"Ананайын” ыры тойлордо тынымсыз ырдалчу”

90-жылдардын хит ырларынын бири болгон “Ананайын” ырынын тарыхына кызыгып көрдүк. Эсиңизде болсо, бул ыр ар бир тойдо ырдалчу эле. “Ананайын, аттадың бир ак үйдүн босогосун. Өткөндү эстеп көңүлүң бошобосун” деген саптар бир жигиттин арманы катары сезилчү. Көрсө, андай эмес экен. Бул тууралуу ырдын автору Ашим Ахмедов айтып берди. 

Ашым, Ахмедов, автор: “Казак ырынан өзгөртүп алганбыз”

– Ош шаарынын Кер-Дөбө деген айылынан болом. Ошол айылда туулуп-өскөм, азыр Орусияда жашайм. Кичинемден эле музыкага кызыктым, гитарада жакшы ойночу элем. Ыр чыгарып, обон жазып жүрдүм. Атамдын агасы бар эле, “Ананайындын” казакча версиясын ошол агамдан угуп калгам. Бир күнү гитараны кыңгыратып отурсам, агам келип, “ой, сен ар нерсени кыңгыратып отура бересиң. Ырдаганда мындай ырдаш керек” деп ушул ырдын бир куплетин ырдап берди. Төрт эле сап болчу. Мага эмнегедир жагып калды. Бул казактардын ыры экен, обону, сөздөрү такыр башкача болчу. Мааниси бир турмушка чыккан кызга бакыт каалагандай болчу. Чынын айтыш керек, башындагы эки сабы эле казактардыкы. Бирок обонун, сөзүн мен жазып чыккам.

Негизи ар бир ырдын бактысы ачылып кеткен учурлары болот экен. Мен хит болуп кетет деген оюм жок, маани бербей жүрчүмүн. Бир күнү Жапалак айылындагы бир досум үйлөнүп калды. Тойдо биринчи жолу көп элдин алдында ырдап бердим. Белек катары арнап, аябай даярданып келгем. Ал жерде маркум ырчы, бөлөм Бахадыр Карыбаев да бар болчу. Ал ямахада ойноп берген. Ошол той “Ананайын” менен башталып, ошол ыр менен бүттү (күлүп). Ал тойдон кийин эле хит болуп кетти. Алгач Ош шаарында "Ананайынсыз" той өтпөй калды, кийин бардык аймакка тарап кетти. Башынан эле той ошол ыр менен башталып, той аягына чейин ырдалган да күндөр болгон.

Бахадырга бул ыр жагып калыптыр, бир күнү менден сурап калды. “Ырдай бер” деп койгом, ошол боюнча элге таралып кеткен. Менин мындан башка деле көп ырларым бар.

 “Өрүк, өрүк дегенде өрүк, өрүк,

Өрттөнөмүн, күйөмүн сени көрүп” деген ыр бар эмеспи. Элдик ыр да, жазып, иштеп чыккам. Ал кезде Ош филармониясында Гүлшайыр Садыбакасова директор эле, мени ишке чакырган. Бир аз иштеп, анан Орусияга кеткем, ошол боюнча музыка дүйнөсүнөн алыстап кеттим. Кийин хит болуп кеткенде ичи тардык кылган жокмун, тескерисинче, сыймыктанып жүрдүм. Кимге арналган деп сурап калбадыңбы? Мен негизи бирөөгө арнап ыр чыгарган эмесмин. Баарын эле жашоодон көргөн-билгендерден улам таасирленип чыгарчу элем. Ошондуктан көбү кайгылуу. “Ананайын” деле конкреттүү бир кызга арналган эмес.

Гүлнара Эрмаматова, ырчы Бахадыр Карыбаевдин аялы: “Ананайын” үчүн Бахадыр алтын саат менен сыйланган”

– Бул ырды Бахадыр жакшы көрчү, өмүрүнүн аягына чейин эле суранып ырдатып жүрүштү. 1996- жылы Ибрагим Жунусов ушул ыр үчүн диплом тапшырган эле. “Жылдын эң мыкты ыры” катары таанылып, алтын саат белек алган. Бахадыр ушул ыры менен элге таанылды, кээде өз аты унутулуп эле, аны “ананайын” деп чакырып калышчу. Биз 1994-жылы үйлөнгөнбүз. Үч балабыз бар, улуу кызыбыз Айжан ырдап жүрөт. Кийинчерээк атасынын хит болгон ырларын жаңылап ырдап элге тартууласак деген максаттарды коюп жүрөбүз.

Ананайын

Сөзү, обону

 Ашым Ахмедовдуку

 Ананайын, ананайын,

Аттадың бир ак үйдүн босогосун.

Өткөндү эстеп көңүлүң бошобосун.

Кайда жүрсөң бактылуу болоруңду

Мен кааладым, мен кааладым.

 

Кеттиң кайда, кеттиң кайда?

Күттүрбөстөн кайрылып келчи мага.

Мен өбөйүн бетиңден кайра-кайра.

 Кайда жүрсөң бактылуу болоруңду,

Мен кааладым, мен кааладым.

 

 Кара көзүм, кара көзүм,

Кара көзүм, карегиңден карачу элем.

Асмандагы жылдыздай самачу элем.

Кайда жүрсөң бактылуу болоруңду,

Мен кааладым, мен кааладым.

 

Сен ошондо, сен ошондо,

Жашың жетип он сегизге толгондо.

Сенин тоюң башка менен бир болгондо.

Кыялбастан ал тойго мен барганда,

Сен карадың көз кырыңдан.

 

 Кош бол, жаным, кош, бол жаным,

Мен сен менен түбөлүккө коштошомун.

Аргасыздан мен башкага баш кошомун.

Кимге барсаң бактылуу болоруңду,

Мен кааладым, мен кааладым.

Нуржамал Жийдебаева

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1102, 19-25-январь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан