«Комуз менен баркым жогору»
– Кыргыз эли кичинекей жакшылык болсо да кубанычын тең бөлүшөт, ага жакын санаалаштарын чакырып той кылышат. Тойдун көркүн, шаңын арттырыш үчүн ырчы-чоорчулар керек. Андайда жаркылдап, болгон кайгыны ичке катып, жакшы маанайда ыр сунасың. Бул учурда мага жолдош болгон – комузум. Көөдөндөгү боштукту толтуруп, үнүңө көрк кошуп, угармандарды шаңга бөлөйт. Кээде шашкалактап комузу жок барып калган кезде көксөөм канбай, үнүм супсак чыгып, эки колумду кайда батырарымды билбей калам. Сөзсүз “rомузуңду ала келбейт белең” деген сөз угам. Чынында, комуз менен баркым жогору турат. Эстрадалык жанрда ырдасам, “сага комуз менен ырдаган жарашат”, “комуз менен ырдаганыңда үнүң ачылып, мукамдуу чыгат” деп калышат. Ак сөз. Устатым Мээрим Карыпова да “Эстраданы коюп, фольклордук жанрда эле ырдасаң. Сонун тембриң бар” деп калат. Комуздун аркасынан дүйнөнү кыдырдым. Буга ыраазымын. Улуунун учугун улоо менен улуу муундун арзуусуна толгон кандай ырахат?! Мен үчүн эң маанилүүсү – ак бата. Ар бир ырдаган сайын ак тилек айтып, бак тилеп турушат. Ушундан да көңүлүм жайдары, телегейим тегиз, ырыскым кемибей жүрсөм керек. Кээде унутулуп баратса, “бата берип коюңуздар” деп бата сурайм.
Комуз черткенди Балыкчы шаардык балдар музыкалык мектебинен үйрөндүм. Устатым – Максүт Жунушакунов агай. Мугалимден көп нерсе көз каранды. Эрке мүнөзүмө мээримдүү педагог туш келген экен, туура эмес ойносом катуу айтпай, акырын оңдоп-түзөп үйрөтчү. Сабакка барган сайын жаңы ырды черткенди үйрөнүп барчумун, андайда ыраазы болуп, мени мактап коёр эле. Мына ушундай мамиле мага чыгармачылыкка чоң шык берсе керек.
«Апамдын жалгыз кызымын»
– Бир жарк этип өткөн бир үзүм өмүрдө энеден ыйык адам болбос. Ниети аруу апам кичинекейимден жетелеп, көрөгөчтүгүн салып ар кыл долбоор-сынактарга катыштырып, таланттуу, күчтүү адамдардын катарына кошуп сүрөп жүрдү. Апам экөөбүздү бирдей тааныгандар менин ийгиликтеримдин себепкери апам экенин билишет. Эсимде, бала бакчага барган кезимде отургузуп алып кыргызча ырларды жаттатчу. Сөзүн, обонун гана эмес, кайсы жерден кандай бийлешти да үйрөтө турган. Анын баары күнү бүгүнкүдөй эсимде. Кийин комуз ийримине алып барды. Негизи ата-эненин баласына берген багыты өтө маанилүү. Балага жакпаган ийримдерге алып бара берсе, ал бала ийгиликсиз болуп, кийин жолун таппай калышы мүмкүн.
Апам олуттуу адам. Катуу айтпаса да, көз карашынан сестенип, бейчеки бараткан жолумдан түздөнүп калам. Келбети да сымбаттуу. “Апаңа окшошсуң” дешсе кубанам. Апамдын жалгыз кызымын. Жашоосунда, балким, көп ыйлагандыр, көп чарчагандыр, бирок анын бирин да бизге көргөзгөн да, билгизген да жок. 3 уул, бир кызды бапестеп бакты. Апам тууралуу “күчтүү аял, бардыгын өзү кылды, балдарын өзү бакты, өзү иштеди” деген сөздөрдү угуп калам. Турмуштун оош-кыйыштарына карабай түрлүү көйнөктөрдү кийгизип, кабагым-кашым дебей алдыга ишенимдүү кадам таштап, күлүп-жайнап өстүргөн апама ыраазымын.
«Кинодон көргөнүмдү туурап эле кыйкыра бериптирмин»
– Менин тирегим, жөлөгүм, үмүтүм, келечегим – уулум Алинур. Менин дүйнөмдөгү эң кооз ысым, эң жагымдуу ысым мына ушул. Менин “апа” деген статуска ээ болушума себепчи болгон, мени “апа” деп чакырган жарыгым уулум, асыл инсаным.
Кош бойлуу кезимде канча түшсөм да УДИден кыз экен дей беришкен. Кош бойлуу кезимде болушунча окугандарымды колдондум. “Төрөй турган аял көбүрөөк кыймылда болуш керек” дешет эмеспи, мен бийлечүмүн. Ай, күнүм жеткенде толготконумду деле сезген эмесмин. 25-майда – өзүмдүн туулган күнүмдө жарыкка келди. Ал күнү таңкы төрткө чейин досторубуз менен туулган күндө бийлеп келдим. Эртеси кечке чейин толготуптурмун, бирок кенебептирмин, толгоо экенин сезбептирмин. “Тез жардам” кызматын кайын сиңдим чакырып коюптур. Алар келип эле, “төрөгөнү калыпсың” деп алып жөнөштү. Түз эле төрөт бөлмөсүнө алып киришти. Эч нерсем даяр эмес, 8 ай эле болгон. Курбум, мурунку жолдошум, анын досу түн ичинде жалаяк издеп жүрүшөт. 8 ай бою токсикоз болгонмун, төрөт бөлмөсүндө да жүрөгүм айланып кусуп жаттым. Кайдан угуп келген билбейм, апам да толгоомду кошо тартып жанымда жүрдү. Мен болсо кинодон көргөнүмдү туурап эле кыйкыра бериптирмин. “Ай, болду!” десе үн-сөз жок жатып калганым эсимде (күлүп). Түнкү 11де апам күйөө баласына “Сүйүнчү! Уулдуу болдуң!” десе “жок, кыз болчу” деп талашыптыр. Ошентип, Алинурум жарыкка келди. Баламды колума алган күн жашоомдогу эң бактылуу күндөрүмдүн бири. Кудайга шүгүр, чоңоюп келатат. Таланттуу, жароокер, акылдуу, ой-чабыты кенен балам бар. “Быйтыгым, жөжөм” деп эркелетсем, “мама”, чоңойдум, антпеңизчи” деп калат. Ыймандуу, келечеги кең болсун. Таенеси экөө ынак. Таенесин да “мама” дейт. Бир эле тилеги – үйлүү жана аталуу болсок. “Өзүңдүн туулган күнүңдө эң чоң белек төрөп алыпсың. Анан калса өзүңдүн эле көчүрмөң” деп калышат көргөндөр. Уулумдун ууртундагы уячасынан бери өзүмө окшош. Чынында, уулум – жашоомдогу эң кымбат, эң чоң белек.
«Таенемдин шейшебин кесип алып сайма сайчумун»
– Жактырып калган ырларды кайра-кайра ырдагандан ырахат алам. Бала кезде таенемдин аркасы менен узчулукту үйрөндүм. Өрмөк согуу, шырдак шырып, курак куроо кадимки жумуш эле ал кезде. Алгач жүндү жууп-тазалап, сабачубуз, анан аны боёп, кийиз басат элек. Мектепте кол эмгек сабагынан түрлөп сайма сайып, илме шибеге менен токуганды үйрөттү. Буга аябай кызыкчумун. Таенемдин аппак шейшебинин этегин кесип алып сайма сайчумун. Илме шибеге менен баштык токучумун. Түймө түйгөндү да жакшы көрөр элем. Азыр болсо, көйнөк-көнчөктөрдү кесип-кыркып, бири-бирине жабыштырып, колго эле жаңы кийим тигип кийип алам. Ашканада бир тамакты өзгөчө жасайм деп бөлүп айта албайм, үйдө кандай азык-түлүк болсо, баарын аралаштырып жаңы рецепт ойлоп таап жасай берем.
Китепти сүйүп окуйм, поэзияга абдан кызыгам. Студент кезде китепканадан чыкпай ыр китептерди окуп отура берчүмүн. Азыр деле интернеттен жагымдуу саптар көзгө урунса, дароо сактап алам да, аны сүйлөгөндө колдоном. Көркөмдөп сүйлөгөн жагат. Текстти колго жазган жагат. Кагазга кат жазып бирөөгө жолдогонду адат кылып алгам. Таасирдүү болот. Социалдык тармактагы баракчама сүйүү сөздөрүн көп чыгарам. Ошондон улам “бирөөнү катуу сүйөт” деп ойлогондор да бар.
«Түркиянын белдүү ырчылары менен дуэт аткардым»
– Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде тилмеч кесибинде окудум. Мунун мага пайдасы көп болду. Түрк тилин билгенимдин артынан Түркиянын жер-жерлерин кыдырып, комуз менен, ар бир шаарынын шаардык оркестринин коштоосунда өзүмдүн чакан концерттеримди эки тилде бердим. Түркиянын белдүү ырчылары менен миңдеген көрүүчүлөрдүн алдында түрк тилинде дуэт аткардым. Бул мен үчүн чоң сыймык. Азыр деле түрк сериалдарын көрөм, ырларын ырдайм. Түрк улутундагы досторум көп. Түркияга көп да каттайм. Кооз жерлеринин дээрлик баарын көрүп келдим. Былтыр апам экөөбүз эс алып келдик.
Эгерде эрте турмушка чыгып кетпесем, көркөм фильмдерди, обондуу ырларды которгон котормочу болмокмун. Кичинемде кыргыз тили, адабиятынан мугалим болгум келчү. Олимпиадаларга катышчумун, дастандарды мектептен жаттагам. Ди-джей болуу кыялымды учурда ишке ашырып жатам. Диктор да болгум келчү. Алгач журналистика факультетине тапшырып, кайра “Манас” университетин тандап кеткем. Жакында автордук көрсөтүүм менен телеканалдардын биринен көрө аласыздар.
Гулийпа Маметосмон кызы