Зордуктоо кылмышы: Эми тараптар элдешип алышты деп кылмыш иши токтотулбайт   

Кыргызстанда мындан ары зордуктоо кылмышы боюнча козголгон кылмыш иштери “эскирүү мөөнөтү өтүп кетти” же “тараптар элдешип алышты” деген жүйө менен токтотулбайт. Тийиштүү мыйзамга 23-январда президент Садыр Жапаров кол койгону маалымдалды. Кылмыш-жаза, Кылмыш-процессуалдык кодекстерине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, эми оор кылмыштар боюнча тергөө иштери (ред.: анын ичинде зордуктоо кылмышы) тараптардын элдешип алуусу жүйө келтирилип токтотулбашы керек. Буга чейин жабырлануучу менен айыпталуучунун элдешип алуусу кылмыш ишин токтотууга негиз болуп берчү. Ошондой эле мындан ары зордуктоо кылмышы кайсы убакта болгонуна карабай кылмыш иши жабылбайт жана соттолуучуга пробация режими иштебейт. 

Жыныстык кол тийбестикке жана жыныстык эркиндикке болгон укуктарды камсыздоону караган бул мыйзамды Жогорку Кеңеш 2023-жылы декабрда кабыл алган.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1103, 26-январь-1-февраль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан