Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын инспектор-криминалисти Алмаз Өмүрбеков “кылмышкердин, өздүгү аныкталбаган сөөктөрдүн ким экендигин аныктоодо алардын манжа издери керектелет. Антип аныктоо дактилоскопия деп аталат жана ичине көп сырларды камтыйт” дейт. Манжа изи кылмышкерге каршы кантип иштейт? Макаладан толук маалымат ала аласыз.
Дактилоскопия – манжаны карап жатам дегенди билдирет
Дактилоскопия байыркы грек сөзү, бизче “манжа”, “байкап жатам” дегенди билдирет. Тери сырткы катмар – эпидермистен жана теринин өзүнөн – дермадан турат. Дерманын үстүнкү бөлүгүндө кыркалакей жайгашкан үрпчөлөр (бүдүрчөлөр) бар.
Үрпчөлөрдүн катарлары көп. Катарлардын ортолорунда тер чыкчу тешикчелери бар тер бездери жайгашкан. Үрпчөлөр үстүнкү катмардагы терини бир аз өйдөгө көтөрөт. Ошого үрпчөлөрдүн катары өйдөрөөк, бездер жайгашкан жер ылдыйраак болот. Мындай жайгашуу оюм-чийимдерге окшош папиллярдык сызыктарды, башкача айтканда, издерди жаратат.
Ар адамдын манжалардагы үрпчөлөрдүн катарлары ар түрдүүчө жайгашат: толкун, илмек, уюл, торчо сымал жана аралаш. 10 манжадагы издер 2-3 түрдүү болушу мүмкүн. Мисалы үчөөсүндө толкун, калганында илмек сымал. Генийлердин гана 10 манжасындагы издер окшош болот.
Издер түйүлдүк кезде пайда болуп, өзгөчөлүккө ээ, өмүр бою өчпөйт, өзгөрбөйт. Бирок ишине байланыштуу манжалары улам жаракат, күйүккө кабыла берген адистердин (мисалы уста, тигүүчү, ашпоз) манжа издери тубаса көрүнүшүн жоготушу мүмкүн.
Кол манжаларындагы тер бездери терди бөлүп чыгарып тургандыктан манжалар канча бир пайыз нымдашып турат. Бул бир нерсени кармаганда манжа изинин түшүшүн шарттайт.
Таанылбаган өлүктөрдүн ким экендиги да аныкталат
– Дактилоскопия – адамды манжа, алакан издери менен ким экендигин аныктоо. Криминалистикада кеңири колдонулат. Анткени адам кандай иш жасаса да сөзсүз колдорун колдонот. Андыктан кылмыш болгон жерде кол издери калат.
Аталган илимий ыкма биринчи жолу 1902-жылы 18-апрелде Улуу Британияда кылмышкерди табууда колдонулган. Кийин бул ыкма өнүгүп, башка өлкөлөргө тарай баштаган.
Дактилоскопиянын жардамы менен кылмышкер, өлтүрүлгөн, таанылбаган өлүктөрдүн ким экендиги аныкталат. Ар бир эле адам жанына документ алып жүрбөйт. Кээ бир автокырсыктарда өлгөндөрдү, өлтүрүлүп сөөгү сууда, токойдо, сазда калгандарды жакындары тааныбай койгон учурлар болот.
Криминалисттерге кылмышкерди аныктоодо автоматташтырылган дактилоскопиялык маалыматтар системи – СОНДА жардамга келет. Өлкөгө 2007-жылы киргизилген. Андай комплекс ИИМде, ШИИБдерде жана ОИИБдерде бар. Андыктан криминалисттер өздөрүндө жок, катталбаган манжа издери боюнча маалыматты башкалардан ала алышат.
Учурда Чүй ОИИББинин СОНДАсында 25 миң адамдын манжа изи бар. Бул кылмыштын бетин ачууга, адамдардын өздүгүн аныктоого шарт түзөт. Ачылбай калган кылмыш болгон жерден алынган манжа издеринин да маалыматтар базасы бар.
Бирок айтып кетчү нерсе, өлкөдө жарандардын манжа издери боюнча бир бүтүн база жок. Паспорт алып жаткан жарандар манжа издерин калтырышат. Ошолордун баарын топтоп бирдиктүү база түзүлсө жакшы болмок. Бул кылмышкерди тез, оңой табуунун жолу болот эле.
Издерди аныктоодо боёк, дактолента колдонулат
Баштапкы процесс.
– Криминалист-дактилоскопист кылмыш болгон жерге ыкчам-тергөө тобу менен кошо барат. Кол издери түшүшү мүмкүн деп саналган буюм, эмеректерди текшерет. Из табылса анын бетин атайын боёк менен боёп, үстүнө дактолентаны жыбыштырып, анан аны сыйрып алат. Из дактолентага түшөт.
Кокус кылмыш болгон жерде адам өлсө, анын алаканына атайын боёкту сүйкөп, дактолентаны атайын кашыкка (темир аспап) киргизип, анан аны менен манжанын бетине басып, изин алышат. 10 манжа жана алакандын издери өз-өзүнчө алынат. Издер алынган соң дактилокарта түзүлөт. Башкача айтканда, издер бланктарга чапталат жана манжа ээсинин аты-жөнү, туулган жери, жылы, убактысы жазылат.
Кылмыш түрдүү максатта жасалат. Мисалы уурдоо, тоноо, же буйрук менен киши өлтүрүү. Чатактан, кызганычтан, ичимдик ичүүдөн жасалган кылмыштар да болот.
Кээде издерин аарчып, канды жууп артынан из калтыргысы келбеген кылмышкерлер болот. Бирок баары бир ал эмнелерди кармалаганын толук эстеп, жок кыла албайт. Сөзсүз из калат.
Манжа изинин чоң, кичинелигине карап кылмышка шектүү аял же эркек, бою, салмагы канчалык экенин божомолдоого болот. Эркектердин манжалары чоң, аялдардыкы ичке, тыкан. Жүк ташып иштегендердики кайсы бир өлчөмдө сүрүлүп өчкөн, сүрөтчү, жазуучу, компьютер менен иштегендердин манжа издери таза болот.
Манжа издери сырты жылмакай буюмдарга так, даана түшөт. Мисалы идиш, муздаткыч, айнек, эшик, бир түстүү эмерекке.
Издерди изилдөө
Дактилокарта ишке алынып келинип, изилдене баштайт. Андай манжа изи бар же жок экени СОНДАдан текшерилет. Жок болсо башка ШИИБИ, ОИИББилерге жиберилип, текшертилет. Изилдөөдө микроскоп, лупа жана башкалар керектелет.
Кылмыш болгон жерде табылган буюм-тайымдарды үй-бүлөнүн мүчөлөрү ага чейин колдонгондуктан алардын да кол издери болот. Андыктан алардын баарынын манжа издери алынат. Анан чогултулган издерди иргеп, салыштырганда алардыкынан башка манжа изи чыгып калса, демек, ал кылмышка шектүүнүкү болушу мүмкүн деп табылат.
Токойдон, суудан, жарым-жартылай бузулган же жаңы сөөктөр табылып калса өлүкканага алып барылат. Криминалистке өлүккананын кызматкерлери манжа изин алуу үчүн ага маркумдун колунун терисин сыйрып беришет. Аны алып келип, жууп,териси жакшы сакталды делген манжаларынын изин алышат. Ал үчүн кол кап кийип, анын үстүнө терини жайып, бетине боёкту сүртүшүп, анан кагаздын бетине тийгизип издерин алышат. Кол манжаларынын териси былжырап, чирип кеткендерден манжа издер алынбайт. Бирок кылмышкерди издөөдө башка ыкмалар колдонула берет.
Кышында өлүп, катып калган сөөктөр өлүкканада 2 сутка турса жибийт, жумшайт. Анан издери алынат.
Манжа издери изилденип бүткөндөн кийин жыйынтык тергөөчүгө берилет. Сотто ал жыйынтыкка карап да чечим чыгарылат. Ошого таразада адам тагдыры тургандыктан криминалисттин жаңылууга укугу жок.
Иштеги окуялардан
– 2023-жылы Чүй ОИИББинде криминалисттердин жардамы менен 53 кылмыштын бети ачылган. Мисалы, 2022-жылы Иванов деген цыган бала Кеминден Кара-Балтага чейин сериялык түрдө үйлөргө уурулукка кирип жүргөн. Жыйынтыгында 23 үйдү тоногону белгилүү болгон.
Саунада иштеген кызды бир жигит тоого алып барып, өлтүрүп, көмүп салган. Анан кыздын иштеген жерине келип аны Орусияга иштегени кетти деп койгон. Ошого кыз изделбей калат. Сөөктү чабандар таап, милицияга кабарлаган. Сөөк бузулуп кетиптир, колун кесип келип, териси сакталган манжасынын изин алып, ошону менен анын кимдигин аныктап, кылмыштын ачылышына шарт түзүлгөн.
Криминалистте бул сапаттардын болушу зарыл:
• Стресске туруктуулук. Үрөй учурган окуялар болот. Андайда эмоцияга алдырбый, салкын кандуулук менен өз ишин жасашы шарт.
• Жоопкерчиликтүүлүк, чыдамкайлык. Кылмыш сутканын каалаган убагында болуп өтүшү мүмкүн. Ошого өзгөчө режимде, күн, түн экенине карабай даяр турушу зарыл.
• Тактык, кылдаттык, анализдей билүү жөндөмү жана башка.
Канымжан Усупбекова