Мирбек Иманбеков, ырчы: «Ырдаганды сагындым, эл колдосо, концерт берем»

Элдин жүрөгүндө калган ырчылардын бири. Кыргыз эстрадасынын жылдызы, Маданияттын мыкты кызматкери, жакында кыздуу болуп кубанып турган Мирбек Иманбековду кепке тартып, ой-максаттарын, жаңылыктарын сурадык.    

– Кандайсыз, Мирбек мырза? Жакында кыздуу болупсуз, бешик боосу бек болсун!

– Чоң рахмат, ооба, кыздуу болуп кубанып турган чагыбыз. Буюрса, апасы да, кызым да жакшы. Үйдө баарыбыз толкунданып, кубанычыбыз коюнубузга батпай, кызыбызды ар кимибиз кызыга карап, сөз менен жеткире алгыс жакшы эмоцияга, жакшы атмосферага чулганып турабыз. Ошентип 3 кыз, бир уулдун ата-энеси болдук.

– Өмүрлүү болушсун! Өзүңүздүн ден соолугуңуз жакшыбы?

– Ден соолугум жакшы, Кудайга шүгүр. Кудайдын шыпаасы, эли-журттун дубасы менен жакшы болуп калдым. Жакшы ойлорду, жакшы пландарды ойлонуп, жашоого көз караш өзгөрүп дегендей. Адамга эң керектүүсү ден соолук экен. 

– Биздин гезитке 3 жыл мурун берген маегиңизде жаңы ырларды даярдап жатканыңызды айткан элеңиз. Кандай жаңылыктарыңыз бар?

– Ооба, сиздерге берген интервьюм эсимде. Ден соолугум калыбына келип калды, буюрса. Алдыга пландарды коюп, жаңы ырларды жазайын деген ойлор жыйынтыкталып турат. Мен дагы сагындым ырдаганды. Ушул жылы жаз айларында, эл колдосо, эски-жаңы ырлар менен бир күн Бишкекте жандуу үн менен концерт берсемби деген тилектер бар. Сиздердин гезит аркылуу да элге жарыя кылып коёлу. Социалдык желеден да “ырларыңды сагындык, концерт койбойсуңбу” деп жазып калышат. Концерт берүү – абдан жоопкерчиликтүү иш. Ошого жети өлчөп, бир кесип чечим чыгарыш керек. Бергенге жараша жакшы деңгээлде берүү шарт.

– Социалдык желедеги баракчаңызга "сабырдуу болууну үйрөндүм окшойт" деп жазыпсыз. Сабырдуу болгон кандай экен? Кантип үйрөндүңүз?

– Сабырдуу болууну турмуш өзү үйрөттү. Башыма түшкөн түйшүк, кырсыктар, жоготуулар, оору... Сабырдуулук абдан жакшы экен. Элибизде “сабырдын түбү сары алтын” деген жакшы сөз бар эмеспи, биз сабырсыздыктын айынан көп кайгыга батып, убаракерчилик тарта берет экенбиз. Керек учурда чыдап, сабырдуу болсоң жакшы чечимдер, жакшы ойлор жаралат. Сабырдуу болгонду, Кудайга шүгүр, үйрөндүк. Кээде, мүмкүн, дагы деле үйрөнө элекминби деп да кетем, анткени сабырымдан чыгып кеткен учурлар болот (күлүп). 

– Чыгармачылыкта бийикке көкөлөп, ошол эле учурда оор сыноолорду баштан кечирдиңиз. Эгер баарын кайрадан баштоого мүмкүн болсо, биринчи кадамды эмнеден баштамаксыз?

– Аябай узун, анан маанилүү суроо экен. Ооба, жашоодо көкөлөдүк, эркеледик, жаш болдук, мас болдук... Бирок ошол эле учурда жакшы нерселерди, чоң нерселерди күттүк. Досту да, душманды да таптык. Мен аябай көп дос күттүм, көп жакшы адамдарды жолуктурдум. Өзүң жакшы жүрсөң, жаман адам сенден качат. Эгер башынан баштоого мүмкүн болсо дедиңиз, андай мүмкүнчүлүк болбойт. Болбой турганын билебиз да. “Өткөндү кайра кайтарып койсо минтет элем, тигинтет элем” деген ойдон алысмын. Дайым алдыга гана карайм. Ал нерселерди кайра башынан казып, "минтсем болмок, тигинтсем болмок экен" деп өкүнбөйм. Кудай буюрса, баары өзүнүн орду менен кете бергени оң.

– Амбициялуу, көздөрү жайнаган, жашыраак кездеги Мирбекке азыр эмне дейт элеңиз?

– Азамат, туура кылгансың, туура жолдо жүргөнсүң. Эч нерсеге азгырылган эмессиң, жаман жолго түшүп, элди таарынткан жоксуң демекмин. Элдин арасында, элдин батасы менен, элдин эрке уулу болуп сый-урматта жүргөн Мирбекке, анын ошол кездеги мээнеттерине, кылган кызматтарына карап “азамат” гана демекмин.

– Сиздер топ жарып чыккан кезде шоу-бизнес башкача эле. Ал кездин күйөрмандары да башкача болчу. Кандай окуя, кандай жорук же кандай белек эсиңизде калды?

– Ооба. Ал кездеги күйөрмандар, чынында, башкача, оригиналдуу эле. Андай күйөрмандар азыр мен сыяктуу токтолуп, үй-бүлөлүү болуп калышты. Азыр дагы жакшы сөздөрүн, жакшы тилектерин айтып, дагы да болсо күйөрман катары алдыга сүрөп, дем-күч берип турушат. Мен ошого ыраазымын, рахматымды айтам. Чынында, белектер, каттар аябай көп келчү. Баары өзгөчө, эч бирин өзүнчө бөлүп айта албайм. Белектерди колумдан келишинче үйдө сактаганга аракет кылдым. Менин эсимде, жүрөгүмдө калган чоң белек – бул чыныгы күйөрмандардын залдагы кол чабуусу, анан сүрөөсү. Ушундай бир кулакты жаңырта, денеңди зырылдата, жүрөктү титирете колдоп-коштоп турушчу.

– Биздин гезиттин башкы бетине эң биринчи чыккан сүрөтүңүз эсиңиздеби?

– Ооба, ал сүрөтүм эсимде. Ак кийим менен чыккам, жапжаш болуп (күлүп). Аябай кубангам, сүйүнгөм, ишенип-ишенбей, өзүмдү гезиттен карап, тааныштарыма мактанып... Аябай бир башкача толкундоолор болгон. Ал гезитти сактап канча көтөрүп жүрдүм, ал учурда “Супер-Инфо” Бишкекте эле таркатылчу, тууган-урукка, апама алып келип көрсөтүп мактанып, сонун эмоциялар болгон. 

– Дагы бир постуңузда "чыгармачылыгымды колдоо фондун ачсам колдойт белеңиз?" деп суроо салдыңыз. Мындай суроо эмнеден улам жаралды?

– Ооба, ошентип жазганым бар. Келинчегим да бир интервьюда айткан. Бул эми мындай эле, күйөрмандардын колдоо фонду, кайрымдуулук эмес же кандайдыр бир сурамжылоо эмес. Андай фонддор дүйнө жүзүндөгү мен-мен деген атактуу адамдарда бар. Чыныгы күйөрмандары ар дайым колдоп турушат. Мен ошол сыяктуу эле ойдо сурагам.

– Балдарыңызга кандай атасыз? Баланы тарбиялоо боюнча атайын тренинг, курстарга катышып же китептерди окуп көргөнсүзбү?

– Аны билбейм, бир Кудай билет, анан балдардын келечеги көрсөтөт. Балдарым эртең элдин арасына кошулганда, чоңойгондо кандай ата-эне болгонубуз билинет. Кудайга шүгүр, азыр окуулары, жүрүш-туруштары жакшы. Жакшы сөздөрдү угам. Китептерди баарыбыз чогуу жарышып окуйбуз. Ар кимибиз өзүбүзгө тиешелүү китептерди алабыз дагы, ким биринчи окуп бүтөт дейбиз. Анан түшүнүктөрүбүздү айтып беребиз. Бул ыкманы телефонго же башка керексиз нерселерге азгырылып баратканда колдоном. Колдон келишинче тарбия бергенге аракет кылабыз, ата-энебиз бизге кандай тарбия берсе, ошону алып, анан өзүбүздүн дүйнө таанымыбызды кошуп дегендей. Көп сүйлөшөм, жай отуруп акылдашам. Жүзүнөн кичине капалык көрүп калсам, дароо себебин сурайм.

– Ден соолукта, бактылуу болуңуз!

– Сиздерге да чоң рахмат. Кыздуу болгонума кошо кубанып, ар кайсы тараптан жазып, чалып, куттуктоолор келип жатат. Баарына ыраазымын. Ар бир үйдө наристенин үнү жаңырсын. Ушул учурда телефонумду жоготуп алып, кайра телефон алып, баарын калыбына келтиргиче Инстаграмдын тарыхчасына атактуу, жакшы адамдар мени белгилеп билдирүү чыгарышкан экен. Эмнени чыгарышканын көрө албай калдым. Эгер кимге жооп бере албай калсам, учурдан пайдаланып рахматымды айтам. Эли-журтума да рахмат, кыргыз элимди жакшы көрөм.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1103, 26-январь-1-февраль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан