Баладагы онанизм: Оорубу же убактылуу көрүнүшпү? 

Кичине балдардын онанизми деген эмне? Бул – балдардын өзүн-өзү сылап-сыйпоосу, эркелетүүсү, ошол аркылуу жагымдуу сезимди баштан кечирүүсү. “Албетте, бул жагымсыз, бирок мында трагедиялуу, уят эч нерсе жок. Ал үчүн баланы жазалоо туура эмес, эгер адатка айланып кетпесе эле. Бул боюнча ата-энелерден көп суроо келет”,- дейт сексолог Нурбек Моңолов.

 

Ата-энелерден келген суроолор

– Эжемдин кызы 4 жашта. Ал үйдө эч ким жок кезде дивандын бурчуна тигил жагын сүргүлөп, тердейт, жыргайт. Ага “минтпе, уят болот” деп канча айтсак да болбойт. “Бул өнөрүн бизден башкалар көрүп калса өлдүк го” деп эжем сарсанаа болот. Бул жашта ушинтүү нормадан четтегендикпи? Бул адатты кантип калтырсак болот?

Минура, Бишкек

– Менин уул неберем 7 жашта, кинодон көрөбү, же башкабы, билбейм, кээде 2 эмчегимди кармалап күлөт, майкамды көтөрөт. Бул эмнеси? 

Назира, Ош

– Балам 6 жашта. Ал кээде үстүмө чыгып алып, желип-желип алат. Сыягы бул жашта алар жыныс органдарына кызыгып, аларды иштетип көрүшөбү?

Дамира, Бишкек

– Неберем 5 жашта. Горшокто ишин бүтүргөнүнө карабай колуна телефон кармап узакка отура берет. Айрымдар бала ошентип отургандан да жыргашат дешет. Бул да онанизмге киреби?

Айжамал, Бишкек

 

 Нурбек Моңолов баланы онанизмге жеткирүүчү 7 себепти атады:

  1. Жаш курак. Балдар 2-3 жашында дене бөлүктөрүн, жыныс органдарын изилдей турган куракта болушат. Алар кыз жана уул балдарда жыныстык органдар ар башка экендигин, өзүнүн кайсы жыныста экендигин баамдашат.

Жыныстык мүчөлөрүн узагыраак кармалаганда, сүргүлөгөндө жагымдуу сезим боло тургандыктарын элдир-селдир, 4-5 жаштарда так сезе билишет. 6 жашында бул нерсе уят, туура эмес экендигин билип калышат.  

Булардын баары баланын өз денесине кызыгуусу, өсүү этабы катары каралат.

2. Кычыштыруу. Баланын жеке гигиенасы сакталбаса, алаасы кыскан трусы, шым кийгизип коюшса, ичинде мите курту болсо да бала жыныстык органдарын кармалайт, тырмалайт. Кармалап жатып кокустан жагымдуу сезимди сезип калат. Анан ошол сезимди кайра сезгиси келиши мүмкүн. Мисалы, чүчөк курт жумурткалоо үчүн көтөн чучуктан сыртка чыгат, ошондогу кыймылы көчүктү кычыштырат. 

3. Мээримдин жетишсиздиги. Аял төрөгөндөн кийин эрте эле жумушка чыгып кетип, баласын бала багуучуга каратканда же айылга, чоң эне, таенесине бактырганда бала өзүн ташталган бала катары сезет. Ата-эне мээримине муктаж болот. Бала бара-бара түнт тартып, сезимдерин ичке ката баштайт. Ошол мээримдин ордунун боштугун бала өзүн “эркелетүү” менен толтургусу келет. Башкача айтканда, онанизмди компенсация катары колдонот.  

4. Ата-эненин көп урушу. Баланы көп урушуу жана ата-эненин да бири-бири менен көп урушуусунан баланын психикасы жабыркайт. Кээде алардын урушуна бала өзүн күнөөлөйт. Уруш көп болгондо бала өзүн сооротуу, жоошутуу максатында денесин, анын ичинде жыныстык мүчөсүн кармалайт.

5. Баланы койнуна алып жатуу. Көпчүлүк ата-энелер баласы чоңойгуча эле койнунда алып жатышат. “Бул эмнени билмек эле” дешип төшөк оюну менен алектенишет, чечинип, кийине беришет, ооздорунан өбүшүшөт, төштөрүн кармалашат. Бала көргөнүн туурагысы келет. Чоң энесинин эмчегин кармалап күлгөнү, апасынын үстүнө чыгып алып итенгени да ушундан. Төшөк оюнун туураганда жыныстык мүчөсү бир нерсеге тиет, сүргөлөнөт да, бала жагымдуу сезимди сезет. Баланын оозунан, чочосунан өбүүдө аларда нервдер көп болгондуктан дүүлүктүрөт, жыйынтыгы – онанизм.

6. Гиперактивдүүлүк. Баланын энергиясын пайдалуу багытка буруп, чыгаруу керек. Мисалы, ойнотуу, спорттук ийримге берүү. Мындай кылбай үйдө камаганда топтолгон энергия чыңалууну, нервденүүнү жаратат.  Түбү – онанизм. 

7. Горшокто узакка отуруу. Бала ичин бошоткондон кийин деле чөнтөк телефон карап узакка отура бергенде жамбашына күч келип, кан көбүрөөк топтолот. Жыныстык органдар да жамбашта болгондуктан ага да кан топтолот. Бул жагымдуу сезимди пайда кылат. Ошондуктан айрым балдар ушул үчүн да горшокто узакка отура берүүнү адатка айлантышат.

Баланын “жыргалга батуусун” калтыруучу аракеттер

Балдардагы онанизм сексуалдык себепке кирбейт, анткени алар жыныстык жактан жетиле элек. Жыныстык гормондору да жыныстык жактан жыргоого талап кылынган өлчөмдө эмес, өтө эле аз. Андыктан кабатырланууга негиз жок. Бирок адатка айланып баратса калтыруу керек. Ал үчүн бул аракеттер жардамга келет:

• Онанизмдин себебин аныктап, аны четтетүү

• Бала онанизм менен алектенип жатканда үстүнөн чыгып калганда урушпай, эч нерсени сезбегендей мамиле кылып, дароо башка нерсеге алаксытып кетүү. Мисалы, “карачы, үйгө бирөө келдиби?”, “дүкөнгө барганды унутупмун, жүр экөөбүз барып келели” жана башка деп.

• Баланы горшокто узакка отургузбоо, колуна телефон бербөө

• Денесин кыспаган кененирээк кийим кийгизүү, анын ичинде кенен ич кийимдерди

• Жыныстык мүчөлөрүн таза кармоо, ичинде мите курту бар экендиги байкалса дароо врачка текшертүү

• Жашына жараша ийримдерге, спорттук секцияларга берүү, иш жасатуу. Мисалы, үй иштерин кылдыруу

• Убак-убагы менен ойнотуу, сейилдетүү, жомок окуп берүү

• Баланын көзүнчө урушуудан ата-эне болушунча карманышы кажет. Эгер урушуп кетишсе балага “биз сени жакшы көрөбүз. Кээде ушинтип уруш чыгып кетет. Сен муну оюңа алба” деген сыяктуу сөздөрдү айтуу, түшүндүрүү, кучактап өбүү, жубатуу.

• Баланы урушпай, кемсинтпей, коркутпай (өзгөчө башкалардын көзүнчө), мээримге бөлөп чоңойтуу, көбүрөөк убакыт бөлүү. Убактылуу болсо да баланы башкага бактырбай, ата-эненин өзүнүн багуусу

• Баланы өпкөндө оозунан эмес, бетинен, төбөсүнөн өпкөн туура.

• Анын көзүнчө чечинип, кийинбөө, бирге алып жатпоо

• Баланы “антпе, минтпе” деп урушуп, кагып-силкип, дайым тыя бергенде бала ата-энеге протест катары аларга жакпаган нерселерди, анын ичинде онанизмди жасоого өтүшү мүмкүн.

 Эгер аталган аракеттер жардам бербесе, анда баланы алгач невропатологго текшертүү керек. Анткени айрым ооруларда бала көп нервденет, кыжырланат, дүрбөлөңгө түшөт... Мунун жыйынтыгы деле өзүн жоошутуу, сооротуу үчүн өзүн “эркелетүүгө” жеткириши мүмкүн. Балада нервге байланышкан эч кандай оору жок болсо, анда психолог же психотерапевттин кеңешине кайрылуу кажет.

Канымжан Усупбекова 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1101, 12-18-январь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан