ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 29-январдан 4-февралга чейин

КОЙ 
(21.03–20.04)

Сабырдуу болуп, майда-чүйдө нерселер үчүн ачууга алдырып, сүрүштүрүп-териштирбеңиз. Пландарыңызды бир сыйра иреттеп алганыңыз туура. Баары сиз каалагандай болбой жатса, кайсы бир окуяга же абалга көз карашыңызды өзгөртүшүңүз керек. Үй-бүлөдөгү гармонияга, бактылуулукка көңүл буруу менен жан дүйнө тынчтыгын табасыз. Бойдоктор, сүйүүдө сизге жаккан адамдын көңүлүн бурдуруу үчүн алдын ала жасалчу иш-аракеттериңизди дыкат пландашыңыз керек.

БУКАЧАР
(21.04–20.05)

Жалкоолук же башка шылтоолорду айтып өзүңүздү алаксытпай, спорт менен машыгууну баштаңыз. Кыймыл-аракет көп оорулардын алдын алат. Арыктагысы келген айымдар туура тамактанып, фитнес, йога менен алектениши керек. Юридикалык маселелериңизде башаламандык орун алышы мүмкүн, андыктан андай иштерди өз ишин мыкты билген адис менен бүтүрүшүңүз керек болот. Сүйүүдө талапчылдыгыңызды жакын адамыңыз туура эмес түшүнүүсү мүмкүн.

ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)

Бир жолу колуңуздан келбей калган ишти биротоло таштап салбаңыз. Кайра аракет кылып көрүңүз, экинчисинде сизге ийгилик жылмаят. Жумушта карьералык тепкичтен көтөрүлгүңүз келсе, жетекчиңизге алмашкыс кадр экениңизди далилдешиңиз зарыл. Бирок атаандаштарга эмоционалдык жактан туруштук берүүгө даяр болуңуз. Болочоктогу өмүрлүк түгөйүңүздү өтө идеалдаштырбаңыз, адамды кемчилик-артыкчылыгы менен кабыл алуу туура.

БӨЙӨН
(22.06–22.07)

Жолугушууга сунуш түшсө, ойлонбой макул боло бериңиз. Үй-бүлөлүүлөр ой жүгүртүүсүн позитивдүү жакка бурганы оң, күмөн саноо, шектенүү сезимдери адамды депрессияга түртүшү мүмкүн. Жылдыздар үйдө бекер отурбоого кеңеш беришет, жок дегенде үй иштерин жасап, короо-жайды иреттеп өзүңүздү жаман ойлордон алаксытыңыз. Апта аягында сүйүнүчтүү кабар угасыз, бул кабар чоң каржылык киреше боюнча маалымат болушу мүмкүн.

АРСТАН
(23.07–23.08)

Акырындык менен жашооңузга тоскоол болгон терс сапаттарыңыздан арыласыз. Сын-пикирлерди туура кабыл алып, жакшы жакка өзгөрүүгө аракет кыласыз. Бул апта сиз үчүн кайра жаралуу, жаңы башталыштардын мезгили. Өзүңүздүн күчүңүздү сезе турган эбегейсиз чоң күчкө ээ болосуз. Жашооңуздагы маанилүү адамды күтүлбөгөн жагдайда жолуктуруп каласыз. Сот иштерине байланышкан окуяларга аралашып калбайын десеңиз, чөйрөңүздү туура тандаңыз.

БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)

Айланаңызда сиздин чыдамыңызды түгөтүүгө аракет кылган бирөө болот. Бирок сиз анын торуна түшпөңүз, андан алыс болгонго аракет кылыңыз. Өзүңүздү сүйүү – бул эң башкы эреже болушу кажет. Кесиптештер жана достук мамиледе туруктуулук орун алат. Айрыкча кесипкөй болсоңуз, сиз жасаган нерселерге кызыккан адамдардын саны арбып, көпчүлүктүн көңүл борборунда болосуз. Үй-бүлөлүү мырзаларды жылдыздар сүйүүдөгү туруктуулук менен сынайт.

ТАРАЗА
(24.09–23.10)

Тилек-максаттарыңызга жетүү көбүнчө өжөрлүгүңүздөн көз каранды болот. Каалаган нерсеңизге жеткенде башка тартипти түзүшүңүз керек. Бул жаңы адаттын ийгилиги жаңы кыйынчылыктарды кантип чечкениңизден көз каранды. Аптада жашоо-шартыңызды жакшыртып, үйүңүздө оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп, жаңы эмерек сатып алып же жаңы үй ижарага аласыз. Сүйүүдө баары тынч жана ойдогудай болот. Үй-бүлөлүүлөр балдары менен чогуу чакан саякатка чыгып келели дешсе, жол ачык.

ЧАЯН
(24.10–22.11)

Сизди өсүп-өнүгүү үчүн кызыктуу мүмкүнчүлүктөр күтүп турат. Бул нерсе карьераңызда ийгиликке жетүүнүн жаңы жолдорун ачышы мүмкүн, өзгөчө команда менен иштөөгө жана идеялар менен бөлүшүүгө даяр болуңуз. Сүйүү мамилелеринде гармония жана түшүнүү мезгили башталат. Сүйүктүү адамыңыз менен баарлашууга ачык болуңуз жана сезимдериңизди бөлүшүңүз. Бойдоктор бир аз сабырдуу болушса, сүйүктүү адамыңыздан сөзсүз сиз күткөндөй жооп аласыз.

ЖААЧЫ
(23.11–21.12)

Жылдыздардын энергиясы аракетиңизге колдоо көрсөтүп, тырышчаак жана эмгекчил болсоңуз, олуттуу натыйжаларга жетише аласыз. Интернеттеги каржылык акча которууларга этият болуңуз, шылуундардын курмандыгы болуп калышыңыз мүмкүн. Жеке мамиледе “сүйүү жашка карабайт” деген кепти тереңден түшүнүүгө мүмкүнчүлүк болот. Тагыраагы, өзүңүздөн бир топ кичүү же бир топ улуу адам менен мамиле курушуңуз мүмкүн.

ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)

Достук чөйрөңүздү кеңейтүү үчүн ылайыктуу мезгил. Бул сизге көп тармакта түшүнүгүңүздү кеңейтип, тааныш арттыруу үчүн жакшы. Буга чейин чечилбей келген көйгөйлөрүңүздү толугу менен чечип алсаңыз болот. Чечим кабыл алууда жүрөгүңүздү угуңуз, акылга салсаңыз ойдогудай жыйынтык болбой калат. Үй-бүлөдө каржы маселесинен улам жакындарыңыз менен келишпестик чыгышы мүмкүн. Бул келишпестик сиз үчүн чоң сабак болот.

СУУ КУЯР 
(21.01–19.02)

Ортодогу сүйүүнү сактоо үчүн эки тараптан тең аракет керек экенин унутпаңыз. Эгер түгөйүңүз аракет кылбай жатса, балким, мамиледе тыныгуу алганыңыздар туура болот. Гармониялуу мамиле куруу үчүн түшүнүү жана колдоо гана керек, ичиңиздеги ыза, таарынычтардын баарын коё бериңиз. Жумушта айлык маянаңыз жогорулап, бул абал сиздин каржылык көйгөйлөрүңүздү чечет. Сизден кеңеш сурабаган адамга кеңеш берем деп өзүңүздү таңуулабаңыз.

БАЛЫК
(20.02–20.03)

Сизди кызыктуу бурулуштар күтөт. Карьераңызда чыгармачылыгыңызды көрсөтүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр пайда болот. Кайсы бир окуяны баштап, демилгелеп, сенсация жаратуудан коркпоңуз. Бул тескерисинче сиздин өзүңүзгө болгон ишенимди арттырат. Жан шеригиңиз “мени кызганбайсың” деп сизди айыпташы мүмкүн. Кызгангыңыз келбесе деле кызгангандай түр көрсөтүп коюңуз, бул нерсе ал адамдын сизге керек экенин сезүүгө жардам берет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1103, 26-январь-1-февраль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан