билсек.

Адина: – Университеттен таанышканбыз. Мен бир дүкөндө СММ адиси болуп иштеп калдым. Анын Тикток баракчасын иштетүүгө адам керек болуп, Аманга сунуштагам. Ага чейин Аманды Тиктоктон көрүп калгам. Көп убактыбыз чогуу өтө баштады. Ошентип жүрүп эле мамилебиз жакын болуп кетти.

Аман: – Кызыгы, Адина “сүйлөшүп алалы” деп өзү сунуш киргизген.

Адина: – Ооба, ал кезде Аман башка бир кыз менен видео тартчу. Экөөнүн видеолорун көрүп кызганып кеттим. Анан “мени сүйөсүңбү?” деп жаздым. “Өзүң билесиң го” деп койду. Анан “ооба, сүйөм” деди. “Анда болду, мындан ары кыз-жигитпиз” дедим.

Аман: – Мага сунуш киргизгенде эмне кыларымды, кандай жооп береримди билбей калдым. Адашып жазып алган жокпу деген да ой келди. Анткени ал кезде өзүмө ишенбеген бала болчумун. Келбетим, сүйлөгөнүм, жүрүм-турумум такыр Адинага туура келбейт деп ойлочумун. Өзүмдү бир карап, Адинанын жазганын бир карап коём. Анан “ушул кыз менен сүйлөшө турган болсом, анда мындан көп акча табышым керек” дедим. Экөөбүз сүйлөшүп баштагандан кийин ийгиликтерге жеттим десем болот. Анткени бул “тигини жегим келип жатат, бул жакка баргым келип жатат” дейт да. Катуу иштей баштадым.

– Былтыр Германияга барып иштеп келип, Адинага унаа алдыңар...

Аман: – Ооба, мурунку жылы иштеп акча табайын деп баргам. Былтыр иштеп, саякаттайлы деп Адина экөөбүз чогуу бардык. Адина унааны өзү тапкан акчага алды.

Адина: – Амандын акчасын “үй алууга” деп чогултуп жаткан акчага кошуп койдук.

– Демек, той жакында окшойт?

Аман: – Буюрса, жазында байкем үйлөнөт. Андан кийин ойлонобуз. Ата-энемдин, өзүмдүн абалыма, чөнтөгүбүзгө карап чечебиз. 1-2 жылдын ичинде үйлөнөбүз.

– Тикток жабылат деген кабарды кандай кабыл алдыңар эле?

Аман: – Тиктоктун алгоритмдерин жакшы билем. Бул – жасалма интеллект. Көрүүчү эмнеге кызыкса, ошол багыттагы видеолорду берет. Эгер жаштарга терс таасирин тийгизип жатса, атайын “ата-эненин көзөмөлү” деген функциясы бар. Ошону басып койсо эле жаман видеолор чыкпай калат. Жаман видеолорду жок кылгыбыз келсе, аларды көрбөй коюш керек.

– Силердин видеолорду кайсы өлкөлөрдөн көп көрүшөт?

Аман: – 70 пайыз КМШ өлкөлөрү, 30 пайызы Европадан көрүшөт. Индия, Бразилия дагы бар. Кыргызстанга гана байланбай, КМШга таанылгым келет.

– Комментарийлер боюнча сүйлөшөлү...

Аман: – Мен сигматизм деген оорудан жабыркайм. Сүйлөгөндө тамгаларды туура эмес айтып алам, ошондон улам “насвай чегип алып сүйлөйсүң” деп жазышат. Бул боюнча кемсинтүүлөр 1-классымда эле башталган. Ушул көйгөй менен азыркыга чейин күрөшүп келем. Башында “сен сүйлөбөй эле койчу, адамды уят кыласың го” деп жазышса аябай жаман болчумун. Азыр көңүл бурбаганга аракет кылам, бирок кээде баары бир катуу тиет.

Адина: – Мага көп деле жаман комментарий жазылбайт. Бир видеодо толук көрүнүп калыптырмын, ошондо баары “толуп кетиптирсиң” деп жазышкан. Аябай жаман болгом. Өзүмдүн баракчама 100 миң катталуучу топтогондо Аман гүл берип куттуктаган. Ошол учурду тартып жатканда Аман бетимден өбөйүн десе түртүп салыптырмын. Ошондо баары “Адина жаман, аны ташта, ал сени менен популярдуулук, акча үчүн гана жүрөт” деп башташты. Айтор, айрымдар билип-билбей эле жаза беришет. Хейт боло берет экен.

– Жарнамалардан кол бошобой калган учур болобу?

Аман: – Жок, анчалык эмес. Бирок бизнесмендерге бир нерсени айткым келет, блогерлердин аккаунтунан жарнама берүү туура эмес. Анткени көбүнчө блогерлерди жаш балдар көрүшөт. Алар бизге эмоция үчүн катталышкан. Эмоция тартуулап жүргөн адам бир күнү “унаа сатылат” деп чыгарса, эмне болгон буга дейсиң да. Андай жарнаманы унаа боюнча контент жасагандарга чыгартуу эффективдүү болот.

Перизат Музуратбекова

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1101, 12-18-январь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан