Аялдардагы гирсутизм –  түктүн көбөйүп, муруттун чыгышы

Түктөрдүн ашыкча чыгышы кыздарды, аялдарды  элден корунтуп,   өзүн баалоосун төмөндөтөт. Мындай маселенин артында тукум куучулук, эндокринологиялык оорулар, менопауза сыяктуулар турат. Убагында врачка көрүнүү дарттын себепкерин таап жана аны четтетүүгө, дарыланууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Түк эринде, ээкте пайда болот

“Гирсутизм” латын сөзү, бизче “түктүү, сапсагай” дегенди билдирет. Гирсутизмде аялзатында эркектердин түк чыкчу жерлериндегидей болуп түктөр чыга баштайт. Атап айтсак үстүнкү эринде, ээкте, көкүрөк бөлүктө, курсактагы тигинен кеткен ак сызыкчада. Майда, ичке, билинбеген табигый жумшак түктөрдүн ордун катуу, узунураак түктөр ээлейт.

Себеп: тукум куучулук, кырына берүү 

Гирсутизмдин пайда болушунун себептери көп. Ооруга байланышпаган себептери:

 Тукум куучулук. Орто Азия, Жер Ортолук деңизинин жээгиндеги жана Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөрдө кыздарда эрте жашында эле 2 кашынын ортосунда, колдорунда, чыкыйында байкаларлык түктөр болот. Тукум куучулукта организм андрогендерге (эркектик гормондор) өзгөчө сезгич келет. Бир аз эле ашыкча болсо өспөй турган жерлерде деле түктөр пайда болот. Бирок тукум кууган түрү балалуу болууга терс таасирин тийгизбейт. Апасында, таенесинде мурутка окшош түктөр болгон күндө деле жаш кыздарда түктөр көбүрөөк өсүп жатса текшертүү кажет. Мүмкүн, гормоналдык бузулуу кошумча болуп жаткандыр.

Негизи аялдарда, эркектерде да эстрогендер (аялдык гормондор) жана андрогендер болот, бирок түрдүү өлчөмдө. Аялдарда эстрогендер көп, андрогендер аз. Эркектерде бул тескерисинче. Кокус аялда андрогендер туруктуу жогору болсо, түктөр чыккандан тышкары аялдын бетинде безетки, чачтын майланышы, какач, терчилдик, чачтын түшүшү, таз болуу күтүлүшү мүмкүн.

Андрогендерге тестостерон, андростерон, андростендион жана башкалар кирет. Ал эми эстрогендерге эстрадиол, эстриол, эстрон жана башкалар тийиштүү.

 Түктөрдү кыруу. Айрым кыздар, аялдар жыныс мүчөсүнүн тегерегиндеги, колтугундагы түктөрдү устара менен ашыкча жана туура эмес кыра берет. Минткенде түктөрдүн пияз түп сымал түпчөлөрү (луковица) дүүлүгүп, жабыркайт, түктөр ого бетер көп өсө баштайт. Ал тургай жыныс мүчөдөгү чоң эриндердин ички бетине чейин түктөр өсүп кетет. Муну кийин кетирүү кыйын болуп калат. Ал түктөр өскөндө чоң эриндерди сайгылайт, кээлеринде андан аллергия да жаралат. Андыктан түктөрдү жок кылуучу атайын каражаттарды (мисалы, гель, паста) колдонуу же косметикалык клиникаларга барып кеңеш алып, ошого жараша иш кылуу зарыл.

 Өспүрүм курак. Жыныстык жактан жетилүү кезинде түктөр чыгат. 

 Айрым дары-дармектердин таасири. Мисалы, прогестин, стрептомоцин жана башка. Алар кандагы андрогендердин көбөйүшүнө кандайдыр бир таасирин тийгизет.

 Менопауза. Этек кир биротоло токтогондон кийин эстрогендер менен андрогендердин тең салмагы бузулуп, ошого айрымдарда түктөрдүн чыгып кетиши мүмкүн.

Оорулардын таасиринен жаралган себептери

   Эн бездеринин оорусу. Алардын ичинде шишик, поликистоз (көп барсылдак), инфекциядан улам сезгенүү (оофорит) оорулары бар. Түктөр үстүнкү эринде, эмчектин үрпүнүн тегерегинде, курсактын ылдый жагында өсүп баштайт.

 Бөйрөк үстүндөгү бездерде тубаса же кийин пайда болгон оору (мисалы, рак) болсо кортизол гормонун нормада бөлүп чыгара албайт. Мунун айынан аялдарда гормоналдык тең салмак бузулат да, кандын курамында эндрогендер топтолуп калат. Аялдардын үнү жоон тартат, жаагында, көкүрөгүндө, кол-буттарында түктөр көп чыгып кетет.

  Зат алмашуу бузулуп, семиргенде, кант диабети менен ооруганда. Организмде май ашыкча топтолгондо кыздарда гормоналдык фон бузулуп, 9-10 жашынан этек кири келип баштайт. Андрогендерди май ткандары да иштеп чыгарып калуусу мүмкүн.

 Калкан сымал бездин гипотериоз оорусунда. Аталган без жакшы иштебей баштаганда гормондордун тең салмагы өзгөрөт. Бул түктөрдүн чыгышын шартташы мүмкүн.

 Тукумсуздук. Мунун бир себеби аялдагы андрогендердин деңгээлинин жогору болуусу. 

Эн бездеринин УЗИси да керек

Гирсутизмдин белгилери билинер замат гинеколог, эндокринологго текшерилүү зарыл. Диагноз төмөнкүлөрдүн негизинде коюлат:

 Врач боюнун бийиктигин, салмагын, белинин өлчөмүн алып, терисинин, чачынын абалын текшерет

 Лабораторияга анализдерди тапшыртат, анын ичинде гормондорду текшертүүгө

 Эн бездерин, бөйрөк үстүндөгү бездерди УЗИден өткөртүү

 Айрымдарга урологдун кеңеши да керектелет

Ооруга чалдыкпоо үчүн семирбөө керек

 Оорунун алдын алуу үчүн өтө катуу талаптар деле керек эмес.Алар:

• Салмакка көз салуу, семирип кетпөө

• 1 жылда 2 ирет оорубаган учурда деле гинеколог, эндокринологдун текшерүүсүнөн өтүү

• Жакын туугандарда гирсутизм бар болсо өзүн дайым байкап, ашыкча түк пайда болсо эле врачка чуркоо зарыл

Түктөр аз болсо лазер менен жок кылынат

Дарылоо гирсутизмдин оор же жеңил түрүнө карата жүргүзүлөт. Эгер жеңил түрү жана коркунучтуу оору жок болсо, анда түктөрдү косметикалык процедуралар менен жок кылса болот. Мисалы, кант пудрасы, чайыр, лазер, фотоэпилятор менен.

Гирсутизм олуттуу оорунун айынан жаралганы аныкталса, гормоналдык терапия сунушталат. Эгер себепкери шишик болуп жаткан болсо, анда аны операция менен алдыруу, дарылар менен да дарылануу керектелет.  

Ашыкча салмактагыларга гормоналдык фон калыпка келгиче   диета да кошо чектелет. Өспүрүм куракта, менопаузадан кийин түктөрдүн ашыкча чыкканы байкалса сөзсүз врачка текшерилүү, гормондорго анализ тапшыруу керек.

 

Материалды даярдоого салым кошкону үчүн эндокринолог Самара Токоновага ыраазычылык билдиребиз.

 

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1103, 26-январь-1-февраль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан