Мунарбек Сейитбек уулу, мушкер: “Атаандашты жеңип, бирок жеңилди деп аталып калган учур абдан оор”

Эгемен Кыргызстандын тарыхындагы бокс боюнча Дүйнө чемпиондугундагы биринчи медалдын ээси Мунарбек Сейитбек уулу менен маектештик. Ал 2023-жылы Ташкентте өткөн Дүйнө биринчилигинде коло байгеге ээ болгон. “Париж Олимпиадасына барып кыргыз элинин намысын коргоп келүү – эң негизги максаттарымдын бири”,- дейт мушкер.

Каарман тууралуу

Туулган жылы – 1996-жыл, 1-январь

Туулган жери – Ош шаары

Бою –178 сантиметр

Салмагы – 57 килограмм

Билими – Ош мамлекеттик университетинин дене тарбия жана педагогика факультетин бүтүргөн

Жетишкендиктери – Кыргызстандын 5 жолку чемпиону, Дүйнө чемпиондугунун коло байгесинин ээси, Азия чемпиондугунда, Студенттер аралык Дүйнө чемпиондугунда 3-орунду ээлеген. 

Үй-бүлөлүк абалы – бойдок

– Кандайсыз Мунарбек мырза? Жыл башында маектешип жатабыз. 2023-жыл сиз үчүн кандай жыл болду?

– Жакшы. 2023-жыл биз үчүн абдан жакшы жыл болду. Жараткан мүмкүнчүлүк берип Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунда коло медалга ээ болдум.

– Алдыда Олимпиада оюндары турат, даярдыгыңыз кандай?

– Спорт үчүн абдан олуттуу жыл башталды десек болот. Быйыл 2024-жылы Париж Олимпиадасы болот. Февраль айында Италияда Олимпиадага жолдомо берүүчү турнир өтөт. Азыркы тапта ошол беттештерге кызуу даярданып жатабыз. Кудай буюрса, ошол жактан жолдомо утсак, Париж Олимпиадасына барабыз. Париж Олимпиадасына барып кыргыз элинин намысын коргоп келүү – эң негизги максаттарымдын бири. 

– Жолдомо алуу ыктымалдуулугу канчалык, мүмкүнчүлүк барбы?

– Кудайга шүгүр, даярдыгыбыз абдан жакшы болуп жатат. Жолдомо алууга мүмкүнчүлүк бар. Биздин ар бир салмак чениндеги балдарыбыз мыкты мушкерлер.

– Өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз, спортко кантип, качан келип калдыңыз? Боксту тандоого эмне себеп болду?

– Жердигим боюнча Ош облусунун Өзгөн районунун Тоо-Дыйкан деген айылынан болом, бирок Ош шаарында төрөлүп-өскөм. Спортко 2004-жылдан баштап аралаштым. Спортко келип калышыма бир кошуна байке себепкер. Ал машыгуу залына барар эле. Бир күнү кетип бара жатканда “сиз менен барып көрсөм болобу?” деп сурасам, “болот, жүрү” деп мени ээрчитип алган. Ал күнү залдагы машыгууларды карап отурдум. Бүткөндөн кийин ал жактагы балдар менен мени мушташтырып жиберген. Ал мушташта мен жеңилип, таяк жеп калгам. Ошондон кийин “мен ушул балдардан ашпасам болбойт” деп машыгуу залына бара баштагам. Ошентип спорттук карьерам башталып кетти. Машыгып, турнирлерге катышып, ийгиликтерди жарата баштадым.  2016-жылы бокс боюнча улуттук кураманын мүчөсү болдум. 

– Жакшы. Сизди азыркы деңгээлге жеткирген устаттар тууралуу сөз кылалы. Спорттогу ийгиликтериңизге кимдердин салымы чоң?

– Менин ушул деңгээлге жетишиме салымы чоң инсандардын бири – менин жеке машыктыруучум Беганас Султанбаев. Ошондой эле Ош шаары боюнча башкы машыктыруучу Турдаалы Оморов, улуттук курамдын башкы машыктыруучусу Данияр Төлөгөн уулу, улук машыктыруучу Акыйкат Абаев, Улан Сагынбаев деген агайларымдын эмгегинин аркасында ушул деңгээлге жеттим. Учурдан пайдаланып ушул агайларыма терең ыраазычылык билдирем. 

– Спортчу ийгилик жаратуу үчүн негизги убактысын спортко арнашы керек эмеспи. Каржылык муктаждыкты кантип чечесиз? Спорт департаментинен жетерлик каражат бөлүнөбү?

– Туура, спортчу башка нерсе менен алек боло турган болсо, спортко убактысын толук арнай албай калат. Спортко өзүңдү толук арнабасаң чоң ийгиликтерге жетиш кыйын болот. Ушул жаатта мен жакындарыма ыраазымын. Алар мени жумуш кыл, иште деп спорттон алыстаткан эмес. Баары спортко кызыгышат, менин ар бир мелдешимди калтырбай көрүшөт. Каражат жагынан дагы колдон келген жардамын берип келишет. Андан тышкары агалар колдоо көрсөтүп турушат. Спорт департаменти каражат бөлөт, бирок айрым учурлар болот, 13 мушкер мелдешке бара турган болсо, 10 же 8 мушкердин барып келүүсүнө каражат бөлүп берет. Калганы өздөрү таап барышат.

– Ийгилик кыйынчылыксыз болбойт эмеспи. Сиздин ийгиликтердин артында кандай кыйын күндөр калды?

– Жакшы суроо болду. Учурда Ошто жашайм. Ар бир мелдешке, ар бир машыгуу жыйындарына Бишкекке келип-кетем. Спортто кыйын учурлар көп эле болот. Кээ бир мелдештерде атаандашыңды утасың, бирок жеңиш атаандашыңа ыйгарылып калат. Мындай учурду өткөрүш кыйын. Ар бир мелдеш алдында салмак таштамай бар. Салмагыңды кармап туруш үчүн ачка жүргөн учурлар болот. Тынбай режим менен машыгуу керек. Кээ бир учурларда кадимкидей ыйлагың келет. Мындай учурда Жаратканга шүгүрчүлүк айтып, тиштенип машыгууну улантам. Машыктыруучулар айткан көнүгүүлөрдү окшошпосо дагы аткарып жатып, колдон келишинче окшоштуруп, айтор, баарына сабырдуулук менен карасаң, ушундай эмгектердин аркасынан анан ийгиликтер келет экен. 

– Кыргызстандын чемпиондугунда сиздин салмак категорияңызда атаандаштык кандай?

– Ички чемпиондукта менин салмак категориямда атаандаштык абдан жогору. Мыкты мушкерлер көп. Санжар Сейдакматов, Ислам Төрөбаев, Тургунбек Иманкадыров баш болгон мушкерлер бар.

– Спортчу катары кандай жеке эрежелерди карманасыз?

– Эрте уктап, эрте турууга, машыгууларга өз убагында барууга аракет кылам. Ар бир машыгууну жакшы өткөрсөм, кийин ийгиликтин келиши жеңил болот деп машыгууга жакшы көңүл бурам.

– Олимпиада оюндарына жолдомо алышыңызга тилектешпиз. Бар болуңуз!

Динара Акимова 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1101, 12-18-январь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан