Съездбек Искеналиев, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «Той ырчысы дегенге арданбайм, сүйүнөм»

Бул ырчынын “Мына минтип” деген ыры интернет желесинде азыркыга чейин популярдуулугун жоготпой келет. Угуучунун жүрөгүнө жакын чыгарма жараткан экен. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, белгилүү ырчы Съездбек Искеналиев менен шаңдуу маегибизди сунуштайбыз. 

– Съездбек мырза, куш келипсиз кеңсебизге! Жаңы жылды кандай тостуңуз?

– Рахмат. Жаңы жыл үй-бүлөлүк майрам биз үчүн. Каалайсыңбы, каалабайсыңбы, жыл тогошот. 12 айда бир жыйынтык чыгарасың. Менин оюмча, бул жакшы нерсе. Анын үстүнө бул майрам балдар үчүн жомок майрам. Балдардын ошол жомогун жок кылгым, талкалап салгым келбейт, алар күтүшөт, ишенишет.

– “Мына минтип” деген ырыңыз интернет желесинде азыркыга чейин популярдуу болууда. Бул ырдын ийгиликтүү болушунун сыры эмнеде?

– Чыгармачылык кризис деп коёт го, бул ыр ошондой учурда чыккан. 2012-жылдан 2015-жылдарга чейин мен киного аралашып, ырчылыкты экинчи планга жылдырып койгом. Ошол кезде “Аманат”, “5000 сом”, “Карт бойдок” кинолоруна тартылдым. Ошол учурда бир тасмадан финансылык кризиске кабылдым, жакшы көрүлбөй калды. Мени ошол кризистен ырчылыгым чыгарып кетти. Байкасам, каржы жагынан эле эмес, жан дүйнөмдө, чыгармачылык дагы кризисте экенмин. Эмне кылам? Башка бизнесим жок. Үй-бүлөмө болгон ырыскы чыгармачылыктан келет. Ырчылыкта жүрөгүм менен иштейин дедим. Бек Борбиев агабыздын “Жубайым” деген ырын сурап ырдадым. Анан той чөйрөсүнө эмне жаңылык киргизе алабыз деп ойлонуп, “Аруу кызымды” жаздырдым. Кыялбек Урманбетов байкеге барып, “атанын ырын, атанын батасы, сезимин жазып бериңиз, ушундай обонум бар” дедим. Аны менен атым кичине көтөрүлгөндө дагы бирдеме издеш керек болду. Көп жерлерге бардым. Негизи азыр деле дискотекаларга барып турам. Кайсы стил мода болуп жатат, кайсы музыкага бийлеп жатышат, чыгармачылыктан изденип жүрөм. Тойго барганда да ошентем. Композитор Абдылас Малдыбаев атабыз жазган, нотага түшүрүлгөн “Мына минтип” деген ыр бар, бир күнү бала бакчага барсам ошону ырдап ойноп жатышыптыр. “Мына минтип, мына минтип” деп кулагыма сиңип калды. Байкасаңыздар, “мына минтип” деген сөздү биз аябай көп колдонот экенбиз. Бул сөз өзү эле адамды кыймылдатып турат. Ошону ойлонуп, дүйнөлүк музыкаларды кыргызча музыкага бириктирейин дедим, сөзүн Акбар Кубанычбековго жаздырдым.

Негизи жакшы кабыл алынарын ыр жазылганда эле билгенбиз. Кудайга шүгүр, үмүттү актады. Аны менен бюджетимди иреттеп алдым. Карабайсызбы, былтыр кайра дүйнөлүк трендге чыгып кетип жатпайбы. Элестетиңиз, хештег деп коюшат эмеспи, 45 миллион киши Съездбек Искеналиев деп хештег кылышыптыр. Дүйнөлүк аренага чыккандан кийин трендди сактап туруш үчүн жаңы бирдемелерди же кыймыл ойлоп табышың керек дегендей. Анан англисчесин чыгардык. Ал да жакшы келатат, буюрса. Азыр Кытайда да популярдуу болуп жатыптыр, 2-3 күн мурун видеосун жиберишти.

– Той ырчысы деген сөз ардантпайбы?

– Жо-ок, сыймыктанам. Ошондой “тойдун ырчысы” деген сыйлыкты качан берет деп күтүп жүрөм (күлүп). Мисалы, “сахнанын падышасы” дегендей, “тойдун падышасы” деп берсе сонун да, ээ? “Эң көп тойго барган” деген статус алып берсе тим эле биз утмакпыз да. Гүлзат Байзакова эже “Эң мыкты жар-жарчы” деп алмак (күлүп). Сонун да, ээ? Тойго барып жаман нерсе кылып жаткан жокпуз. Ырларыбызды ырдап, элге жакшы маанай тартуулап жатабыз. Тойго деле өзүнө жаккан ырчысын чакырат да. Эмгегине жараша акысын алат. Мунун эмнеси жаман? Бир жагынан элдин айтканы да чын, “концерт бербей калдыңар, илгеркидей айыл аралап барбайсыңар” дешет. Анын да чындыгы бар, моюнга алыш керек.

– “Боз салкын” тасмасы дегенде күйөрмандар дароо сизди элестетишет. А сизге “Боз салкын” дегенде эмнелер элестейт?

– Мында мен биринчи жолу тасмага тартылгам. Ар бир кадр, ар бир учур көзүмө элестейт. Тасма эл арасында жакшы атактуулук алды. Мен андан эки эсе алдым. Дегеле ушуга тартылган беш актёр өзгөчө атактуулук алды. Чынында, жакшы болду, ыраазымын. Баш-аягы жалпы төрт ай тартылдык, ошол төрт айдагы жашоо мен үчүн килтейген тарых. Жанагы Гүлмира айымдын “ушул айылдын эң маданияттуусу бизбиз” деп жаткан жери өзү эле чоң тарых. Режиссёр баш болуп ыкшыйбыз. Негизи эле ошол тасмадагы көп сүйлөмдөр, диалогдор эл ичинде тамаша катары сакталып калды. Бул өзүнчө ийгилик.

– Чыгармачылыктан атым өчүп кетпесин деген абайлоо, коркуу барбы?

– Жо-ок. Эми... Унутулбаш үчүн эмне кылыш керек? Ал үчүн ар бир нерсени чын жүрөгүңдөн жасашың зарыл. Доорум өтөт, өчүп да калышым мүмкүн. Ага моралдык жактан даяр болуш керек. Даяр болбосоң ооруп каласың. Бул буйрук. Аракет кыл, бирок ишке ашпай калса таарынба.

– Былтыр “Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти” наамын алдыңыз. Бул наамды алган кандай экен, татыктуумун деп ойлойсузбу?

– Ооба. Айрымдар айта берет го “күткөн эмесмин, аны-муну” деп. Мен күткөм, мен ошол үчүн аябай иштегем 20 жыл. Ушул статусту алыш үчүн билим алгам. Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайды, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүткөм, кино тармагында иштегем. Обончулук кылдым. Наамды алгандын да өзүнүн талаптары бар, мыйзамдуу түрдө бажырайып эле алдым. Сыймыктануу менен айтам, бергенде аябай сүйүндүм, баарына ыраазы болдум. Бул мага чоң стимул.

– Кайрадан киного тартылайын деген оюңуз барбы?

– Көптөр “эмне киного тартылбай калдыңыз?” деп сурашат. Кыргыз кино продюсерлеринин уюму бар, 2014-жылдан бери ошонун жетекчисимин. Мени Садык Шернияз, Эрнест Абдыжапаров сыяктуу киного тиешеси бар адамдар дайындаган. Ошондон бери иштетип келем. Быйыл Кудай буюруп ассоциация болду. Ошол жерде да чоң болуп иштейм (күлүп). 

– Кичинекей мамлекетиңиз, үй-бүлөңүздө эмне жаңылык?

– Бир эле келинчегим бар, Кудай буюрса, бир эле келинчегим менен жашайм (күлүп). Тамаша. Биз 2006-жылы баш кошконбуз. Кудайга шүгүр, ошондон бери бирге түтүн булатып, очогубузду чоңойтуп келе жатабыз. Үч кыз, бир уулубуз бар. Учурда келинчегим кош бойлуу. Көз жарганда сиздерге сүйүнчүлөйм.

– Эсен-аман көз жарып алсын! Бактылуу болуңуздар! 

Эң көп...

... колдонгон сөзүңүз?

– “Эме... Эметип” (күлүп). Көп жагдайдан куткарып кетет ушул сөз.

... короткон акчаңыз?

– Эсимде жок. Көп эле коротом, акчага сараң эмесмин.

... көргөн киноңуз?

– Фантастикалык кинолорду жакшы көрөм. Өзгөчө “Марвелдин” тасмаларын жактырам.

... кийген түс?

– Ак. Келинчегим да, мен да акты жакшы көрөм.

... уккан музыкаңыз?

– 1995-2005-жылдардын ортосунда чыккан ырларды көп угам. Менин жаштыгым ошол учурга туш келген.

... кирген, узак отурган бөлмөңүз?

– Ашкана. Анан телевизор турган бөлмө, тим эле диван оюлуп кетет, эй. Өзгөчө карантинде ошентти (күлүп). 

 

Гулийпа Маметосмон кызы  

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1101, 12-18-январь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан