Салидинас, ырчы: “Коомдук унаада харассментке кабылгам”

Бул аптанын каарманы ар бир сөзүнүн аягын жылмаюуга, тамашага айлантууга аракет кылган ырчы, жаркылдаган назик аялзаты – Салидинас. 

– Кандайсыз, Салидинас? Маекти ал-жай сурашуу менен баштайлы. Апта башында жер титиреп, көпчүлүктү чочутту. Сиз кайда элеңиз ошол учурда?

– Саламатсыздарбы? Мен ал убакта жумуштан чыгып үйгө жөнөп жаткам, унааны жылытып жаткан элем. Унаа бир аз термелип жатты, оюмда бирөө түртүп жатат окшойт дедим. Жер титиреп жатат деген ой келген жок. Бир аздан кийин токтоду, эмне болгонун түшүнгөн деле жокмун.  

– Сиз үй-бүлө кургандан бери маектеше элек экенбиз. Андан бери эмне өзгөрдү?

– Учурда убактымдын көбү үй-бүлөгө кетет. Оюмдун баары үй-бүлөдө. Уулдуу болгонбуз, аты Саян, 8 ай болуп калдык. Буюрса, төрөттөн кийинки депрессиядан да чыгарып алдым өзүмдү. Эмоцияны депрессиядан эмес, башка жактан чыгарайын деп, социалдык желедеги баракчама басым жасап жатам. Төрөгөндө аялзатынын, эненин баркын билет экенсиң. Апамдын баркын билип калдым. Апалар, бар болгула (күлүп)! Биринчи төрөт болгондуктан толгоону деле түшүнбөдүм. Баары “эң жаманы толгоо, төрөгөндө бир кыйналып, балаңды колго аларың менен унутасың” дешчү. Толгоо күтүүсүз жерден башталды. Аялзатына баа бердим. Ушунчалык сабырдуу, чыдамдуу болот экенбиз. Буюрса, азыр жакшы. Тыныгуудан кийин эргүү келип, иштегим келе баштады. Үйдө бала менен отурганда деле “мындай кылсамчы, тигинтсемчи” деп ар кандай идеялар келе берет. Аялзаты өзү эмоция менен жашайт экенбиз да.

– Кош бойлуу кезде аялзаты абдан эмоционалдуу, сезимтал болуп калат эмеспи. Мындай абалды жолдошуңуз кандай кабыл алды?

– Аай... Жолдошумбу, балким, мен өзүм туура эмес кылдым... Баары “сени жолдошуң аябай түшүнөт, колдойт” дешет, бирок төрөгөндөн кийин мени түшүнгөн адам болгон жок (күлүп). Мен башкача нерсе күтүп алгам, ал мени дароо түшүнгөн жок. Албетте, көңүл бурганга аракет кылып жатты, бирок мага баары бир жетишпей жатты. Аялга андай учурда аябай көп көңүл буруу, камкордук керек болот тура. Көңүлдүн баары балага кетип, сен сыртта калат экенсиң. Ушундай абалга кептелип, ыйладым ошондо. Негизи көп деле ыйлабайм, ошондо бир ыйладым, анан өтүп кетти (күлүп).

– Эне болгондон кийин кандай болуп өзгөрдүңүз?

– Негизи жаш балдарга анча жакын эмес элем. Мурда өзүмдү чайлдфримин деп ойлочумун. Айрымдар баланы көргөндө жакшы көрүп, эзиле беришет го, мен андай эмес элем. Бирок өзүңдүн балаңа келгенде ошентип калат экенсиң, жакшы көрүп, жакын болуп... Жакында “Материнская любовь” деген китепти окугам, ошондон кийин бала тууралуу көз карашым өзгөрдү.

– Окурмансызбы?

– Китептин биринчи абзацы эле жакса, окуп кете берем. Бирок көп окубайм, көбүнчө подкасттарды көрөм. Бала төрөгөндөн кийин апаларга тиешелүү подкасттарды көрүп баштадым.

– Мурунку маегиңизде "дүйнөлүк, эл аралык сынактарга катышсам" деген экенсиз. Ал үчүн кандай аракеттерди кылдыңыз?

– Чынын айтсам, ошондон кийин эле мотивациямдын баары түшүп кеткен. Көрсө, ал нерсе менин эмес, күйөөмдүн мотивациясы экен. Жолдошум ошол нерсени жакшы көрөт, бирөө менен атаандашып туруш керек, ал мени менен да атаандашкысы келет. Бирок аны менен атаандашканга күчүм жок, мен аны “сен жакшысың, мен жөн эле аткаруучу болоюн, сен башкысың” дей берем. Мурда анын мотивациясын өзүмө сиңирип алып “ушундай кылгым келет” дей бериптирмин.

– А сиздин каалооңуз эмне экен?

– Мен ыр чыгаруу жагынан жокмун, андай талантты Кудай күйөөмө бериптир. Мен өзүмдү аткаруучу катары туура багытта алып кетишим керек. Анан жөн эле ырдай бербей, жан дүйнөмө жаккан ырларды ырдоого басым жасайм. Акыркы кезде ырлар бат-бат чыгып жатат, бирок элге сиңимдүүсү аз. 

– Сиздин оюңузча, элге сиңимдүү ыр кандай болушу керек?

– Азыр баары Тикток көрөт да. Ырлар 15 секундга чейин адамды өзүнө тарта алса, демек, ошол ырдын бир нерсеси бар, сиңимдүү болот. Менин жан дүйнөмө лирикалык, анан чыгыш ырлары жагат. Ошого басым кылсамбы деп жүрөм.

– Бала кезде кандай элеңиз?

– Бишкекте төрөлгөм, бирок Ошто көп жашадым. Ата-энем Алайдан болушат. Жайлоого чыкчубуз, бир топ тентек болчумун. “Шустрая, хитрая лиса” болчумун (күлүп). Азыр деле ойгонуп кетет ал сапаттарым. Негизи мүнөзүм ачык. Кичинемден эле бирөө жакпаса “сен мага жакпайсың” деп бетине айтып салчумун. Балалыгымда таенемдин үйүнө көп барчумун, конфеттер каякка катылганын мен эле билчүмүн. А бөлөлөрүм билчү эмес. Апамдын эжесинин 5 кызы бар, а мен жалгыз элем, сиңдим төрөлө элек кез. Мен ошол беш кызга тете ызылдачумун. Балалык дегенде Алай эске келет, талаада ойночубуз, жүгөрүлөрдү куурчак, бака жалбырактарды акча кылып ойногонум эсимде. Кийин 2-класста “Ак шоола” балдар хоруна кошулуп, ошондон баштап бир эрежеге түштүм. 11-класска чейин ушул хордо жүрүп, көп нерсе үйрөндүм. Башкалар кышында чана тээп ойношсо, мен телеканалда “Жаңы жыл” деп ырдап жүрчүмүн. Кичинемде энергиямдын баары “Ак шоолага” кетчү.

– Азыр энергияңызды каякка сарптап жатасыз?

– Азыр балама, чыгармачылыгыма, Инстаграмга. Инстаграм деле азыр мурдагыдай болбой калбадыбы. Эл кызыгып көрүп туруш үчүн маскарапоз болушуң керек.

– Хейтерлериңиз барбы?

– Бар, толтура. Аларды кээде “эмнеге минтип жазат?” деп жатып психологияга кирип кетем. Бирок аябай деле оор кабыл албайм. Кыздар бири-бирин колдосо дейм. Мага кыздар хейт жазса таң кала берем.

– Аялдар зордук-зомбулукка кабылган окуялар көп болууда. Акыркы кезде харассмент деген термин кеңири жайылууда, харассментке кабылдыңыз беле?

– Ооба, кабылгам. 9-класс кезим болсо керек. Күндүзү эле болгон окуя, эстесем, коркунучтуу. Коомдук унаада кетип бараткам, тыгылыш. Бирөө эле кармалайт, ким экенин билбейсиң, сыр бербейт. Түртүп жатып кутулгам. Экинчи жолкусунда бир бала артымдан ээрчип үйүмө чейин барган. Мектеп учурунда жаш балдар жамбашка чаап кеткен учурлар болчу.  

– Чыгармачылык, ырчылык сиз үчүн эмне?

– Мен үчүн көңүлүм менен жасаган жумуш. Мисалы, мага ырдап жаткандагы процесс жагат. Концертте ырдагым келет, тойдо ырдоо анча жакпайт. Тойдо сени эч ким карабайт деле,
а концертте элдин баарынын көңүлү сенде болот. 

– Өзүңүздүн кабыл албаган сапатыңыз?

– Өзүмдү кабыл алган процесске эми келип жатам. Буга чейин бир нерсе болсо, сөзсүз күнөөлүүнү издечүмүн. Бул туура эмес экенин эми билип, аны кабыл алып, оңдоого аракет кыла баштадым. Анткени бул мамилени бузат, уруш-талашка жеткирет.

 

 Гулийпа Маметосмон кызы   

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1103, 26-январь-1-февраль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан