Сифилисти дарылабаса дене чирийт

Кыргызда “уят болот” деп сөз кылууга тыюу салынган нерселер көп. Алардын арасында жыныстык жактан жугуучу оорулар, анын ичинде сифилис да бар. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына таянсак, 2020-жылы жер жүзүндө 7,1 миллион адам аталган оору менен ооруган. Гинеколог врач Айганыш Кадырбек кызы бул “сүйүү оорусун” көзгө илбей койсо кесепети эмне болорун айтып берди. 

Дарт чочко багуучунун атынан аталган

Дарттын качан, кайдан келип чыкканы боюнча көз караштар, божомолдор бир топ. Бирок оорунун аталышы венециялык врач, астроном, изилдөөчү жана акын Жироламо Фракасторонун 1530-жылы жарыкка чыккан “Сифилис же Галлия оорусу” аттуу мифологиялык поэмасынын башкы каарманы Сифилдин (ред.: кыргызча “чочкону сүйүүчү” деп чечмеленет) атына байланыштуу деп айтылат. Поэмада Сифил аттуу чочко багуучу Олимп тоосун байырлаган Кудайларды, атап айтсак Зевс, Аид, Гера жана башкаларды мазактап, “Кудайларга караганда жердеги падышалар, малы көп байлар атактуу” дейт. Ошондо Кудайлар ага оор дарт жиберишет. Сифилдин денесинин баарын жара басып кетет... Сифилис – ошол Сифил ооруган дарт деп түшүндүрүлөт.

Ооруну буралган жип сымал бактерия козгойт

Сифилис – жыныстык жол менен жугуучу, өнөкөткө айланып кетүүчү оору. Тери, былжыр чел, ички органдар, сөөк, нерв системин, кан тамырларды, ички бездерди жабыркатат. Дартты “кубарган трепонема” бактериясы козгойт. Анын өңү агыш тартып бозоруп  турганы үчүн “кубарган трепонема” деп аталып калган. Бактерия буралган, чаташкан жип сымал көрүнүштө болот жана өтө кыймылдуу. Көбүнчө теринин чийилген, сыйрылган, кесилген жерлери, былжыр челдер аркылуу кирип кетет. Организмге кирген соң алар былжыр челдерде, бездерде ар бир 30 саат сайын көбөйүшүп, лимфа суюктугу аркылуу тарай баштайт. Бактериялардын жашыруун көбөйүү мезгили 2 аптадан 2 айга чейин созулат. Аталган оору менен өлгөн адамдарда бактериялар 4 суткага чейин тирүү жашай алышат.

“Сүйүү оорусунун” бактериясынын жугуу жолдору

• Жыныстык катнаштан, өбүшүүдөн. Бактериялар жыныс кынынан бөлүнүп чыкчу суюктукта, спермада жана тери жарасындагы суюктукта сакталат

• Бейтаптын колдонгон буюмдары аркылуу. Жеке гигиенаны сактабай, оорулуунун колдонгон шейшеп, сүлгү, тиш жуугуч, сакал алгыч, идишин пайдаланганда жугат

• Ооруган аялдан ичиндеги түйүлдүккө өтөт

• Кан куюуда да жугат

• Органдарды көчүрүп, жамоодо

• Кызмат көрсөтүү аркылуу. Медициналык кызматкер, косметолог, тату-салондогулар бейтаптан жугузуп алышы мүмкүн. Өнүгүүнүн 1-стадиясы:

катуу жаралар пайда болот

Дарттын белгилери билинер замат дарыланбаса, өнөкөткө өтүп, стадиялар боюнча өнүгүп, ырбап кете берет.

1-стадия. Бактерия кирген жерлерде кызыл тактар жаралат. Анан ал жерлер катууланып, берчке айланып, берчтин үстүнө катуу, бирок оорутпаган жаралар чыгат. Алар “сифилистин катуу жарасы” деп аталат. Жаралардын айланасы тегерек тартып, ортолору жылтырап турат. Жаралар көбүнчө жыныс органдарга, сандардын ички бетине, көтөн чучукка, оозго, эмчекке чыгат. Аялдын жатын моюнчасына чыкса көрүнбөйт, андыктан билинбей жүрө берет. Аял оорунун булагы болуп калат. Жаралар 3-6 апта кармалып, анан жоголуп кетет.

Катуу жарадан лимфа бездери сезгенет, чоңоёт. Эгер андай жара эркектин жыныс мүчөсүнө чыкса, оң жана сол такымындагы бездер чочуйт, шишийт. Бездердин чоңоюшу 5-8 аптага чейин созулат.

Өнүгүүнүн 2-стадиясы: тактар денени каптайт

Дарттын 1-стадиясы аяктагандан кийинки 6-10 апталарда 2-стадия башталат. Денеде кычыштырбаган өңү ачык кызыл тактар пайда болуп, бүт денени каптайт. Тактар 2-6 аптадан кийин жоголуп кетет, башкача айтканда, жашыруун фазага өтөт. Бул этап дарт күчөй баштады дегенди билдирет. Оору абдан жугуштуу болуп калат. Бул стадия 2-5 жылга чейин созулушу мүмкүн. 

Өнүгүүнүн 3-стадиясы: дарыланбаса дене чирийт 

Бул стадия бир нече жылдан кийин башталат. Дарт кан, лимфа аркылуу бүт ички органдарга тарап, алардын иштөөсү бузулат жана катуу оорутууга өтөт. Дене табы көтөрүлөт. Тери, жүлүн, баш мээ да жабыр тартып, иштеши бузула баштайт. Көрүү, эс-тутум, угуу, ойлоо жөндөмдүүлүгү начарлап, чач түшөт, акырында адам тазга айланат. Кан тамырлар жарылып кетиши мүмкүн. Сөөктөр, булчуңдар, мурун, дегеле бардык ткандар чирий баштайт. 2 көздүн ортосундагы кайкыда тешик пайда болот. Адам шал болуп калышы да ыктымал. Мындайда адам дарыланбаса бүт денеси чирип каза табат. 

Диагноз үчүн кырынды, кандын анализи керек

Диагнозду аялдарга гинеколог, эркектер үчүн уролог же болбосо венеролог, дерматолог коюп берет.

• Кандын биохимиялык анализи. Мунун ичинде 3-4 түрдүү тесттен өткөрүп текшерүү бар

• Катуу жара болсо, анын бетинен алынган кырынды текшерилет

•Аялдын жыныс кынынан аккан суюктук, эркектин жыныс мүчөсүнөн чыккан суюктук текшерилет

•Жүлүндөн суу сордурулуп алып текшерилет

Ооруну антибиотиктер гана жеңет

Кош бойлуу аял ооруса оору ичтеги балага өтөт. Бала ара, өлүк же майып төрөлүп калышы мүмкүн. Мисалы, сөөк тутуму туура эмес өсүп, керең, сокур, мээнин олуттуу оорулары менен төрөлүүсү ыктымал. Кээде баланы бойдон алдыруу же жасалма төрөт аркылуу төрөтүү сунушталат.

Илгери, медицина өнүгө электе бул дартты организмди өтө уулантуучу, пайдасынан зыяны көп тийчү сымаптын буусу, сымап кошулган дарылар, элдик медицинанын каражаттары колдонулган. Айыккандарга караганда каза тапкандар көп болгон. Кийин пенициллин колдонула баштаган. Дарылоо оорунун стадиясына жараша 6 айга чейин созулушу мүмкүн. Негизинен антибиотиктер (мисалы, пенициллин, бициллин, цефтриаксон, эритромицин), витаминдер топтому жана башкалар колдонулат. Керек учурда кан куюлат.

Сактанганды Кудай сактайт

Оорудан кантип сактануу керек:

• Баш аламан жыныстык катнашка барбоо

• Жеке гигиенаны сактоо

• Оорунун белгилери байкалса дароо врачка барып текшерилүү, дарылануу зарыл. Жубайлардын бири ооруну жуктуруп алса, анда экөө чогуу текшерилип, дарыланууга тийиш жана башка.

 

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1102, 19-25-январь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан