Сокулук районунда автоунаа чыгаруучу Кыргыз-Өзбек биргелешкен заводу 2024-жылдын жай айларында ишке кириши күтүлүүдө. Мындай маалыматты 24-январда экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев маалымат жыйынында айтты.
– Жол картасы бар, ушул жылдын ортосуна чейин заводду ишке киргизебиз. Биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы менен алгачкы продукцияны чыгарууга аракет кылабыз. Бул жөнөкөй долбоор эмес, керектүү техникаларды, роботтоштурулган шаймандарды орнотуу иштери бар,- деди министр.
Кыргызстандын аймагында автоунаа чыгаруучу ишкананы чогуу куруу боюнча келишимге 2023-жылы Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев Бишкекке расмий сапар менен келгенде кол коюлган.