Айдай Исмаилова, Дубайдагы мекендеш: “Чет жакта жашап ийгиликке жетүү бакыт тартуулады”

“Кыялдан жана ошол кыялга жетүү үчүн аракет кыл” дейт каарманыбыз. Ал учурда өзү кичинесинде кыялдангандай жашоодо жашап жатыптыр. Каарманыбыз Айдай Исмаилова Дубайда сулуулук тармагында эмгектенет. Анын кыйынчылыктар жана ийгиликтер менен коштолгон эмгек жолун айтып беребиз. 

“Экинчи Дубайга барбайм дегем”

– Атым Айдай, 32 жаштамын. Дубайда жашаганыма 13 жыл болду. Иштеп, ата-энеме каржылык жактан жардам берейин деген максат менен келгем. Жаңы келгенимде кофешопто бариста болуп иштедим. Ошондо көп кыйынчылыктарга туш болдум. Жумуштун шарттары жакшы эмес болчу, жашаган жер менен камсыз кылышкан эмес, айлык акы аз, аны да толук бербей, кечиктирип берип жатты. Кээде тамак-ашыма да жетпей калчу. Жетекчилердин мамилеси да жаман болду. “Жумуштан кетем” десем, “анда айып пул төлө, биз сени Кыргызстандан алып келбедикпи” дешкен. Мен башкы кеңсеге чейин барып арыз жазып, иш сотко жетейин деп калганда акчамды төлөп, билетимди алып берип кетиришкен. Ошондо “Дубайга экинчи келбейм” дегем. Анан жарым жылдан кийин кайра келдим. Анткени дьюти-фриге вакансия чыгып калды. Андай жерлерде шарттар жакшы болорун билчүмүн. Жатакана беришти, жумушка автобус менен алып барып-алып кетчү. Тамак-аш берчү эмес, бирок айлыгы жакшы болчу. Ал жерде сатуучу болуп 3 жылдай иштедим. Андан кийин эле дьюти-фридеги косметика саткан дүкөнгө өттүм. Эсте Лаудер брендинин кремдерин, бетке кам көрүүчү каражаттарын сатчумун. Ал жактан бетке кам көрүү боюнча адис деген сертификат алдым, сулуулук боюнча консультант болуп көтөрүлдүм. Крем эле эмес, косметикалык каражаттарды да сатып баштадым. Косметика боюнча да квалификациям жогорулап, аны тастыктаган сертификаттарды алдым. Бул дүкөндө 1 жылдан ашык иштегенден кийин дьюти-фриден кетиш керек деп ойлондум. Анткени бир жерде көпкө отуруп калганды жактырбайм. Ошол жерде 40-50 жылдап иштегендерди көрүп коркчумун. Ошентип башка компанияларга резюме жөнөтүп, жумуш издеп баштадым. “Шальхоп” деген компанияга Гуччинин косметикасын сатып жумушка орноштум. Айлыгым мурдагыдан жогору болду. Ал жакта бир жарым жыл иштедим. Кийин мен иштегим келген брендге интервьюга чакырышты, аябай кубангам. Аябай өткүм келген. Ал “Мак косметикс” болчу.

“Стресс болуп, 3 күн ыйлагам”

– “Макта” иштеп жүрүп көп нерсени үйрөндүм. Профессионал мейкап артист болдум. Жумушумду жакшы көрчүмүн. 2 жылдай иштегенден кийин пандемия башталып кетти. Компанияда кыскартуулар болуп, мен да жумуштан кеткем. Ошондо стресс болуп, 3 күн дивандан турбай ыйлагам. Анткени карантин маалы, эч жакта жумушка албайт, алдыда эмне болорун эч ким билбейт. Бирок ошол учурга ыраазы болушум керек. Анткени бул кыйынчылык менин дагы да алдыга жылуума түрткү, өз ишимди ачуума себепкер болду. Жумушуң, документтериң жок болсо өз мекениңе кетишиң керек да. Мен андай вариантты такыр караган жокмун. Анткени өз жашоомду Кыргызстанда элестете алчу эмесмин. Канчалык Кыргызстанды сүйсөм дагы башка өлкөдө жашап ийгиликтерди багындыргым келчү.

Ошондон кийин фрилансер болом деп катуу аракет кыла баштадым. Бекер макияж жасап, аны сүрөткө тартып портфолио топтодум, Инстаграм баракчамды өнүктүрүп, веб-сайт түздүм. Резидент виза алдым, бул визаны алыш үчүн демөөрчүң болушу керек, же өз компанияң болушу керек. Өз компанияң болсо фрилансер же инвестор деп саналасың. Мен өзүмдүн компаниямды ачтым, 3 жылга виза үчүн
5 миң доллар төлөдүм, айтор, тобокелге бардым. Фрилансер болуп иштеп жатканыма 4 жыл болду, жыйынтык жакшы. Минтип өзүмө иштеп баштаганда Дубайда Аль-Руба сулуулук академиясы тренер болуп иштеп берүү үчүн чакырышкан. Ал жакта 2 жыл иштеп, 200дөн ашык окуучу окуттум. Эл аралык деңгээлдеги мейкап тренер деген сертификат алдым. Башка долбоорлорум болуп, жумушум көбөйгөндө ал жактан кеткем. Долбоор дегеним – жарнамалык роликтерди, видеоклиптерди тартканда визажист катары чакырышат. Андай жумуш кызыктуураак жана көбүрөөк төлөшөт.

“Кыялдарымды өз күчүм менен ишке ашырганыма сыймыктанам”

– Каалоо болсо, баары болот экен. Оюңду түздөп, аракет кылсаң, Кудай жардам берет. Дубайга келгенден 5 жылдан кийин апам менин 17 жашымда түзгөн каалоолорумдун картасын таап алып көрсөттү. Ал картада Дубайдагы эң чоң имараттардын биринин сүрөтү, азыр жашап жаткан үйүм, алгачкы унаамдын, азыркы унаамдын сүрөтү бар экен, көп өлкөлөрдү чаптаптырмын. Саякаттоо кыялым да ишке ашты, 20 чакты өлкөдө болдум. Мунун баарына өз күчүм менен жеткениме сыймыктанам. Күчтүү болуш үчүн жогоруда айтылган кыйынчылыктардын баарын басып өтүүм керек болчу. Мен жөнөкөй сүрөтчү жана ашпозчунун үй-бүлөсүнөнмүн. Ата-энем бай эмес, дайыма өзүм иштеп акча табууга аракет кылдым. 17 жашымдан иштеп баштагам.

Фрилансер болуп иштеп баштагандан 1 жылдан кийин Кыргызстандан үй алдым. Агама унаа алып бердим. Ата-энеме Дубайды көрсөттүм, аларга айына акча жөнөтүп турам...

Бош убагымда китеп окуйм. Эң жакшы көргөнүм – Жон Кехонун “Аң-сезим баарын кыла алат” деген китеби. Менин жашоомду өзгөрткөн ушул китеп. Бул китеп мээбизге өзүбүз буйрук бере аларыбызды, жашообузду өзүбүз башкара аларыбызды үйрөткөн. Китептерден көп нерсе үйрөнөм. Баналдуулукту, бир орунда турууну жактырбайм. Жумушумду жакшы көрөм, андан ырахат алам. Менин атам атактуу сүрөтчү Абылкасым Исмаилов. “Курманжан датка” тасмасында сүрөтчү-коюучу болгон. Мындан башка тасмаларда да иштеген. Кичине кезимден эле атамдын сүрөт тартканын көрүп чоңойдум, бул нерсе таасир берди деп ойлойм. Менин жумушум дагы сүрөтчүлүк, чыгармачылык да.

“КМШ өлкөлөрүнөн келген мастерлер бааланат”

– Макияж жасаганда кардарым өзүн күзгүдөн көрүп ыйлап жиберген учурлар болот. Таасирдүү, эргүү берчү учур ошол. Бир окуяны айтып берейин. Мен дайыма Сейшел аралдарына баргым келчү. Бир аял жумушум боюнча ошол жакка чакырып калды. Барып иштеп дагы, көрүп дагы келдим. Билетти өзүм алдым. Ал аял жашаган жерден кичинекей үйдү ижарага алдым. Анын үй-бүлөсү менен тааныштым. Азыркыга чейин алар менен жакын мамиледебиз, дайыма сүйлөшүп турабыз. Дубайга келсе тосуп алып коноктойм. Кийин жигитим менен барганда алар да аябай коноктошкон. Үй-бүлөдөй эле болуп калдык, ал эжени экинчи апам деп коём.

Айта кетчү нерсе, бул жакта сулуулук жаатында КМШ өлкөлөрүнөн келген чеберлер бааланат, биздики эмнегедир жакшы окшошот. Мен сабак берип үйрөтүп да калдым да, биз жеңил да үйрөнөбүз. Бул жазылбаган мыйзамдай эле, баары сулуулук чеберлери КМШ өлкөлөрүнөн болушу керек деп тандашат. Кыргызстандык көп мейкап артисттерди билем, ишинде аябай мыкты. Бири-бирибизди тааныйбыз, жардам берип турабыз. Азыр согуштан улам Орусия, Украинадан келген чеберлер да көбөйүүдө.

“Аялдарга болгон сый-урмат күч”

– Бириккен Араб Эмираттарынан көптү үйрөнсө болот. Мисалы, өлкөнү өнүктүрүүнү. Бул жакта жашоочулар үчүн түзүлгөн шарттар жакшы, жергиликтүүлөргө сый-урмат күчтүү. Биз, мисалы, өзүбүздүн өлкөдө туруп башка элдин алдында иштей беребиз го, бул жакта андай эмес. Жергиликтүү арабдар өздөрүнө же мамлекетке гана иштешет. Биздин өлкөдө да ушундай болсо жакшы болмок. Бул мамлекеттен аялдарды сыйлоону да үйрөнсө болот. Жашоо-шарт жакшы болгондуктан эли сабырдуу, дайыма жылмайып күлүп-жайнап жүрүшөт, баары бактылуу. Кыргызстанга барганда жаман көздөрү менен карап орой жооп бергендерди көрүп жаман боло түшөсүң. Кыргызстанга биротоло барам деген оюм жок азырынча. Дубайда жашап, төрөлө турган балдарымдын мүмкүнчүлүктөрү көп болсо дейм. Кыргызстанга качан болсо да кайтып барсам болот.

Дубайга келем дегендерге коркпой келе бергиле, кыялдарыңарды орундаткыла дегим келет. Бул жакта мүмкүнчүлүктөр көп. Баары адамдын аракетинен, ниетинен көз каранды. Ар ким өз жашоосуна өзү гана жоопкерчиликтүү экенин түшүнүшү керек. Кыялдангыла, кыялыңарга жеткиле!

 

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1102, 19-25-январь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан