“Токмок жеп жашагыча ажырашайын дедим”
– Аты-жөнүм Гүлазим Алимбекова, 43 жаштамын. Кичи мекеним Аксынын Торук айылы. 3 балам бар. Учурда Бишкек шаарына караштуу Тынчтык конушунда батирде жашайм. Окурмандарга кайрылып жардам суроомдун себептери көп: үйүм жок, 3 баламдын экөөсү оорулуу, бирин дарылатып, биринин жүрөгүнө операция жасатышым керек. Тамак-ашыбыз, кийим-кечебиз жетишсиз. Өзүм да оорукчанмын. Түшүнүктүү болушу үчүн баарын башынан айтып берейин.
Биринчи жолдошум менен 1 кыздуу болгондон кийин ажырашып кеткем. Кызымды чоңойсо каралашып, жардам берет деген ниетте апама таштагам. Кийин ысык-көлдүк бирөөгө турмушка чыктым, анын үйү жок болгондуктан батирлеп жашап жүрдүк. Жетишпеген жашоонун айынан бара-бара үйдө уруш көп болуп, мага кол көтөрө баштады. Балдар үчүн чыдап жашап жүрдүм. Бирок андай адаты көбөйүп кетти. Бир нерсе десем “3 балаңды алып кайда кетсең да кетчи, жоголчу” деп ызырынат.
Токмок жеп, балдардын да жүрөгүн түшүрүп, коркуп жашагыча өз алдымча жашайын деп чечтим. Ажырашканыбызга 2 жыл болду.
“Кызым энурез дартынан жабыркайт”
– Шарты жок сыз, суук батирде жашап жүрө берип кызым да, мен да оорукчан болуп калдык. Кызым 13 жашта, энурез (ред.: заарасын кармай албоо) дартынан 2 жашынан бери азап чегет. Бул оору менен ооругандар такма жалаяк кийип калышат. Бирок аны сатып алганга акчам жок, алдына клеёнка-шейшеп салып жаткызып коём. Мектепте заара жыттанбасын деп күндө эртең менен жуунтуп, атыр сээп жөнөтүүгө аргасызмын. Ооруп жатат деп бөйрөк тушун көп көрсөтөт, көзүнүн алды шишип турат. Врачтарга текшертсем “бөйрөктөрү жакшы эле” деп, невропатологго жиберишкен. Алар “заараны кармоо жаатына жооп берген нейрондордо мандем бар” дешкен. Өзүңөр жактагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна барып көрүнгүлө деп койгон. Ал жактагы невропатолог, педиатрга алпарсам эптеп кабыл алып, кагып-силкип, бат эле чыгарып жиберет. Бир жолу педиатр “кызыңарды психбольницага жаткыруу керек” деп да айткан. Аны укканда кызым шок болуп, “мен жинди эмесмин” деп ыйлап, экөөбүз тең катуу стресс болгонбуз. Кызымдын акыл-эси жайында.
“Жүрөк кемтиги менен туулган балама операция керек”
– 9, 8 жаштагы уулдарым тамга тааныганы менен, шар окуй алышпайт. Врач “жетиштүү тамак жебегендиктен иммуниттери, ойлоо, эске тутуу жөндөмдөрү төмөн. Витаминдер жетишпейт” деген. Айла жок, аларды колдон келишинче жакшы багайын деп эле жатам, бирок жашоом ушундай болуп жатпайбы (ыйлап).
8 жаштагы уулум тубаса жүрөк кемтиги менен туулган. Көп ооруйт. Оорусу кармаганда сүйлөй, кыймылдай албай демигип, өзүн жоготуп коёт. Операция жасатып, дарылатпасам андан айрылып каламбы деп корком. Ага негизи 7 жыл мурун эле операция жасатыш керек болчу экен, кеч болуп баратат. Балдарымдын атасы 2 жыл ичинде бир да жолу кабар албады. Таш боор адам экен.
“Иштейин десем оорукчан балам каралбай калат”
– Өзүм өтүмдү алдыргам. Боорум, муундарым, уйку безим да ооруйт. Балдарды багайын деп алымдын жетишинче иштеп жүрөм. Биз жашаган жакта таштанды полигону бар. Ошол жерде иштегендер темир-тезектерди терип топтоп коюшат. Аптасына бир жолу барып, алардан сатып алып, кайра металл алчуларга өткөрөм. Кээде саткан темирлерим өзүнүн баасын актабай калат. Эң көп таптык дегенде 700-800 сом болот. Ушинтип акча топтоп 7000 сом батирдин акысын төлөйбүз, анан өп-чап кылып азык-түлүк, дары-дармек алабыз. Этти 1 айда бир жесек жейбиз, болбосо жок. Көбүнчө каткан нандарды кошуп картошка кууруп жейбиз.
Азыркы жашаган жерибизде да эч кандай шарт жок. Полу цемент, эшик, терезелеринен шамал кирет. Шыбы кулайын деп турат, меши түтөйт. Үңкүрдөй эле. Айла жок, эптеп баш калкалап жатабыз. Отун, көмүр калбай калганда кээде эски ботинкелерди алып келип жагам. Бир жерге туруктуу иштейин десем кичүү баламды карашым керек. Анын оорусу качан кармап каларын билбейм да.
“Бир туугандарым, улуу кызым менин жашоомдон уялышат”
– Ата-энемдин, эң кичүү инимдин көзү өтүп кеткен. Учурда эжем, байкем, сиңдим, мурунку биринчи жолдошумдан кызым бар. Алар менин жашоомдон уялышат, катташпайт. Жашоодон кыйналганда айылга 2-3 жолу барсам, туугандарым батырган жок. Боорукер адамдар тамак-аш, кийим-кечектен каралашып калышат. Кийимдердин ылайыгын балдарга кийгизип, калганын Бишкектеги жайма базарга алып чыгып сатам.
Кагылайын элим, кайдыгер карабай жардам берүүңүздөрдү суранам. Кызымды, өзүмдү дарылатып, кичүү баламдын жүрөгүнө операция жасаттырсам дейм. Өзүм дарыланбай жүрө берип өлүп калсам 3 баламдын көрөр күнү не болот деп сарсанаа болом.
Жардам берүү үчүн реквизиттер:
Мбанк: 0501 800301
Айыл банк:
9417 3794 4918 7604
Канымжан Усупбекова