(Башы өткөн сандарда)
xxx
Айзада түшүнөн чочуп ойгонду. Түшүнө Жакыпов кириптир... Ал Айзаданы "чындыкты айт" деп коркутуп жатыптыр. Кайсы чындыкты ай деп жатканын деле түшүнгөн жок.
– Уф,- керебеттин башындагы шамды жандырып, саатты карады, таңкы беш. Эки-жагын тиктеди, жанында мемиреп Аман уктап жатат. Акырын анын колунан бошонду да, шамды өчүрүп бөлмөдөн чыгып кетти.
Ашканага барып суу ичип ойлонуп отуруп калды.
Жакыпов аны издеп келген учур көз алдына тартылды.
xxx
Айзада көп күн үйдөн чыкпай жатып, дал ошол күнү азык-түлүк үчүн дүкөнгө чыккан. Анын сыртка чыгарын сезгендей Жакыпов күтүп туруптур. Үйдөн бир аз узаганда жанына кара жол тандабас келип токтоп, унаанын арткы эшиги ачылды. Айзада алайып туруп калды. Жакыповдун жүзү көрүндү. Кыз сыртынан бирдирбегени менен, көздөрү жалжылдап кубанып кетти. Сыртта бирөө-жарым көрүп калбасын деп машинага дароо отурду. Унаа жайдан жүрүп бара жатты. Жакыпов кызды акырын өзүнө тартып кучактады да, эрининен сүйүп койду. Кыз анын кучактаганына каршылык көрсөткөн жок.
– Кечинде жолугалы. Сени алып кетүүгө унаа жөнөтөм.
– А, Ася эже...
– Аларга өзүм айтып коём. Ал жакка мындан ары барбайсың.
Унаа токтоду, айдоочу түшүп барып эшикти ачып берип аны түшүрдү. Кыз жүрүп бара жаткан унааны узата караган бойдон түшкөн жеринде дал боло туруп калды. “Дарегимди кайдан тапты, бул жаңы дарек. Болбосо буга чейин мени аңдытканбы?” деп ойлонуп жатты. Азык-түлүккө чыкканын деле унутту. Дүкөнгө барбастан, түз эле үйүн көздөй жөнөдү кайра. Убакыт өтүп жатты, күн түштөн ооду. Кыз барсамбы, барбасамбы деп эки анжы ойдо турду. Эмне бар, эмне жок боёно берейинчи деген ой менен сумкасындагы косметикаларын керебеттин үстүнө төктү. Алардын арасынан Жакыповго ичирүүгө аракет кылып жүргөн уу көзүнө урунду. Барам, мындай мүмкүнчүлүк күндө эле боло бербейт. Мен андан өч алам дедим беле, баштаган ишимди бүтүрөйүн деп ойлонду. Ууну сумкасынын кичинекей чөнтөгүнө кайра салды да, боёнуп, кийимдерин үтүктөп жолугушууга даярдана баштады.
Такси чакырайын деп жатканда телефонуна “мен сага унаа жөнөттүм, номери 6633” деген СМС келди. Кыз күрмөсүн кийип, көчөгө чыкты. Унаа күтүп турган экен. Капкара Мерседес Манас проспектиси менен келип Түштүк магистралга бурулду. Кыз телефонго алаксып калгандыктан кайда келгенин байкабай калды. Бир хан сарайдын короосуна кирип токтоду унаа. Кызды бир жигит каршы алып, сумкасын текшерип баштады. Кыз ууну көрүп калабы деп коркуп кетти. Бирок жигит сумканын кичинекей чөнтөктөрүн ачкан жок.
– Шеф жарым саатка жетпей келип калат,- деген жигит кызды экинчи кабатка ээрчитип барып, бир бөлмөгө киргизди. Кыз видеокамера жокпу деген ойдо кооптонуп эки жакты карап, көзүнө эч нерсе чалдыктыра албады. Столдун үстүндө турган желим бөтөлкөдөгү сууларды байкады. Сумкадагы ууну алды да, эки бөтөлкөгө тең кошуп жиберди. Кагазды унитазга агызып жиберди.
Көп күттүрбөй Жакыпов келди. Кирип келери менен кыз анын моюнуна асылды. Айзаданын акылын сезими жеңип кетти. Көптөн бери көрүшө элек сүйүшкөндөрдөй эле керебетте бир топко эркелешип жатышты экөө. Эмнегедир бири-биринен чоочуркаган жок. Анан бир маалда Жакыпов туруп барып столдогу бөтөлкөнү алып капкагын ачты.
– Ичпе!- кыз жетип барып Жакыповдун колундагы сууну жулуп алды.
– Сага эмне болду? Ичсем эмне болот?- Жакыпов кызды таң кала карап калды.
– Мен Курманкуловдун кызымын.
– Эмне-е?- көзү чанагынан чыгып кетчүдөй бакырайды.
– Генерал-майор Курманкуловдунбу?
Кыз башын ийкеп өзүн күнөөлүү сезип турду.
– Сен эмне кылып жүрөсүң Асялардын колунда, мында?
– Мен негизи сен үчүн келгем.
– Мен үчүнбү?- киши аны ого бетер таң кала карады.
– Тактап айтканда, сенден өч алайын деп ушул жолго баргам.
– Өч?! Эмне болгон өч алуу?
– Атамдын өлүмү үчүн,- кыз эч нерседен корккон жок.
– Айзада, атаңдын өлүмүнө менин кымындай да тиешем жок, бармагымдын учу да тийген эмес ал ишке.
– Жол кырсыгын сени уюштурган деп айтылып эле жүрөт.
– Жок, үстүмдө караңгы түн, Кудай карап турат. Менин эч кандай тешем жок ага. Андай жолго эмнеге барайын.
– Кызмат үчүн, балким.
– Айзада, сени мындай жалган сөздөр менен ууландырган окшойт менин душмандарым. Мен кызматты сурап албадым. Курманкуловдун жанында көп иш кылдың, тажрыйбаң жетиштүү деп мени бекитишти.
– Чынында, ыраматылык Баатыр байкенин сендей кызы бар экенин билчү эмесмин. Болбосо ушунча убакыттан бери кабарыңды алганы барат элем. Байкенин жеке жашоосу жабык тема болчу. Биздин отуруштарга апаңды дагы ээрчитип келчү эмес.
– Билем, бизге бир залал келишинен коркчу,- деди кыз.
– Атайын менден өч алууга белсенипсиң. Мен сенин колуңа өзүм түшүп бердим. Анда эмнеге куткардың?- деди киши кызга карай.
– Мен... мен...- кыздын жүзүн каптай жаш агып жатты.
– Киши кызды кучактай бооруна кысты. Экөөнүн ичиндеги сезимдер бири-бирине туюлбай коюшу мүмкүн эмес эле. Башка бирөө болгондо Жакыпов мени өлтүрүүгө аракет кылган сен кимсиң деп, кызды жигиттерине салып берип, көргүлүктү көрсөтмөк. Бул кызга катуу үн ката албады. Ашыктык, сүйүү деген улуу күч деген ушул тура. Анын алдында ким болбосун алсыз. Ким болбосун сүйүүгө кол көтөрүп баш ийип берет тура. Экөө бир топко үн-сөзсүз отурду. Бир кезде Жакыпов кеп баштады.
– Айзада, мен сенин атаңды сыйлайм. Эгер сени таанысам сени менен бул нерселер болбойт эле. Мен ал кишинин кызы менен мындай мамиледе боло албайм. Болгондун баары ортобузда калсын. Менден эмне жардам керек болсо мен дайыма кол сунууга даярмын. Мына, бул менин телефон номерим,- визиттик карточкасын сунду.
– Жардам деле керек эмес,- кыз карточканы алуудан баш тартты.
– Айзада, Асяларга кайрадан барба, алар сендей чырайлуу кыздарды өз ишине тартуунун кандай болбосун жолун табышат. Мен болбогонумда сени небак бирөөгө салып беришмек.
– Өзүңдү анчалык эле маанилүү киши сезе бербе! Мен өзүмдү-өзүм коргой алам. Андай эле кыйын экенсиң, алардын ишин жаптыр да,- деди кыз тикирейе карап.
– Өзүңө этият бол, жигиттер сени жеткирип коюшат.
– Жок, мен өзүм эле кетем.
– Бул жакка такси келбеши керек, балдар жеткирет.
– Аа, сен коркосуң да, унутуп калган турбаймбы,- кыз бөлмөдөн чыгып кетти.
Аны бул жерге алып келген унаа короодо даяр туруптур, жигит эшигин ачып отургузду.
Унаага отурары менен кыздын көзүнөн мөлтүрөп жаш акты. “Мен чындап бул кишини сүйүп калдым окшойт” деди кыз ичинен.
xxx
Терең ойго чөмүлүп кеткен Айзада Амандын ордунан туруп кеткенин байкабай калыптыр. Сырткы эшик ачылганда гана баш көтөрдү.
– Аман, кетпе,- деп ашканадан чыга калды.
– Кеч болуп кетиптир, кете берейин,- деди Аман башын жерге сала.
– Биз али эч нерсени сүйлөшпөдүк. Шашпа, эртең мененки тамагыбызды ичели.
"Бизнес кылабыз деген" Айзаданын сөзүн эстеди да, Аман күтө турууну туура көрдү.
Айзада муздаткычтагы алдын ала даярдалган азык-түлүктөн бат эле тамак бышыра салды. Экөө дасторконго отурду. Түндө болгондор Амандын оюна кылт деп түшүп, ыңгайсыз болуп кетти.
– Мен сизден болгондордун баары үчүн кечирим сурайм,- деди Аман жер тиктей.
– Аман, түндө болгон түндө калды. Аны ойлоп бушайман болуунун кажети жок,- деди Айзада ишенимдүү...
(Уландысы кийинки санда)