Тынчтыктан көзү учкан Таш-Тумшук айылы

Айыл тууралуу маалымат 

Жайгашкан жери – Баткен облусу, Баткен району, Ак-Сай айыл өкмөтү. Район борборунан 42 чакырым алыс. Кожолуктун (түтүн) саны – катталганы 144. Маалыматтарга караганда учурда  жашап жатканы 35-40 түтүн. Элинин саны – 556 киши (каттоо боюнча). Ак-Сай айыл өкмөтүнүн социалдык адиси Гүлмира Жусупованын маалыматы боюнча, айылда 9-класска чейинки орто мектепте учурда 8 мугалим, 14 окуучу бар. Ал эми айылдагы жалгыз бала бакчада учурда 8 бала тарбияланууда. Айылда милиция бөлүмчөсү иштейт.

Абдимитал Акматов,айыл тургуну: “Ата-бабадан калган жерди башкаларга тепсеткибиз келбейт”

–  Айылдын Таш-Тумшук аталып калышынын себеби айыл ичиндеги чакан тоого байланышкан. Анын көрүнүшү тумшукка окшош. Чоң аталарыбыз “Таш-Тумшук ыйык жер, ээси бар” дешчү. Илгери мында 10-15тей үй болгон дешет. 1960-жылдары эл көчүп келип отурукташа баштаган. Кийин тургундар көбөйгөндө Үч-Дөбө айылы түптөлүп, мындагы жашоочулардын айрымдары ошол жакка көчүп кетишкен. Айылда кыргыз-тажик аралаш жашайт, үйлөр шахмат тартибинде жайгашкан.  

Айылда жумуш жок, жаштар миграцияда жүрүшөт. Эл 1-2ден уй, 10-20дан кой багат. Көбүрөөк мал багалы десек жайытыбыз жок, кышкыга тоютту сатып алабыз. Жерлер үлүшкө бөлүнгөндө биздин үй-бүлөгө 4 сотых жер тийген, ал жерге жүгөрү, жашылча эгебиз. Кайрак жерлерибиз да бар, иштетилбей бош жатат. Эптеп жан багабыз. Алган пенсиябыз эч нерсеге жетпейт.

Коңшулар менен коюндаш жашап, кирип-чыгышып, тойлордо катташчу элек. Чек ара деген чек ара экен, улам чыр чыгып турат. 1989-жылдан бери эле ушул көрүнүш. Айрымдар үй-бүлөсүнүн коопсуздугун ойлоп, башка жактарга көчүп кетишкен. Негизи кооптуу жерде жашайбыз. Түнкүсүн көчөдө басып жүрүү мындай турсун, короого чыккандан коркуп турабыз.   

Учурда болжолдуу түрдө 35-40 кожолук калды, көбү кары-картаңдар. Бир кезде мектепте 120 бала окучу, азыр 14 эле окуучу бар. Көчүп кетпей жашап жатканыбыздын себеби – бул жер ата-бабабыздын жери, аны башкаларга тепсеткибиз келбейт. Негизи бизге эмне, чек ара маселеси чечилип, тынчтык болсо эле жашай беребиз. Айыл тургундары президентке кайрылып, айылды башка жакка көчүрүп кетүүнү сунушташкан.

Пазилат Муратова, айыл тургуну: “Чек арага тирүү чеп болуп жашап жатабыз”

– 1971-жылы айылыбызда 100дөй үй бар болчу. Чек ара чыры чыга бергенден улам көбү көчүп кетишти. Азыр 35-40тай үй-бүлө калды дешет. Айрымдары башка жакта жашашат, бирок каттоосу ушул айылда. Ошентип же жашаган эмес, же жашабаган эмес абал. Айрымдар үй-мүлкүн аргасыз саткандар, өмүр кымбат да. Чынында чыр чыкканда биз кача турган жол жок. Эки эл аралаш жашагандыктан алардын үйлөрүн аралай качууга аргасызбыз. Тапкан-ташыганыңдын баарын таштап, эмне болсо да башыбыз аман калса экен деп туш тарапка качуу көкөйгө тийип бүттү. Бирок айылыбызды таштап кеткибиз келбейт. Чек арага тирүү чеп болуп жашап жатабыз.

Жашоочулардын көчүп кетишине айылда жумуштун жоктугу да себеп болууда. 2008-жылы болсо керек эле, “үйлөр башка өлкөнүн жарандарына сатылбасын” деген жарлык чыккандан кийин үйүн саткандар азайды.

Жайытыбыз жок, малды короого камап багабыз. Жем-чөп кымбат. Жер иштетели десек жан башына 0,8 сотыхтан суулуу жер тийген. 1 үй-бүлөдө 6 киши болсо, 4,8 сотых жерге ээ. Бул жер менен үй-бүлө багуу кыйын. Пенсия, миграцияда жүргөн балдарыбыз жөнөткөн акча менен күн көрөбүз. Тынчтык болсо эле айылыбыздан кетпей жашасак дейбиз. Эгер толук көчүп кетсек, анда жерибиз, Төрт-Күл суу сактагычына куйган канал да коңшуларга өтүп кетет деген коркунуч бар. Аталган канал Баткен районун суу менен камсыз кылат. 

Назира Эралиева, айыл тургуну: “Чек ара чыры чыкса эле жашоочулардын өнөкөт оорулары козголот”

–  Мен айылдагы ФАПта фельдшер-акушер болуп иштейм. ФАПтын курулганына 32 жылдай болуп калды дешет. Бузулган жерлери, полунун чиригени көбөйүп баратат, оңдоп-түзөп иштетип жатабыз. Чек ара чыры чыкса ФАПка кайрылгандардын саны көбөйөт. Анткени стресстен улам өнөкөт оорусу барлардын оорусу курчуйт, айрыкча кан басым, жүрөк оорулары. Тынчтык болсо эле жетет, айылдан кетели деген оюбуз жок.

 

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1103, 26-январь-1-февраль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан