Шоола (Ага-ининин ортосундагы карама-каршылыктар, кыйынчылыктар, эч нерсеге байланбаган сүйүүнү баяндаган сериал )

(Башы өткөн сандарда)

Шоола Канатты бир көрсөм болду, андан ары өз жашоом менен жашайм деп ойлогон эле. Бирок андай болбоду. Көз алдында жаркылдаган анын элеси. Күлгөнү. Кыймылдаганы. Куду баңгизатка азгырылгандай  эле кайра ошол адамды көргүсү бар. Сүйлөшкүсү, эң жок дегенде алыстан карап тургусу келет. Аны көрбөй жүрүү азыркы абалына караганда жакшы экен. Минтип бир ордунда тура албай кыйналбайт эле. Бир шаарда жашап, бир абадан дем алып жатканын билип туруп, андан алыс болуу азап тура. “Болду эми, токтот” деп өзүн-өзү урушат. Бирок кайра эле жигиттин элеси көз алдына келип, көрсөм деп көксөп жатты. Апасы жумушта. Өзү капастагы чымчыктай ары-бери баса берди. Оюна Жанат түштү. Анын үйлөнүп, балалуу болуп, жогорку кызматтарда иштеп жүргөнүн билчү. Аны менен байланышып, ал аркылуу Канат тууралуу билгиси келди. Жанат дагы аны жакшы көрүп, жалынына күйүп жүргөнүн ал кайдан билсин. Дароо аны социалдык тармактардан таап, жазмай болду.

– Салам! Бул мен, Шоола.

Жанат иш столунда отурган эле, бул билдирүүнү окуганда отургучунан кулап кете жаздады. Так ушул учурда ал Шооланы ойлоп отурган болчу. Куду анын оюн окуп тургандай  Шооланын жазып калганына таң калып да, сүйүнүп да кетти.

– Салам, сен кайдан?

– Бишкектемин, жаңы эле келдим. Өзүң кандайсың? “Канат кандай?” деп сурап жибере жаздап барып токтоду.

– Жакшы, буюрса. Баары жакшы.

Өткөн-кеткенди сурашты, Жанат толкундануудан тердеп чыкты. Ошол күнү алар жолугуша турган болушту. Жанат ресторанды кылдаттык менен тандап, өзү да жакшынакай кийинип, эрте келип күтүп турду. Улам саатын карайт. Бир кезде анын карааны көрүндү. Канча жылдар өтсө да аны дароо тааныды. Болбосо аябай өзгөрүлгөн экен. Секелек кезинде эле сулуу эле да, эми баралына келип маңкайып, чыныгы аялдык назиктик кошулуп чүрөк болуп калган экен. Өзүнө жарашкан саркеч кийинип да алыптыр. Жүрөгү дүкүлдөп чыкты. Жашоосунда эң чоң экзамендерде да мындай тердеп-тепчибесе керек эле. Шоола жай басып келе жатты. Саламдашып, бет маңдай отурушту.

– Абдан өзгөрүпсүң!- деди Жанат андан көзүн ала албай.

– Сен дагы өзгөрүпсүң. Бирок эмнегедир мен сени так ушундай болот деп элестетчү элем,- деди Шоола жылмайып.

– Кандай?

– Олуттуу, салмактуу, ийгиликтүү. Анан дагы көз айнекчен...

Экөө тең күлүп калышты. Тамакка буюртма беришип, классташтарын эстеп, бири-бирине ийгиликтерин айтып берип бир топко отурушту. Бир гана Канат тууралуу сүйлөшө алышпады. Жанат дүйнөдөгү бардык нерселер тууралуу айтып берди да, бир гана Канат тууралуу үн каткан жок. Канат деген таанышы жоктой, Шоола менен анын сезимдерин билбегендей такыр кеп кылбай койду. Шооланын күткөнү Канат тууралуу сөздүн болушу эле да. Акыры ичи бышып кетти да өзү сөз баштады.

– Канат кандай жүрөт?

Канчалык өзүн кармайын дегени менен эриндери титиреп, үнү каргылданып кетти. Жанат да сезип калды. Тамагын кыра жөтөлүп алды. Бир саамга эмне десем экен деп ойлоно түштү.

Бир эсе укмаксан болуп коёюн деди, бирок баары бир кайра сурайт деп ойлоду.

– Канат жакшы, спортто жакшы ийгиликтерге жетишти. Көрсөң керек өзүң деле интернеттен. Дайыма интервью берип,  дайыма кыздар менен, сый үстүндө, кыскасы, жашоосу бейиш! Мага караганда ал дайым популярдуу да, кыздар жанында,- деп күлүмүш этип койду.

– Жашоосунда бирөө барбы туруктуу?- деди Шоола чыдамы кете.

– Ошону билбейм,- деп ийинин куушурду Жанат.

– Менимче, туруктуу сүйлөшкөнү жок. Качан үйлөнөрү деле белгисиз, менин уулум менен аябай жакын дос.

– Мен тууралуу сурайбы?- деди жанталашкан Шоола. Жанаттын жүрөгү зырп этти. Шооланын көздөрү жалжылдап кетти. Канат тууралуу удаама-удаа суроолордон кийин гана бүгүнкү жолугушуунун шылтоосу Канат экенин сезди. Дагы бир жолу жеңилди. Канатка бара турган жолду издеген үчүн гана Шоола аны менен байланышкан экен да. Анын намысына бычак болуп тийген ушул нерсе болчу. Чекеси тырыша түштү. Шоола эч уялбай андан жооп күтүп турду.

– Кел, винодон алып отурбайлыбы?

– Жок, мен спирт ичимдигин такыр ичпейм да.

– Сен мурункудай эле спортту жакшы көрсөң керек?- деди Жанат.

– Спорт менен достошконго Канат жардам берген го мага, бирок кыйратпайм деле. Болгону залга барам, эртең менен чуркайм.

Шоола жылмайып алды. Канат ага спорт, андагы каармандар тууралуу айта берчү.  Зордоп эртең менен тургузуп чуркатчу, тоого же табият коюнуна чыкканда өзү менен чогуу жетелеп алып далайга бастырчу эле. Ал кезде Канат үчүн эле макул болуп койчу, бирок кийин гана бул нерселер ден соолугу үчүн канчалык керек болгонун түшүндү. Назик, кечке ооруй берген кызды Канат кантип чыйралтты, ал өзүнчө тарых. Ошолорду эстеп бактылуу жылмайып алды. Ойлорун Жанат менен бөлүштү.

– Ооба, ал башынан эле ошондой болчу. Азыр деле ошол Канат. Менин уулумду залга алып барып кызыктырып жүрөт,- деп күлдү Жанат.

– Кандай бактылуусуң сен, Жанат?- деди Шоола.

– Сүйүктүү жарың, уулуң бар. Жашоодон эмне кааласаң жеттиң. Ден соолугуң да жакшы. Менимче, сен эң бактылуу адамсың!

– Билбейм, балким...

– Канат бактылуубу?

– Канат мага караганда дайыма бактылуу жүрөт. Азыр да, дал ушул учурда да ал менден бактылуураак. Ушуга ишенип кой.

– Ишенем, анткени ал Канат да!- деди көзүнө жаш ала жылмайган Шоола. Ушул сөздүн өзүндө экөөнүн тең бактысыздыгы жаткан эле. Андан ары сөз уланбады. Шоола сылык коштошуп, Жанаттын “жеткирип коёюн” дегенине болбой такси менен кетти. Жанат да үйүнө жөнөдү. Үйүнүн босогосун аттап эле Канат менен уулунун каткырып күлүп жатышканын укту. Кийимин чечип, балага кошулуп жан дили менен ойноп жаткан агасын карап турду. Чындап бактылуу бул! Эч бир санаасы жок. Тиги жакта чүрөктөй болгон Шоола аны сагынып, дагы деле үмүт кылып, дагы деле ага карата жол, бир жылчык издеп жатканын билбейт. Жинденип кетти эмнегедир. Бир топто гана кылчайып караган Канат анын босогодо өзүн тиктеп турганын байкады.

– Ой, сен качан келдиң эле?

– Салам, аз эле болду.

– Бул тентекти мен алдым да бүгүн бакчадан, ошого силердикине келгем. Сен мынча кеч келчү эмес элең?

– Бир иштер чыгып калды.

– Кандай болсо да түз жүр, макулбу? Сени үй-бүлөлүү адам дейт,- деди Канат ага жакын келип шыбырай.

– Ээй, барчы, акыл үйрөтпөй.

– Бар, келинчегиң буруксуган атырдын жытын сезгиче жуунуп ал,- деди Канат ага олуттуу карап.

– Эмне-е?

– Ага эмес, мага чейин жыттанып жатат аялдын атыры!

– Оюң жаман сенин.

– Жанат!

Канат анын көздөрүнө карады. Мээримдүү, дагы да болсо аны коргогусу келген, ал үчүн санааркаган көздөр. Жанаттын ыйлагысы келди. Канаттын таза дилинен улам өзүнүн кир ойлорунан өзү жийиркенип кетти. Жок, эмнеге бул ушунчалык таптаза? Ал өзү...

– Шоола!- деди анын суроолуу көздөрүнө туруштук бере албай.

Канаттын жүрөгү дирт эте түштү. Ушул атты унутам деп, а балким, унуттум деп жүргөн эле да. Ичи уйгу–туйгу болуп кетти.

– Ал шаарда, Канат. Шоола келди. Бүгүн аны менен жолуктум!

Канат теңселе түштү. Эмне деп дөөрүп жатат бул? Ичип алганбы? Жүзүнө жакшылап карады. Сопсоо, бирок көздөрү башкача. Коркунучтуу...

 

(Уландысы кийинки санда)   

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1103, 26-январь-1-февраль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан