Томас Мюллер заманбап футболдун феномени

Томас Мюллерди Германиянын гана эмес, дүйнөлүк заманбап футболдун феномени дешет. Байкасаңыз, Мюллердин оюн стили жөнөкөй. Криштиану Роналду же Лионель Месси сыяктуу оюн талаасында кооз трюктарды деле жасабайт. Ал кылгандын баарын сиз деле кайталай ала тургансып туюлат. Бирок кайталай албайсыз. Кайталаса, аз эле адам кайталашы мүмкүн. Ошондуктан да Мюллер планетабыздагы эң баалуу оюнчулардын бири болуп саналат.

Кичинесинен “Бавариянын” күйөрманы 

 

1989-жылдын 13-сентябрында Германияда Клаудия жана Герхард Мюллердин үйүндө тун уулу Томас жарыкка келет. Бул үй-бүлө Вальгхайм-Шонгуа округундагы Пель кыштагында жашашчу. Көп өтпөй атасы Томасты жана андан 2 жаш кичүү уулу Саймонду жергиликтүү спорттук мектепке ээрчитип барат. Бала кезинде ага-ини кышы-жайы топ тээп ойношчу. Томас кичинесинен “Бавариянын” күйөрманы, клубдун расмий түсүндөгүдөй өңдөгү төшөктө уктап, 10 жашка чыга электе эле сезондук абонемент менен беттештерге барып турган.

Биринчи жолу оюн талаасына 1994-жылы Петер Хэклдин коргоосу (опека) астында чыккан. Машыктыруучусу Томастын дароо эле команданын эң негизги “мээсине” айлана алганын байкаган. Адегенде TSV Pahi клубунда ойногон Мюллер сезондо эң көп гол киргизүү менен “Бавариянын” көзүнө илинген. Ал кезде 10 жашта эле азыркы футбол жылдызы.  

Күтпөгөн жерден ийгилик жасап...

 

Мюллерди “кызылдардын” негизги курамына 2007-жылы которушуп, дароо эле Германия чемпиондугунда оюн талаасына чыгарышат. 2009-жылы Мюллер чабуулчу катары Чемпиондор Лигасында биринчи голун киргизип, “Бавария” менен толук кандуу келишимге кол койгон. Кийинки сезондо “Бавария” Өлкө чемпиондугун жеңип, Германиянын Кубогун алган. Футболчу ал оюнда бир нече дубль менен алгачкы хет-тригин жасаган жана натыйжалуу пастарды берүүгө жетишкен.

Германия Томас Мюллерди 2010-жылдын 27-июнунда көптөн берки атаандашы Англия менен беттешкен күнү сүйгөн. Экинчи таймдын аягында 21 жаштагы чабуулчу-жарым коргоочу өз командасынын үлгүлүү контрчабуулун ийгиликке айлантып, эсепти 3:1ге жеткирди. Үч мүнөттөн кийин Мюллер кайрадан атаандаштын дарбазасына сокку урууга жетишти, беттеш 4:1 эсеби менен оюн соңуна чыккан. “Мен мындай нерсени пландаган эмесмин. Ооба, пландай деле алмак эмесмин, анткени эки гол киргизеримди эч ким билген эмес. Баары өзүнөн-өзү болуп кетти”, – деп эскерет аталган оюнду.

Бирде жигит жөө жүрөт, бирде жигит төө минет...

2010-2011-жылкы сезон Мюллердин спорттук карьерасында анча ийгиликтүү болгон жок. “Бавария” бир дагы титулга ээ болбоду. Мюллер чемпиондуктун дээрлик бардык мелдештерине катышкан. Бир жылдан кийин ал бир эле учурда үч жогорку сыйлыкка ээ болот.

2015-жылдын аягында “Манчестер Юнайтед” немис клубуна Томас үчүн 70 миллион евро сунуштап, кийин бул сумманы 120 миллион еврого чейин көтөргөн. Мындан тышкары футболчуга сезонго
12,5 миллион евро айлык убадаланган. Бирок Мюллер “Баварияда” калууну чечти.

2015-2016-жылкы сезондо форвард жеке кризиске кабылган, ал статистикага таасирин тийгизбей койгон эмес: спортчу дээрлик гол киргизген эмес. Машыктыруучу Карло Анчелотти Томасты өзүнүн талаа түзүмдөрүндө көргөн жок. Томас өзү да өзүнүн талапка ээ болбой жатканын моюнга алган. Кийинки сезондо Томас алган жаракатынан улам эки ай оюнга катышпай калганына карабастан, 29 беттеште 8 гол киргизип, 15 натыйжалуу голдук пас берген.

2018-жылы хорватиялык Нико Ковач “Бавариянын” башкы машыктыруучусу болду. Анын жүргүзгөн саясаты Мюллердин каалоосуна карама-каршы келген: машыктыруучу оюндарда Томасты дайыма алмашууга калтырып жатты. Ошентип биздин каарман 6 беттешти катарынан оюн талаасына чыкпай өткөрүп жиберген учур болду. Ушул учурда ал клуб менен келишимди токтотууну да ойлонгон.

2019-жылдын аягында Ковачтын ордун Ханс-Дитер Флик алмаштырып, ал кыска убакыттын ичинде футболчулардын оюн стилин толук өзгөрттү. Мюллер дал ушул учурду күтүп жаткандай өз дараметин толук ачып, мыкты оюн көрсөттү. 21 голго пас берген, көп өтпөй ассистердин саны боюнча Бундеслиганын дагы бир рекорду жаңыланды.

2020-жылдын август айында “Бавария” англиялыктарды 4:1 эсебинде жеңди. Бир нече күндөн кийин немис клубу 8:2 эсебинде “Барселонаны” утуп алды. Чаалыкпаган чабуулчу Чемпиондор Лигасынын плей-офф оюндарынын гол киргизүү рейтингинде Криштиану Роналду менен Лионель Мессиден кийинки үчүнчү орунга чыкты.

2022-жылы Катарда өткөн Дүйнөлүк чемпиондукта Мюллер тайпалык баскычтагы үч беттеште тең негизги курамда оюн талаасына чыгып, бирок эч кандай гол киргизе алган жок.

Евро-2024төн кийин футболду жыйынтыкташы мүмкүн

Sport Bild басылмасынын маалыматына таянсак, мюнхендик клубдун чабуулчусу Томас Мюллер 2024-жылы өз үйүндөгү Европа чемпиондугунан кийин профессионалдык карьерасын токтототкусу келет. Анын “Бавария” менен келишими да аяктайт. Томас учурда 34 жашта жана 2009-жылдан бери “Бавариянын” курамында 650дөн ашык беттешке чыккан. Германия курамасы менен Чемпиондор Лигасынын 2 жолку жеңүүчүсү жана Дүйнө чемпиону аталган.

Мюллер: “Менин дриблингим жакшы эмес” 

 

Мюллердин техникалык жөндөмү күйөрмандардын арасында суроо жаратат, алар Томас кантип гол киргизгенин түшүнбөй калышарын моюнга алышат. 

2011-жылы берген интервьюсунда Томас Мюллер өзүнүн ролун түшүндүрүп жатып, өзүн раумдойтер (мейкиндикти интерпретация кылуучу) деп атаган: “Менин идеалдуу позициям – чабуулчунун астында. Бул жерде менде флангдарга караганда маневр жасоого көбүрөөк эркиндик бар, мында оюнчулар дагы эле тактикалык жактан көбүрөөк тартипке ээ болушу керек. Ооба, мага көп учурда ийгилик жылмаят, бирок моюнга алышыңар керек, Дүйнөлүк чемпиондукта 5 гол киргизгенде, баарын ийгиликке байланыштыруу акылсыздык”.

Дагы бир маегинде Томас: “Оюндун жыйынтыгын чечкен оюнчулар көбүнчө дриблингди жакшы аткарышат. Кимдир бирөө өтө тез, башкаларда финттерден жана алдамайлардан турган бүтүндөй бир репертуар бар. Жакшы дриблинг жакшы техниканы талап кылат. Ооба, менин дриблингим анча жакшы эмес. Атаандашты жекеме-жеке жеңүү – менин күчтүү сапатым эмес. Ошондуктан адамдар менде техника жок деп ойлошот, бирок мени бул жагынан туура баалашпайт деп ойлойм”, – деген.

Башкача айтканда, Мюллер топту укмуш башкаруу, жогорку ылдамдык же мыкты дриблинг менен айырмаланбайт. Бирок ал баары бир жеңишке жетет.  

Балалуу боло элек

 

Жубайы Лиза Мюллер Томаска ишенимдүү колдоо көрсөтөт. Мюллер аны менен 2007-жылы достору аркылуу таанышкан. Бирок көп өтпөй алардын ортосундагы байланыш үзүлүп, бир жылдан кийин социалдык желе аркылуу байланышты кайра улантышкан. 2009-жылы экөө баш кошушкан. Үй-бүлөдө азырынча бала жок, экөө тең карьера куруу менен алек. Жубайлар жеке жашоосун жарнамалабайт, бирок маектен качышпайт. 

 

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1103, 26-январь-1-февраль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан