Марлен Маматалиев, Жогорку Кеңештин депутаты: “Ал депутатты чет элдик кримавторитетке кат жазат деп ойлогон эмесмин”

– Марлен мырза, банктарды элге берилген насыялардын үстөк пайызын төмөндөтүүгө милдеттендире турган мыйзам долбоорун демилгелеп чыктыңыз. Мындай демилге парламентте мурун да көтөрүлгөн эле. 

– Ооба, сиз айткан мыйзам долбоорун кесиптешим Шарапаткан Мажитова экөөбүз жазып чыктык. Кабыл алынып калса элге чоң жардам болмок. Өзүңүздөр билгендей, биздин жарандардын 60-70 пайызы насыя менен жашашат. Той өткөрөбү же үйүнө чоңураак буюм алабы, баары насыяга алынып калбадыбы. Насыясын төлөй албай үйүнөн, унаасынан жана башка мүлктөрүнөн ажырап калган жарандарыбыз да көп. Анткени биздин банктар берген насыялардын пайыздык чени жогору, болбогон акча алышып, ал эми төлөөгө келгенде олчойгон суммаларды төлөп жатышат. Пайыздык чендер 40-50 пайызга чейин, ал эми күрөөканаларда 100 пайызга чейин коюп алгандар бар экен. Бул элдин чөнтөгүн какшытуу. Негизи банктар элге насыяга берип жаткан акчалар – байлардын депозитке койгон акчалары жана сырттан алынган насыялар. Убагында депутат болуп турганда Өмүрбек Текебаев “элге берилген насыялардын үстөгү 30 пайыздан ашпасын” деп мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип кеткен. Бирок ошондо банктын өзүнүн 14-15 пайызы бар деген нерсе эске алынган эмес. 30 пайыздык үстөккө банктын өзүнүн 15 пайызын кошкондо 45-50 пайызга чыгып элдин капчыгына сокку урулуп жатпайбы. Биз азыр Улуттук банкка айтып жатабыз “өзүңөрдүн да, сырттан алынган жана депозитке коюлган акчалардын да пайызын түшүргүлө” деп. Албетте, алар “биз пайда көрбөй калабыз” деп жатышат, бирок буга чейин пайда көрүп эле келишкен да. Бир аз напсисин, кекиртегин тыйышса эле элге жеңилирээк болмок.

– Талкуу чордонунда турган окуяны аттап өтпөйлү. Жакында өлкөбүздө бир нече ЖМК өкүлү кармалып, камакка алынды, бул боюнча көз карашыңыз кандай?

– Бизди дүйнө Борбор Азияда демократиянын аралчасы деп тааныйт. Ошол сөз эркиндиги, демократия, адам укуктары боюнча жетишкендиктерибизди сактап калышыбыз керек. Бирок ар бир окуяны жекече териштирүү зарыл. Журналисттердин кармалышы кайсы бир ЖМКга басым жасоо, коркутуу иретинде жасалган окуя болсо, анда бул туура эмес. Эгерде реалдуу түрдө кандайдыр бир мыйзамсыз иштери бар экени далилденсе, анда бийликти колдойм. Эмне үчүн? Кесиптешибиз Эмил Жамгырчиевдин окуясын айтып кетет элем. Мисалы, ал баланын башка мамлекеттеги кримавторитетке кат жазары оюбузга да келген эмес. Ошол жазылган катты бизге көрсөтпөй туруп “Жамгырчиевге кылмыш ишин козгоого макулдук берип койгула” десе, биз бербейт элек. Каттын мазмуну белгилүү болгондон кийин, албетте, көз карашыбызды өзгөрттүк. Ушул сыяктуу эле мандатка же бир ЖМКнын атына жамынып алып мыйзамсыз иштерди жасаса, анда биз каршы чыгабыз.

– Парламентте сиз жетектеген “Ынтымак” фракциясына “эт менен челдин ортосунда” деген сын да айтылып жүрөт. Бийликтин жакшы ишин айтуу оңой, ал эми туура эмес иштерин ачык айта аласыздарбы?

– “Ынтымак” фракциясы элдин кызыкчылыгына каршы иштеген бардык маселеде каршы пикирин айта алат. Мисалы, ундун кымбатташына каршы пикир айтканымда “Маматалиев, тормози-сникерсни” деген какшыкты укканбыз. Пенсиялык реформа кылабыз, пенсияларды түшүрөбүз дешкенде каршы чыгып, өзгөрүлбөй калды. Медайымдардын айлык маянасынын аздыгы боюнча Эдил Байсалов менен талашып-тартышып, ага ишенбөөчүлүк көрсөткөн биздин фракция болду. ИИМ оң рулдуу унаалар менен такси кылганга тыюу салалы, кырсыктын баары ошондон болуп жатат деп мыйзам сунушташканда өткөрбөй койдук. Сиз айткандай коён жүрөк болсок, анда айыл чарба министрине “Сникерстен берип койгулачы, токтобой иштесин” деп катуу сөздөрдү айтпайт элек да. Биздин фракцияга карата айтылган андай сын-пикирлерге кошулбайм. Парламентте кандай демилге көтөрүлсө да “өкмөттүкү болсо эле колдойбуз, куп болот” деген топ бар чынында. Ал эми “Ынтымак” фракциясынын өз позициясы бар. Айрым учурларда гана президент өзү аралашып, суранып калса колдоп берип коёбуз. Мисалы, туу маселесинде ошондой болду.

– “Ушул мыйзамды мен жазгам” деп кайсы мыйзамды айтып сыймыктана аласыз?

– Биз 2 жыл ичинде 36 мыйзам долбоорун жазып чыгыппыз. Көпчүлүгү экономикалык багыттагы мыйзамдар. Мен алтын боюнча мыйзамды баса белгилеп айта алам. Анткени буга чейин Кыргызстандан өндүрүлгөн алтындын 1 граммы да өзүбүздө калчу эмес. Биз биринчилерден болуп “30 пайыздан кем эмес алтын өзүбүздө калсын” деп мыйзам жаздык. Ошол мыйзам кабыл алынгандан кийин алтынга 62 лицензия берилиптир. Ал мыйзамды жазбаганыбызда азыркы миллиарддаган акчалар кыргыз экономикасына түшмөк эмес. Педофилдерге жазаны күчөтүү боюнча мыйзамыбыз да иштеп, учурда андай окуялар азайганын айтып жатышат.

– Парламентте кайсы бир мыйзамга макул деп добуш берип, бирок кийин өкүнүп калган учуруңуз болгонбу?

– Болгон. Казинолор боюнча мыйзамга “макул” деп добуш бергениме өкүнөм. Чынында ал күнү жумушта эмес болчумун, компьютеримди жаап “добуш бербейм” деп койсом деле болмок. Бирок менин компьютеримден добуш берилди, менин ордума башка бирөө кнопка баскан күнү деле жоопкерчилик менде. Ушул маселеде кичине көңүлүм ооруйт.

– Эмоционалдык интеллектиңиз канчалык жогору? Социалдык желеде сизге сын жазган колдонуучуга абдан ачууланып комментарий жазганыңызды окуп калдым эле...

– Акты кара, караны ак деп жазгандарга ачуум келет. “Депутат болуп эмнени кыйратты, бир иш кылган жок” десе кантип жиниң келбейт? Мен көтөргөн маселелерди карабай, жазган мыйзамдарымды окуп чыкпай эле каралай берсе болбойт да. Адам бир нерсе жазардан мурун талдап, ой жүгүртүшү крек. Эң көп мыйзам жазган рекордсмен депутаттардын биримин, ишке бардык кесиптештерден эрте келип, эң кеч кетем. Түнү-күнү иштегениңди көзгө илбей бирдемелерди жаза берсе, албетте, чычалайм. Чындык чыркырайт дейт го, менин чындыгым да ушундай. Бирок жөндүү сын айтылса кабыл алууга даярмын. Мына, 2 жыл ичинде жарандардан 2800 кайрылуу түштү, алардын 2300үнүн маселесин толугу менен чечип бердим. Калгандары ар кандай статуста. Мен, мисалы, сот чечимдерине кийлигише албайм, үй алып бер же баламдын операциясына керек деп чоң суммаларды сурап келишет. Андай учурларда колдон келишинче гана жардам бере алам. Ким жардам сурап кайрылбасын жок дебейм, кээде ушул “жок” дей албаган сапатым менин кемчилигимби деп ойлоп кетем. Айрымдар ал нерсени милдет, карыз катары түшүнүп алышат экен. Негизи мен “жок, ал иш колумдан келбейт” деп деле баш тарстам болот, бирок аракет кылам дей берем да. Кээде менин жумшактыгымды да пайдаланып кетишет.

Лунара Бекиева

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1103, 26-январь-1-февраль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан