Жоголгон жылдар... (Барксыз өмүр, талкаланган тагдырлар, жаңылыш кадамдар баяндалган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

 xxx

Аман башын жерге сала кагаз майлыкты бүктөгүлөп отуруп калды. Айзада тамак даярдап жатты. Улам-улам астыртан көз кыйыгын салып Аманды карап коёт. Анын ыңгайсызданып турганын кагаз майлыкты он жетиге бүктөп жатканынан эле баамдап жатты Айзада. Тамак даяр болуп качан экөө дасторконго отурганда Аман “айтасызбы?” дегендей карап калды.

– Даяр болсоң айтайын. Биздин жасай турган бизнесибиз бардык иштен башкача.

– Деги эмне сатабыз? Кийимби, азык-түлүкпү, унаабы?- деди Аман шорпону бир ууртап дасторконго коё салып.

– Биз эч нерсе сатпайбыз. Биз кыздар кызмат көрсөткөн компания ачабыз.

– Аа, жанагы үйлөрдү тазалай турганбы?

– Жок, андай эмес,- Айзада мыйыгынан жылмайды.

– Эх, Аман. Кыздар андан башка кызмат көрсөтпөйт дейсиңби? Айтыла турган сөз, эми сен деле жаш бала эмессиң, зыңкыйган жигитсиң дегендей. Секс кызматын көрсөткөн компания.

– Эмне?! Ушул да бизнес болчу беле?- Аман таң калганын жашыра албай үнүн катуу чыгара суроо узатты.

– Бул деген чоң бизнес индустрия да.

– Бул деген арам да, жаман иш болуп жатпайбы. Ал акчаны кантип пайдаланабыз?

– Ой, Аман, такыр эле туураланып кетесиң да. Мындай кызмат кайсы гана өлкөдө жок. Бардык жакта бар. Керек болсо мен-мен деген мусулман өлкөлөрүндө бул кызмат өнүккөн. Бул деген суроо-талапка ылайык нерсе. Эч качан актуалдуулугун жоготпойт. Сен тапкың келген акчанын баары ушунда жатат,- Айзада Аманды ишендиргендей көзүн ымдап, башын ийкеди.

– Мен ойлонуп көрөм, Айзада эже. Бул жаатта менин эч кандай түшүнүгүм жок. Эмне кылышты да билбейм. Мындай ишти жасаганга да чоң эрк керек го. Мен муну кыларыма көзүм жетпей турат,- өзүнө ишенбестигин билдирди Аман.

– Жаныңда мен болом, бирге изденебиз. Ишти баштасак улам бир жолу өзү эле көрүнүп турат. Буга биз көп деле акча салбайбыз. Азырынча каражат сарптабагандай баштайбыз. Акча түшө баштаганда гана ошол акча менен бизнести жакшыртабыз.

– А эмнеге мени тандадыңыз? Мен сизге жакшы тааныш эмесмин го,- деди Аман.

– Сен мага акча керек экенин айттың эле го. Мен сага жардам бергим келди.

– Ушундай иш сунуштаппы?..- мазактагандай күлдү.

– Бул бизнестен бутка тургандар көп, эгер билсең. Ойлон да, жообуңду айт. Болбосо башка адам табышым керек. Көп деле убакыт жок, сага бир күн берейин. Эртең жообуңду айт.

...- башын ийкеди Аман.

– Тамак муздап кетти го, кел. Экөө башка сүйлөшкөн жок. Унчукпай тамактанып жатышты.

Тамактанып болгон соң Аман Айзада менен коштошуп чыгып кетти.

xxx

Дайыр да өзгөрүп калганын Алтынай даана байкады. Мурда үй-бүлөсүнө карабай ичимдиктин артынан сая түшүп, күндө достору менен ар жакта эс алып, үйгө таңда келип, кээде бир-эки күндөп келбей калып да жүрчү. Азыр Алтынай менен Аландын жанынан чыкпай үйдө. Аландын көңүлү менен болуп, анын моокумун кандыра ойнотуп жатты. Алтынай атасынын үйүнө кетели деди эле. Алан кетпейличи деп ыйлап жатып апасын көндүрдү.

Чырдап, ыйлап оюндагысын бербеген Аландын өз алдынча болуп ойноп калганы Алтынайга да жакты. Дайыр Аланды ойнотуп жатканда Алтынай бөлмөдөн чыкпай уктап эс алуусун улантууда.

– Ата, мен аквариумга баргым келип жатат,- деп чуркап келди Алан атасынын жанына.

– Кандай аквариумга?

– Мына мондай чоң, килейген аквариумга,- деп телефонду атасына сунду. Дайыр кай жактагы аквариум экенин карай баштады. “#SeaLife, #Istanbul #akvaryum, #Стамбул, #океанариум” деген хештегдерди окуду.

– Болду, балам, алып барам,- деди да, дароо кимдир-бирөөгө телефон чала баштады.

– Ура-а, ура-а-а! Биз аквариумга барабыз, биз аквариумга барабыз!- деп кыйкырып Алан апасы жаткан бөлмөгө кирип келди.

– Акырын эми, эмне болуп кетти?- деген Алтынай керебеттен туруп Аланды тынчтандырууга аракет кылды.

– Апа, билесиңби, биз аквариумга кетип жатабыз. 

– Ким менен?

– Атам экөөбүз да. Сени дагы алып алалыбы? Барасыңбы?- деди Алан апасына карап.

– Аласыңарбы же өзүңөр эле кете бересиңерби мени таштап,- деп жылмая уулунан сурады. Уулунун тилинин шириндигине жүрөгү эзиле.

– Ооба да, сени дагы алып барабыз. Сага пингвиндерди көргөн жагабы?

– Жагат, албетте,- уулун бекем кучактап бетинен өөп койду.

Аңгыча Дайыр бөлмөгө кирип келди.

– Алтыш, Стамбулга барып келбейлиби. Алан чоң аквариумга баргысы келип жатыптыр. Интернеттен карасам эки чоң океанариум бар экен Стамбулда.

– Алан айтты деп эле кетип калсак болбойт го. Сен азыр иштебей элесиң анын үстүнө,- деди Алтынай.

– Ал жагын ойлонбочу. Бардык бизнесибизде менин деле эмгегим бар. Үй-бүлөлүк казынадан колдоном да. Сен саякаттаганды жакшы көрчү элең го.

– Жакшы көрөм дечи. Бирок баары бир ыңгайсыз.

– Эч нерсени ойлонбо. Баары үчүн өзүм жооп берем. Сен болгону жанымда болсоң, ошол жетет. Кеттикпи?- деп сурангандай түр көрсөтүп Алтынайды карап калды.

– Болуптур, кеттик,- деп жылмайды Алтынай.

– Мага паспортуң керек, Аландыкы да. Учакка билеттерди буюртма берейин.

– Үйдө да...

– Телефонуңда сүрөтү жок беле? Болбосо апама чала кал. Сүрөтүн жөнөтүп коёт да,- деп Дайыр сыртка чыгып кетти.

Алтынайдын ичинде жылуу сезим орун алды. Мурун Дайыр өзү эле чечип койчу. Азыр аны менен кеңешти, анын ою менен эсептешти. Апасына телефон чала баштады.

– Апа, кандайсыз?

– Жакшы, өзүңөр кандайсыңар? Эмне биротоло калдыңарбы? Бизди унутуп калган жоксуңарбы? Качан эстейт экен десем жоксуң го, бат эле унутуп калат турбайсыңарбы, ээ?- деп тамашалады.

– Биз жакшыбыз. Кетели деп камынсам, Алан ыйлап болбойт. Ошону менен калып калдым. Анын үстүнө Дайыр да эч жакка чыкпай Алан менен убакыт өткөрүп жатат.

– Мейлиң эми. Сен да жаш кыз эмессиң, өз жашооң үчүн өзүң чечим кабыл ала аласың. Мындан ары Дайыр менен кала турган болсоң дагы ал сенин чечимиң.

– Апа, азыр анчалык деле олуттуу чечим кабыл албай элемин. Менин бөлмөмө кирип, биздин паспортторубузду сүрөткө тартып жөнөтүп коёсузбу?

– Эмне болгон паспорт?

– Дайыр Аланды Стамбулга аквариумга алып барып келели деп жатат.

– Анан макул болуп эле кетип жатасыңбы?

– Эми апа, Алан аябай кызыгып жатат,- деди ыңгайсыздана.

–Мейлиң эми, өзүң билесиң да. Азыр жөнөтүп коём,- деди апасы.

“Эх, кызым, мен канча каршы болдум. Аны менен биротоло ажыраш деп канча айттым, нике күбөлүгүңдү кестирүүгө да кыйбадың. Аны жакшы көрөрүңдү өзүң канча жашырба, көздөрүң ачык эле айтып коюп жатпайбы. Эмне болсо да түбөлүгүң түз болсунчу” деп ойлонуп жатты Алтынайдын апасы паспортторду сүрөткө тартып жөнөтүп жатып.

Дайырдын ата-энеси анын үй-бүлөсү менен эс алууга барам дегенин угуп абдан кубанышты. “Бул нерсе Дайыр менен Алтынайды жакындатып бир пикирге келүүлөрүнө дагы жол ачар. Бир жума чогуу Стамбулда жүрсө жакшы эле жакындык орноп калат. Саякат деген кандай жакшы нерсе” деп ойлонгон апасы каражат жагын дароо чечип, Дайырдын жаптырып салган эсептик карталарын ачтырып берди...

 

 

(Уландысы кийинки санда)

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1103, 26-январь-1-февраль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан