“Апамдын май-майы...”

Алдымда бир бала телпеңдеп чуркамыш болуп баратат. Көп болсо 1-2 жашта го дейм. Буту бекип, өз денесин бекем кармай элек кези экен. Бир нерсени булдуруктап, апасы аркасынан чуркамыш болсо кыткылыктап күлүп коёт. Ансайын апасы баласына “жетпей” убара. Мен болсо бала термелген сайын жыгылып кетпесе экен деп өзүмчө эле сарсанаа болуп алгам. Чынында эле бала жыгылды, жер таянып чыр эле дей түштү. Апасы жетип, кийимин күбүп, кум-топурак жабышкан алаканын өөп “май-май” деп коёт. “Май-майды” угуп өзүмдүн балалыгым эске түшүп кетти. Тентек кыз болчусуң дешет. Жерге-сууга батпай чаң ызгытып ойночумун. Анан албетте, тентектигимдин денемде калтырган тактары бар. Майда-чүйдө тырыктар. Кээ бир тырыктар эмнеден калганы эсте жок. Айрымдары азыркыга чейин көз алдымда. Өзгөчө тиземде чоңураак тырык бар. 2-3-класста окусам керек эле. Классташтарым менен мектептен келе жатканбыз. Сумкалар менен чабышып ойноп баратабыз. Бир маалда классташ баламды катуураак чаап алдым окшойт, артымдан кууп жөнөдү. Тызылдап качып баратам... Эмнеге чалындым билбейм, жыгылып, бир топ жерди тизем менен сүрүп кеттим. Ак колготкимдин тизеси топурак менен кан аралашып эми шумдук эле көрүнүш. Оорутканы бир тең, классташтарымдын көзүнчө жыгылганым бир тең болуп ызаланып ыйлап жатам. Үйгө чейин жетелеп келип, дарбазага жеткенде классташтарым артын карабай качып кетишти. Ыйлаган боюнча үйгө кирдим. Апам “эмне болду, кокуй?” деп чочуп кетти кебетемди көрүп. Жыгылганымды угуп алгач башка чапты “абайлабайт белең” деп. Үйдө атам баласаак, болушчаак болчу. Апам болсо “жаман полицейский” эле. Апам чапканда атамдын үйдө жок болуп калганына өкүнүп кеттим. Анан апам акырын колготкимди чечип, бутумду жууп, “май-май... Болду эми оорубай калат” деп жаракатымды үйлөп койду. Чынында эле апамдын “май-майынан” кийин бутумдун ачышканы басылып, ойноп кеткем. Андай “май-майлардын” канчасын башымдан өткөрдүм. Балалык аң-сезим менен ал “май-майда” чынында эле дарылык касиет бардай сезилчү. Чоңойгондон кийин түшүнүп жатпаймынбы ал дары “май-май” апалардын эч нерсеге алмашкыс мээрими экенин.

Асыл

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1102, 19-25-январь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан