ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 22-январдан 28-январга чейин

Кой
(21.03–20.04)

Күндөрүңүздү жашоо агымын байкап, шашпай өткөрүңүз. Ачууга алдырып жасаган ишиңиздин баары оң жыйынтык бербейт. Канчалык ичиңизден каалап турсаңыз да, башкаларга зыян алып келе турган иш жасабашыңыз керек, болбосо ал кудукка өзүңүз түшүп каласыз. Достор менен жагымдуу жолугушуулар, кызыктуу сапарлар жана жаңы таанышуулар орун алат. Жумушта өзүңүздүн кесипкөйлүгүңүздү көрсөтүп, татыктуу баага ээ болосуз.

БУКАЧАР
(21.04–20.05)

Хобби менен сүйүктүү жумушуңузду айкалыштырууга жакшы мүмкүнчүлүк ачылат, андыктан ал мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаңыз. Тар чөйрөдө достор менен баарлашып алдыга койгон пландарыңыз менен бөлүшүңүз, алар сизден пайдалуу кеңештерин аяшпайт. Каржы тармагында сизди пайдалуу келишимдер жана кызыктуу сунуштар күтөт. Жеке жашооңузда жакындарыңыз менен баарлашуудан ырахат алып, алардан колдоо табасыз.

ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)

Жаңылануу жана өсүү мезгили келе жатат. Буга чейин билинбей келген таланттарыңызды көрсөтө аласыз. Сизди жумушта жаңы долбоорлор жана кызыктуу тапшырмалар күтөт. Жеке жашооңузда романтикалык жолугушуулар орун алат. Аптада бардык жакшылыктар өзү келет, ага даярдануунун кереги жок. Тескерисинче, убаракерчилик менен бактыңызды коркутуп аласыз. Жөн гана кыялдануу жана алардын аткарылышына ишенүү керек. Бардык көйгөйлөр өзүнөн өзү чечилет.

БӨЙӨН
(22.06–22.07)

Ийгиликтүү келишимдердин артынан ишенимдүү өнөктөштөрдү таап бизнес баштасаңыз болот. Сүйүүдө жаңы романтикалык мамилелер башталышы мүмкүн. Сиз азыр тагдырыңыздын багытын бурууга, курчуп кеткен мамилелерди жумшартууга көп убакыт сарпташыңыз керек. Чөйрөңүз, жакындарыңыз менен жылуу мамиледе болууишиңиздин жүрүшүнө да чоң таасирин тийгизет. Бардык ийгиликтерге чыдамкайлыгыңыздын арты менен гана жетише аларыңызды унутпаңыз.

АРСТАН
(23.07–23.08)

Башкалар эс алып жатканда сизге иштөөгө туура келет. Учурдан пайдаланып көп иштериңизди бүтүрүп аласыз. Жагымдуулугуңуз өзүңүзгө болгон бааны көтөрөт. Бейтааныш адамдар тарабынан көптөгөн мактоо сөздөрүн угасыз. Үй-бүлөлүү арстандарды түгөйлөрү себепсиз айыптап, ортодо келишпестик жаралышы мүмкүн. Чырды ырбатпаш үчүн унчукпай кутулганыңыз туура, убакыт чындык сиз тарапта экенин өзү аныктап коёт.

БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)

Кызыктуу идея жаралат, аны ишке ашырууда жакындарыңыздан каржылык колдоо сурасаңыз болот. Болгон күчүңүздү чогултуп жеке жашооңузга байланышкан чечимди кабыл аласыз. Жакын арада жаңы мамиле баштоону күтпөңүз, азырынча жумуш менен гана өзүңүздү алаксытыңыз. Жумушта кесиптешиңизге кыжырданып, бардык жамаат менен мамилеңизди бузуп алышыңыз мүмкүн, сабырдуулук көрсөтүп, эмоцияга алдырбаңыз.

ТАРАЗА
(24.09–23.10)

Туюу сезимиңизди угуңуз, ага ишенип иш баштап же чечим чыгарсаңыз жаңылбайсыз. Үй-бүлөңүз менен саякаттоо үчүн ыңгайлуу мезгил. Буга чейин таарынтып алган досторуңуздун бири менен жарашасыз. Сүйүүдө кетирген катачылыктарыңызды моюнга алганды үйрөнүңүз, болбосо сүйүктүүңүз сизди таштап кетиши мүмкүн. Дем алыш күндөрү короо-жайды тазалап, иретке келтирүү зарыл, физикалык кыймыл сиздин моралдык чыңалууңузду жазат.

ЧАЯН
(24.10–22.11)

Учурда болуп көрбөгөндөй күчкө толуп турган убагыңыз. Алдыда сизди жакшы өзгөрүүлөр күтүп турат. Демилгечилдигиңиз жана ишке берилгендигиңиз жаңы долбоорду түптөгөнгө жардам берет. Жаңы иш баштоодо мурунку каталарыңызды кайталабаганга аракет кылыңыз. Саякатка жана укмуштуу окуяларга кумарыңыз күч болот. Бир жерде тынч отура албайсыз, дайыма изденүү, кыймыл үстүндө жүрүп көп ийгиликтерге жетесиз.

ЖААЧЫ
(23.11–21.12)

Аптада досторуңуз менен душмандарыңызды аныктап, ким менен күрөшүүгө туура келерин жакшылап талдап чыгышыңыз керек. Жумуш издегендер жаңы жумуш орундуу болушат. Билимиңиз жана аракетчилдигиңиздин артынан пайдалуу долбоорду ишке ашырасыз. Буга энергияңыз да, каалооңуз да күчтүү болот. Жаачылар үчүн бул апта жандуу эмоцияларга жана укмуштуу окуяларга бай болот дешет жылдыздар.

ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)

Сатуу жана сатып алуу иштерин ийгиликтүү жүргүзөсүз. Кыймылсыз мүлк сатып алууну каалагандар ушул апта аракетин баштаса болот. Насыяга акча алуу сунушталбайт. Имиджин өзгөртүүнү каалаган айымдар атайын адистер менен кеңешүүсү керек, болбосо өзгөрүүсү өздөрүнө жакпай калышы ыктымал. Атактуулукка умтулган текечерлердин жылдызы жанат. Башкысы анын артындагы кыйынчылыктарды кошо көтөрүүгө даяр болуңуз.

Суу куяр
(21.01–19.02)

Жумушуңузда кыйынчылыктар жаралышы мүмкүн, бирок өжөрлүгүңүз менен аларды жеңе аласыз. Жеке жашооңузда олуттуу мамиле кургуңуз келген адамга жолугуп калышыңыз мүмкүн. Соода менен алектенген суу куярлар ири суммадагы акчаларын коопсуз жайда сактаганы жакшы. Алдамчылардын курмандыгы болуп калбайын десеңиз жаныңызда алып жүргөн акчанын суммасын эч кимге айтпаганыңыз туура.

Балык
(20.02–20.03)

Жашоодо чындап эмнени каалап жатканыңызды түшүнөсүз. Жумушта карьералык тепкичтен көтөрүлүп же жаңы жумуш орундуу болушуңуз мүмкүн. Бул нерсеге таасирдүү тааныштарыңыздын жардамы менен жетесиз. Сүйүүдө убактылуу кумар менен чыныгы сүйүүнү чаташтырып албаңыз. Сиз азыр баштан өткөрүп жаткан сезимдер убактылуу болушу мүмкүн. Кошумча өнөр үйрөнүп, кыска мөөнөттүү курстарда билим алуу үчүн ыңгайлуу убакыт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1102, 19-25-январь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан