ЖОКЧУЛУКТАН МОЛЧУЛУККА КАРАЙ

Психологияда “барчылык” деген түшүнүк бар. Мисалы, адам күнү-түнү тытынып иштейт, бирок ага киреше агылбайт, тапканынын берекеси жок. Ал эми айрымдар колунун учун жумушка тийгизип койсо эле бүттү, миллионерлердей жашайт. Мунун сыры эмнеде? Психолог Барчынай Кадырбекова менен бирге жооп издеп көрөлү.

Психологиядагы жокчулуктан кантип арылса болот? 

-Кыргызда “ийгилик мээнет менен келет, ал эми оомат Жараткандан” деген сөз бар. Негизи кыргыздар жашоону жаратылыш аркылуу тааныгандыктан илгери эң туура жашашчу. Психологияда “жокчулук” же “жок” деген түшүнүк бар. Адам канчалык жан үрөп иштесе да ага чоң акча келбейт. Анткени анын жүрөгүндө коркунуч бар. Үч нерсе барчылыкты алыстатат: коркунуч, сараңдык жана ичи тардык. Эмне үчүн мындай? Адам бардык аракеттерди кылат, бирок түпкү аң-сезиминде (подсознание) кедейчиликтен коркот. Акчасын түгөтүп алам деп сараңдык кылат. Же иши жүрүшүп бара жаткандарды көрө албайт. Мына ушул үч абалда барчылыкка жол жабылып калат. Андыктан байыгыңыз келсе, коркуудан арылышыңыз керек. Андан арылуунун биринчи тепкичи – тобокелдикке баруу. 

Акча кандай адамга тартылып келет?

 

-Ишенимдүү адамга акча тартылат. Мисалы, бай болууну кыялдансаң, ага өзүң чын дилден ишенишиң зарыл. Ишеним жаралгандан кийин мүнөз калыптанат. Ошол сезимдер түпкү аң-сезимге жазылганда адамга акча тартыла баштайт. “Акчалуу болгум келип жатат” дей беребиз, бирок ошол жоопкерчиликке биз даярбызбы? Коркпогон киши гана жоопкерчилик ала алат. Экинчи тарабы да бар. Байлыкты сен үй-бүлөң менен жыргап жашаганы, элге мактаныш үчүн гана каалап жатасыңбы же  коомго пайдасы тийчү чоң иштер, бийик максаттар үчүн сурап жатасыңбы? Биринчи вариантында сага байлык келгени менен жүрөгүң тынч болбойт. Экинчи вариантында байлык көп убакытка келет, жан дүйнөң да тынч болот.

Байыш үчүн коркунучтан арылуу зарыл экен, бирок тобокелчиликтин да кесепети жеңил болбошу мүмкүн да? 

 

Туура. Психологиядагы “жокчулуктан” канткенде чыгып кетебиз? Андай абалдан адам бир нерсени жоготуудан коркпой калганда чыгат. Кантип коркпой калабыз? Биз жашоого жылаңач келдик, эч нерсе албай, кайра жылаңач бойдон кетебиз. Эч бир нерсе түбөлүк биздики болбосо, анда эмнени жоготуудан коркобуз? Мисалы, чоң акча жумшап бир бизнес баштадың. Башынан билесиң, балким, банкрот болуп, жумшаган акчаң күйүп кетиши мүмкүн. Бирок сен ошол мүмкүн болгон жоготуудан коркпой туруп кадам таштадың, ошону менен жүрөгүңдөгү коркунучту жеңдиң. Кыскасы, ушундай ой жүгүртүү аркылуу жокчулукту жүрөгүбүздөн чыгарып салсак болот.

Каниет, шүгүр кылуу деген түшүнүк бар. Бул нерселер психологиядагы барчылыкка таасир этиши мүмкүнбү? 

 

- "Шүгүр” деп көбүнчө ооз учунан эле айта беребиз. Бул сөздү жүрөк менен да, ооз менен да, абал менен да айтканда ал чыныгы каниетке айланат. Кээде бир ишти ойлоп эле койсоң ал ишке ашып кетет. Ал иш адамдын ошол каниет кылып жаткан учуруна туш келип калганы үчүн ишке ашат. Демек, бул дагы психологиядагы барчылыкты пайда кылат. Шүгүрдү жогоруда айтылган үч абалда (жүрөк, тил, абал) айтсаң, ал тез эле түпкү аң-сезимге жазылат да автоматтык түрдө сага иштей баштайт. Эми 24 саат бою баарына ыраазы болуп жашап жатсаң, жашооңдо негатив болбосо, бул абал сага кантип байлык тартып келбейт? Шарты ушундай эле, жөпжөнөкөй! 

Барчылыктын жөнөкөй формуласы кандай?

 

Бир притча айтып берейин. Дарыяда суу агып жатат, бир адам андан бир кашык суу алып, төкпөй жеткирейин деп калчылдап үйүнө бара жатат дейт. Кетип баратса ошол эле дарыядан эки чака суу алган киши тепилдеп жанынан өтүп кетет. Дагы бир киши чакадан да чоң идишке алган суусун ат арабага жүктөп шуулдап өтүп кетет. Ал тиги чака көтөрүп бараткандан да ашып кетиптир. Ошондо кашыкка суу алпараткан киши “эмнеге?” деп Жаратканга суроо салат. Жараткан “сен өзүңө ошол кашыктагы сууну гана ыраа көрдүң. Тигилер андан көбүн каалашты, мен эмне кылайын?” дейт экен.

Формула ушул эле. Сен өзүңө эмнени ыраа көрсөң, ошол болот. Сараңданып, балким, “меники болбой калат” деп шектене берсең, демек, аз маянага эле иштейсиң. Эгерде коркпой, бул ааламдын ырыскысын кашык эмес, чака менен алам десең, демек, барчылыкта жашайсың. Психологиядагы жокчулук - биздин мээбиздеги эле чектөө. Чектөөдөн чыга алсаң сага байлык келет. Бирок байлыкты жеке муктаждык үчүн эмес, коомго пайда келтирүү максатында тилеш керек.

 

Нуржамал Жийдебаева 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1103, 26-январь-1-февраль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан