Жоголгон жылдар... (Барксыз өмүр, талкаланган тагдырлар, жаңылыш кадамдар баяндалган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

 Айзада баягы таксиде иштеп, акчадан көзү катып жүргөн Аманды өз ишине тартууну көздөдү. Башынан ишке аралаштырып көндүрөйүн деп кечке маал жигитти “жумуш боюнча” деп үйүнө жакын жердеги кофеканага жолугушууга чакырды. Бул аялдан акчанын даамын татып калган Аман аны көп күттүргөн жок. Айтылган дарекке бат эле жетип келди. Кофеканага кирип келген жигитке тээ четки орундукта отурган аял “мен мындамын” дегендей ишарат кылып акырын колун көтөрүп койду.

– Саламатсызбы, ден соолугуңуз жакшыбы?- жигит бир аз тартына орундукка отурду.

– Жакшы, кел, отур, Аман. Өзүң жакшы жүрөсүңбү? Иштер кандай болуп жатат? 

– Буюрса, жакшы.

– Тамак буюртма бер.

– Жок, эже, тамактанууга көп убакыт кетет. Мен иштешим керек.

– Аман, өзүңдү иштемин деп элестете бер. Эч кабатыр болбо. Ар бир мүнөтүңө акча төлөйүн, шашпай бейкапар отурчу,- Айзада күлүп калды. Сулуулугу ого бетер жүзүнө чыга түштү.

– Баары эле сиздей болсо... Ушинтип жолугушууда эле жүрө бербейт белем жыргап.

– Жолугушууларга барып, акча таба турган деңгээлге деле жетсе болот. Анын үстүндө сенде өң-келбет бар,- деп жигиттин кең далыларына суктана бир тиктеп койду аял.

– Анда мүнөттөрдү эсептеп баштайын, акча санала берсин,- деп күлүп калды жигит.

– Ооба. Убактыңды дүңүнөн эле, биротоло эртеңкиге чейин анда.

Экөөнүн тамашасы уланып кетти.

– Билем, сен да тиричилик кылайын деп жанталашып жүрөсүң. Мен сага жардам берем. Макул десең, чогуу бизнес жасайлы... Менде бир бизнес долбоор бар.

– Сиз мага ишенген, жакшы таанышыңыздай эле айтып жатасыз го.

– Анткени жүрөгүм сезет. Жашоодо көп адамдар менен тааныштым, бирок аларга сенчелик ишене алган эмесмин. Дайыма этияттап, коруна берчүмүн. Балким, биз эми жакын болуп кетербиз. Турмушта жакын болуш үчүн сөзсүз эле бир ата, бир энеден туулуш керек эмес.

– Аныңыз туура.

– Ата-энем каза болгондон кийин туугандардан такыр алыстап кеттим. Ата-энем барда үйгө тынбай келип турчу туугандар деле келбей калышты. Ар бир мезгилдин өзүнүн эсеп-чоту, кызыкчылыгы болот тура. Ошол кызыкчылык үчүн эле бири-бирине байланып турушат.

– Ошондо бизди да бир кызыкчылык байлап жатабы?- деди жигит.

– Таанышуулар, кездешүүлөр, жашообузда орун алган окуялар баары жөн жерден эмес. Балким, бизди да Кудай жөн жерден жолуктурган жок. Сен мага керексиң, же мен сага керекмин, айтор, биздин таанышуубуз да бекеринен эмес.

Аманга “сойкукана иштетем, биз эми ошону кеңейтели” деп айтууга эрте экенин аял байкады да, кептин нугун башкага бурууну туура көрдү.

– Шашпай отуруп тамактана бер. Биз бүгүн экөөбүздүн экинчи жолу жолукканыбызды белгилейли. Жашоодо өзү ушундай майда нерселерге кубана билиш керек экен. Бакыт ушундай майда нерселерден куралат турбайбы.

– Туура айтасыз. Бирок тапкан акчаңды эч нерсеге жеткире албай жатсаң антип кубана да албайт экенсиң.

– Кубанганды үйрөнсөң, бар нерсеңе ыраазы болсоң, Кудай берерин унутпайт.

Экөө көпкө сүйлөшүп отуруп, алдындагы тамактарын да ичип болушту.

– Ичимдик ичесиңби?- деди Айзада.

– Маал-маалда ичип калам. Бирок иш деп жүрүп ага каалоо деле жок,- деди кайчылашып турган манжаларын ого бетер бекем кысып. 

– Бүгүн анда ичимдик үчүн өзүбүзгө уруксат берсек кантет?- Айзада Аманга жылмая карады.

– Сиз суранып жатсаңыз кантип жок дейт элем? Анын үстүнө сиз менин убактымды эртеңкиге чейин сатып алып жатпайсызбы. Бүгүн сиздин эркиңиздемин...- Аман күлүп калды.

– Анда тияк-бияк дебей менин үйүмө эле баралы. Үйдө бизге мышыктан башка эч ким тоскоолдук жаратпайт. Экөө ээрчише басып сыртка чыгышты.

– Унааңды биздин үйдүн короосуна киргизип кой, коопсуз деди. Кофеканага жакын эле жерде болгондуктан 5 мүнөткө жетпей үйгө кирип барышты.

Лифт менен 7-кабатка көтөрүлүштү, 4 бөлмөлүү элиталык батир болчу. Жигит үйдүн жасалгасын суктана карап кире бериште туруп калды.

– Аман, өзүңдү өз үйүңдөгүдөй эркин сезе бер. Мен столду даярдап жиберейин, сен телевизор көрө турсаң болот. Кааласаң душка түшүп ал, иште жүрүп чарчагандырсың,- деп бир аздан кийин жанына сүлгү менен ванна халатын коюп кетти.

Аман душтан чыкканча Айзада столдун үстүн жайнатып коюптур. Аны көрүп “жубайым үйдө тамак жасап, мени жумуштан барганда жылмайып тосуп алса” деген өзүнүн бир кездеги кыялын эстеди. Ал кыялдын баары бир кызга байланган эле. Аман ичинен кимгедир бир аз жини келип турду. Айзада оңой адам эмес, көп жылдан бери ар кандай адамдар менен баарлашып жүрүп психолог да болуп калган. Амандын көзүндөгү тымызын ызаны да дароо байкады. Бирок ал боюнча үн каткан жок. Ага шерик болуп алдында турган рюмканы так көтөрдү. Аман бат эле кызып калды. Айзададан мурдагыдай уялбай калды. Экөөнүн тамашалары да көбөйдү.

– Аман, сүйлөшкөн кызың барбы?- деди Айзада бир маалда.

– Жок. Менин сүйүүдөн көңүлүм калган,- оор үшкүрүндү жигит.

– Эмне болду эле?

– Бир кызды катуу сүйгөм. Экөөбүз бактылуу болобуз деп кыялданчумун. Бирок ал байлыкка кызыгып, бир карыган чалды ээрчип кеткен.

– Карыган чалды дейсиңби?

– Ооба, ошонун кымбат баалуу унааларында жүрүү, кымбат кийинүү ага бакыт сезилди окшойт. Ал кишини баары эле тааныйт,- деп телефонунан анын сүрөтүн көрсөттү.

– Жакыпов?- Айзаданын көзү чакчая түштү.

– Ооба, ошол.

– Акмак. Жаш кыздар менен ойногонду дале токтото элек турбайбы.

– Мына, ушундай абал. Мен ошол кыздын көзүнө көрүнүш үчүн байышым керек.

– Жанында сендей жигит турса кантип сени ошол карыган чалга алмаштырды? Анын ордунда мен болсом эч качан андай жолду тандамак эмесмин. Сен дагы байыйсың, буюрса,- Айзада Аманга акырын тузак ыргытты. Бир чети Амандын өзүнө болгон ишеничин көтөрүп койгусу келди.

– Кеп мүнөз же өң-келбетте деле эмес экен. Кептин баары капчыктын калың же жукалыгында экен көрсө...

– Жок, Аман, мен үчүн андай деле эмес.

– Анткени байлык сиздин өзүңүздө бар да,- деди Аман.

– Негизи, байлык бакыт болуп бербейт экен. Эсепсиз акчаң колуңда туруп, бирок өзүңдү бактысыз сезгениң жаман.

Экөө дагы бир рюмкадан коньяк ичишти. Коньяк менен аракты аралаштырып ичип жатып Аман мас болуп калды. Ал Айзада отурган жумшак отургучка жылып, жанына жакын отурду. Аны кучактап, тийише баштады. Айзада да Аманды үйгө чакырганда эле келбеттүү жаш жигит менен бир түн өткөрүүнү ойлонуп койгон. Душка түшүүнү сунуштаганы да бекер эмес болчу. Бирок алгачкы аракеттин Амандан болушун күткөн. Ошентсе дагы назданып бир аз каршылык көрсөттү. Эркек табиятынан аңчы келет эмеспи, мас болсо дагы Аман бүт баарын баамдап жатты. Айзада каршылык кылганы менен, Аман анысын тоготкон деле жок. Айзаданын белинен кармай өзүн көздөй имере тартты. Оттой ысык эриндер бири-бирине чапталды. Айзада жаш жигиттин кучагынан бошонгусу келген жок. Экөө бат эле уктоочу бөлмөдөгү керебетке жетишти. Айзада Амандын үстүндөгү халаттын курун чече салды. Эриндер гана эмес, эми денелер да чапташты...

 

(Уландысы кийинки санда)

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1101, 12-18-январь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан