Сүйүнбек Касмамбетов, мамлекеттик катчы: “Бир кайыкта баратып бийликке сын айтуу туура эмес”

Кыргыздын каада-салт, нарк-насилин мыкты билген, билип гана эмес, аны элге так, таамай айтып сиңирүүдө бул киши бүгүн экинин бири десек жарашат. Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов менен жашоонун жөнөкөй эрежелеринен тарта улуттук идеологияга чейин кенен баарлаштык. Кызык, маанилүү ойлорду айтты каарманыбыз. 

– Саламатсызбы Сүйүнбек мырза? Сиз жетектеген институт көп жыл иштебей турган эле, кайра калыбына келтирилди. Акыркы 2 жылда эмне иштерди жасай алдыңыздар? 

– Саламатсыңбы, кызым? Туура айтасың, 11 жыл мурун мамлекеттик катчы институту жоюлуп кетип, биз келгенден тарта кайра түптөлдү. Бул институт бизге эмнеге керек болду? Биринчиден, өлкөдө жаңы саясий маданиятты калыптандыруу керек эле. Акыркы 30 жылда бизде чоң боштук орун алып калды. Аң-сезим, каада-салт, нарк-насилдин баары четке сүрүлүп, тилибиз солгундап, дилибиз өзгөрүп, баалуулуктарыбыз тайыздап көңүл сыртында калган. Мына ушул тармактарды калыбына келтирүү үчүн мамлекеттик катчы институту ишке киргизилди. Менин негизги ишим – кыргызды кыргыз кылып келе жаткан каада-салтын, кылымдар карыткан наркын элибизге сиңирүү, ким элек, ким болгонубузду билгизүү. Анткени бизде башка салттарга, башка баалуулуктарга баш уруу башталган болчу. Салты-наркы жок элдин келечеги жок, азыр дүйнөнү алдынкы техника, гаджеттери менен багындырган өлкөлөр да өткөнүн казып, өзөгүнө кайтып жатышат. Биздин институттун милдети да салттуулукту, нарктуулукту, намыс-абийирин биздин ата-бабалар кандай сактап келишкен болсо, ошол түшүнүктөрдү азыркы муунга жеткирүү. Бирок биздин милдеттер атайын укуктук нормативдик документтер менен бекитилген, мен ал жоболордон сырткары чыга албайм. Жасалып жаткан иштер боюнча айтсам, мектептерде, жогорку окуу жайларда манас таануу, нарк, мурас таануу боюнча сабактар өтүлүп жатат. Өзүм 1,5 жыл өлкө кыдырып нарк-насил жаатында элге түшүндүрүү иштерин жүргүздүм. Биз айткан нарк-насил темасы 1000 адамдын 50сүнө гана кызык болсо да, бул биз үчүн чоң жеңиш. Алдыда дагы көп жасалчу иштер турат. “Манас” эпосунда эле канча баалуулуктарыбыз жатат, ал жактан биз эмес, башка өлкөнүн тарыхчылары да өздөрүнүн тарыхын издешүүдө. Президент идеология жаатында 11ге жакын жарлык чыгарды. Эми ошол боюнча программалар иштелип чыгып, элдин пайдасына иштейт деген изги тилегим бар.

– Улуттук баалуулуктар капитализмдин тепсендисинде калбашы үчүн эң оболу эмне зарыл деп ойлойсуз?

– Минтип бекемдеп айтпаш керек, биз эч кандай тепсендиде калууга мүмкүнчүлүк бербей, жан талашып аракет кылып жатабыз. Улуу жазуучу, акындардын маараке, иш-чаралары өтүп, китептери басылып чыгып жатат. Молдо Кылыч, Тоголок Молдо, Молдо Нияз, Кара Молдо, Ысык-Көлдүн жети акеси сыяктуу биздин мамлекеттин түптөлүшүнө бараандуу салымын кошкон адамдардын китептерин басып чыгарып жатабыз. Өз тарыхын, салтын, өзүнүн ким экенин билген эл башканын жалган маалыматтарына ишенип, жалган салттарын ээрчип кетпейт. Биз улуттук баалуулуктарыбыз менен гана туруштук бере алабыз. Тепсендиде калтырбайбыз.

– Кыргыз үчүн улуттук идеологиянын үлгүсү кандай болушу керек. Мисалы, Манастын жети осуяты, динди идеология катары элестеткендер бар?

– Биздин Конституцияда дин мамлекеттен сырткары деп жазылган. Биз тутунган ислам дининдеги шарият, курандарыбыз кыргыздын кылым карыткан салтына шайкеш келет, эч качан каршы турган эмес. Бул жагдайда жаатташуу же кер-мур айтышуу болгон эмес. Акыркы учурларда эле ар кайсы агымдар салтыбыз менен динди карама-каршы коюп бизди кооптондуруп жатат. Негизинде кылымдар бою эле ата-бабаларыбыз дин менен салтыбызды айкалыштырып жакшынакай эле жашап келишкен. Канча эл мамлекети жок кырылып калды, же башка элдерге сиңип жок болуп кетишти. Бизди кыргыз кылып сактап турган бир касиет бар да. Ошол касиетибизди таап, өзөгүбүзгө кайтсак мына ошол идеологиянын мыкты үлгүсү боло алат деп ойлойм.

– Түпкүлүгүбүзгө кайтышыбыз керек деп айтып калдыңыз. Жаңы менен эскини айкалыштырууга, жаңы маданиятты калыптандырууга биздин коом канчалык даяр деп ойлойсуз?

– Кыргыздын каада-салты, наркы, намысы, абийири бул атасынын каны, энесинин сүтү менен келген көрүнүш. Бир дагы салт, бир дагы нарк миң мыйзамга да сыйбайт. Биз күнүгө жан дүйнөбүз, дүйнө таанымыбыз менен ушул көрүнүштөрдү даңазалашыбыз керек. Акыркы жылдары өлкөбүздө эмне деген иштер болуп жаткан жок, жолдор, мектептер салынып, чакан ГЭСтер, аэропорттор курулуп жатат. Ушул иштерди элге туура жеткирип, түшүндүрүү да биздин идеологиялык саясатыбыздын бир өзөгү болуп эсептелет. Ошол үчүн мурдагы баалуулуктарыбызга азыркыны кошуп улантып келе жатабыз. Биз эскини улантуучубуз, ал биздин кан-жаныбызда бар нерсе, үзүлүп калган эмес.

– Элдин руханий маданияты боюнча сөз кылсак... Жаштарга карата “көркөм адабият окубай калды, акча табууну гана максат кылып алышты” деген сын айтылып жүрөт. Адабияттан алыс адамдын коом үчүн коркунучу же зыяны барбы?

– Ооба, тилекке каршы, адамзат цивилизациясынын өнүгүүсүнүн азыркы этабында адам аң-сезимин өзгөрткөн технологиялар келди. Мурун гезит-журналдар 2-3 күндө жаңылык чыгарса, азыр 2 секундда ал жаңылыкты дүйнөнүн бардык чекитинен окуса болот. Китеп, адабият маданияттары алмашылды, азыр тамак жасап же чуркап баратып деле аудиокитептерди уксаң болот. Эми биз адамбыз, бардык нерсеге ынгайлашып жашоону өздөштүрүшүбүз керек. Ошол китеп окубай калган муунга өзүбүз тарыхый инсандар, баатырлар тууралуу кызыктуу видеороликтерди же мультфильмдерди тартсак болот. Мына, кечээги эле балбандарыбыз Акжол, Жоламандын эрдиктерин даңазалаган кызыктуу мультфильм тартса эмнеге болбойт? Ансыз деле балдар интернеттен мушташ, согушту көрүшөт. Аларга биз өзүбүздүн баатырлардын согушун көрсөтүшүбүз керек. Технологиянын келиши элдин аң-сезмин бир топ өзгөрттү, бирок биз да ал нерседен артта калбай, гаджеттер, медианын жаңы каражаттары аркылуу баалуулуктарыбызды жайылта беришибиз керек.

– Наркты, каада-салтты мыкты түшүнгөн адамсыз. Саясий кызмат сизди чарчаткан жокпу? Айрымдар сизди “аралчада” калып калды, моралдык жактан кыйналып кетти болуш керек дешет экен...

– Чарчаган жокмун, Кудай ден соолук, өмүр берсе эл аралап нарк-насил, кыргыздын баалуулугу боюнча түшүндүрүү иштеримди уланта берем.

– Азыркы бийликтин саясатына макул болбогон учурларыңыз болобу?

– Азыркы бийлик башындагылар, мен, баарыбыз бир кайыктабыз. Эгерде мен айрым учурда азыркы саясатка каршы болсом, анда башка жээкте болушум керек эле. Азыр ушул журт ээлери менен бир кайыкта баратып, аны жыра тартып, кыйшайтып, оодарып, өзүнчө бир пикир айтуу бийлик наркына жатпайт. Эгер каршы айтсам, анда башка кайыкка отурушум керек. Бүгүнкү бийликте бирдей ойлонгон, бирдей максаттарга умтулган президенттин командасындабыз. Көпчүлүк “бул мамкатчы тиги же бул маселе боюнча эмнеге унчукпай отурат?” дешет. Бизде тартип, жобо менен бекитилген милдеттерибиз бар. Ал маселе боюнча унчугуп, айлык алып иштей турган килейген мамлекеттик органдар турса, менин кийлигишкеним туура эмес болуп калат. Ар кимибиз өзүбүздүн ишибизди кылышыбыз керек.

– Кызматтык абалыңыздан улам айта албай калган кебиңиз барбы?

– Бул жөнүндө сөз кылгым келбейт. Себеби мен өзүмдүн оюмду бүгүнкү жүргүзүлүп жаткан саясатка ылайыкташтырам. Бүгүнкү бийликтин саясатын тең бөлүшөм. Менин айта турган көз карашым болсо, аларга каршы келбейт.

– Сөз эркиндиги, адам укугу, демократия Кыргызстанда азыр кандай абалда?

– Бизде сөз эркиндиги аябай кенен. Мисалы, президент, өкмөт, мен тууралуу деле каалаган сөздөрдү, божомолдорду жазып жатышат. Ой пикир чагылдыруу абдан кенен. Башка маселе, эгер айрым бир маалымат каражаттарынын өкүлдөрү бийликти алмаштыруу, бийликке негизсиз күнөөлөрдү коюу менен алектенишсе тиешелүү органдар аларга көңүлүн бурушат. Конституциялык түзүлүшкө каршы чакырыктар орун алса, башаламандык уюштуруу боюнча максат-тилектери болсо ал нерсе коопсуздук органдарынын көз жаздымында калбайт. Эл муну кандай түшүнөт, башка маселе. Эми элдин баары эле юрист же окуяны ичтен билген адам эмес да. Ошондуктан үстүртөн тон бычып баа берүүдөн алыс болсок. Бул иштин үстүнөн атайын органдар иш алып барып жатышат.

– Жан дүйнөңүз эмнеден ырахат алат?

– Менин кыргыздын баалуулуктары, нарк-насили тууралуу жазган постторума бирөө бармагын көтөрүп же жүрөкчө коюп койсо тимеле балалуу болгондой сүйүнөм. Кээ бирине “рахмат карындашым, мени колдоп койдуң” деп жеке кат жазам. Менин айткандарым, жазгандарым 5 адамдын кулагына кирсе деле чоң бакыт. Кээде өзүмдүн балам же неберем менен тең балдардан катуу сөздөрдү угам. Мага акыл үйрөтүшөт. Бирок баарына чыдайм, анткени баарына чыдайм деп ушул кызматка макул болуп келгем.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1102, 19-25-январь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан