Депутат Эмил Жамгырчиев камакка алынды

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев 24-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 1 айга камакка алынды. Депутат 26-февралга чейин УКМКнын тергөө абагында отурат. 

2023-жылдын аягында Башкы прокуратура Эмил Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартууга уруксат сурап парламентке кайрылып, 10-январда депутаттар макулдук беришкен. Жамгырчиевдин иши боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия жыйын өткөрүп жаткан күнү – 9-январда Жамгырчиев Жогорку Кеңештин имаратынын 2-кабатынан секирип түшүп качып кеткени тууралуу видео жарыяланган. 12-январда Жамгырчиев УКМКга барып сурак берип чыккан. Ага “мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголгону белгилүү.

25-январда УКМК Эмил Жамгырчиевдин камакка алынышы боюнча түшүндүрмө берди. Жамгырчиев кылмыш жоопкерчилигинен жана башка кылмыш иши боюнча тергөө иштерине катышуудан качуу максатында чек арадан мыйзамсыз өткөнүн билдирет мекеменин маалымат кызматы.

– Жамгырчиевге карата кылмыш иши аяктап калган учурда ал кайрадан кылмыш жоопкерчилигинен качуу үчүн коңшу өлкөлөрдүн бирине кетип калууну чечкени тууралуу ыкчам маалымат алынган. Ошондуктан 24-январь күнү ага чек араны мыйзамсыз басып өтүү фактысы менен айып тагылып, Биринчи Май райондук соту тарабынан 26-февралга чейин камакка алуу чечими чыкты,- деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Тергөө иштери аяктап калганы, жакында депутат Жамгырчиевдин иши боюнча материалдар сотко өткөрүлөрү айтылды.

Айта кетсек, буга чейин парламентте УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев депутат Жамгырчиев жардам сурап Өзбекстандагы кримавторитет делген Салим Абдувалиевге кат жазганын жарыялап, каттын үзүндүсү деп тексттин айрым жерлерин окуп берген. Катта Камчыбек Ташиевди жоопко тартып берүү өтүнүчү айтылган деп маалымдалган.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1103, 26-январь-1-февраль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан