Үй шартында сыр жасаңыз

Майлуу, жумшак, туз татыган сырды жасоо үчүн завод, фабрикадан иштетилген сүт эмес, саалган уй сүтү болгону жакшы. Ошондой эле сырдын майлуулугу, салмагы сүттүн майлуулугунан көз каранды. Жасоо жолдору да оңой, колдо бар азыктар.

Керектелүүчү азыктар:

Уйдун сүтү – 1,5 литр

Каймак (сметана) –

300 грамм

Жумуртка – 4 даана

Туз – 0,5 чай кашык

Даярдоо ыкмасы:

1. Жумурткага туз кошуп бир массага келгенче чалабыз. Үстүнө каймакты кошуп аралаштырабыз.

2. Мискейге сүттү куюп отко коёбуз. Ысып калган кезде аралаштырганча жумуртканы аз-аздан куябыз. Аралаштырууну токтотпой сүттү кайнатабыз. 5-7 мүнөт кайнашы керек. Оттон чыгарган соң капкагын жаап 15 мүнөт коё турабыз.

3. Даяр азыктын суусун сарыктыруу үчүн даки керектелет. 3-4 катталган дакиге массаны куюп суусун кылдат сыгып алабыз. Дакиге бекем ороп, муздак жерге же муздаткычка коюп, үстүнө оор нерсе басытрабыз. Бир түнгө. Шашылыш болсо 5 саатка чейин коюу жетиштүү.

Колго жасалган сыр даяр!

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1102, 19-25-январь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан