Ал адам лекцияларыма такай катышчу. Эң биринчи келчү да, унчукпай өз ордуна өтүп кетчү. Психологдор адамды бир карап эле анын кандай адам экенин билип коюшат эмеспи. Өмүр бою интеллигенция чөйрөсүндө жүргөнүн, өз учурунун кадыр-барктуу адамы болгонун сездим. Адатта, лекция бүткөндө адамдар өз көйгөйлөрүн айтып, суроо-жооп уланат эле. Бирок ал унчукчу эмес, башкаларды угуп, акырын чыгып кете берчү. Бир жолу кышкы кечте, лекцияга келгендер тарап, мен кийинип эшикке чыгууга камынып жатканымда ошол адам баш бакты.
– Саламатсызбы...
– Саламатсыз, сурооңуз бар беле?
– Ооба, мүмкүн болсо...
Тарткынчыктап турганын байкадым да, ага жылмая бердим.
– Албетте, сиз үчүн дайыма убактым бар. Келиңиз.
Менин жайдарылана түшкөнүмдөн ал өзүн ишенимдүү сезип кеттиби, тез-тез басып келип жаныма отурду. Жашы 65терге барып калган, тыкан, саркеч кийинген, көздөрү кайгылуу эркек киши эле.
– Менде бир суроо бар. Өзүн кечирүүнүн техникалары барбы, бул мүмкүнбү?
– Ушунчалык оор күнөө кылдыңыз беле?- деп тамашаламакчы болдум. Тиги киши башын ийкеди.
– Кулагым сизде...
– Меники узун окуя, сизди көпкө кармап койбоймбу?- деди кайра ыңгайсыздана.
– Сиз лекция үчүн акчаңызды төлөп келип жатасыз. Андыктан эч кыжалат болбоңуз.
Тиги киши тамагын кырынып алды да сөз баштады.
– Жылдар бою мени менен келе жаткан кайгы бар. Кандай кылсам да кутула албадым. Ушул жашка келдим, жооп таба албадым. Жашоомдогу эң маанилүү аялды жоготуп алдым. Ал башкаларга окшоп мени кетирбей жанында кармап калууга такыр аракет кылбады. Эч нерсе талап да кылбады. Бирок ошонусу менен мени жипсиз байлап алды. Жашоодо ушундай аялдар болот, аларга жинди немедей аркандалып каласың. Көз карандысың! Кайра-кайра ага баргың келет. Куду баңгидей.
Жиндилигимди, акмактыгымды, алсыздыгымды көтөрө ала турган бир гана адам бар эле. Ал да мени жиндиче сүйдү. Толугу менен 15 жыл күттү. Кечирди. Үн катпай чыдады.
Кезинде Жогорку Кеңешке эки жолу депутат болгом, анча-мынчаны теңиме албаган, акылыма таянган, карьерамды баарынан жогору көргөн адам элем. Ал аялга колу-бутум жипсиз байланып калганда жолуктум. Тактап айтканда, эки кызым, аялым бар эле ал убакта. Бирок жүрөгүңдөн орун таба албаса, аялың деле ролун аткарган бир актриса болуп калат экен. Ал коом алдында ролун аткарып, мен да үлгүлүү жар, мыкты атанын ролун келиштире ойноп, жашообузда эки башка мүдөө менен жашаган эки адам элек. Мен айтып жаткан аялга жолукканда гана жашоомдогу ошол боштукту сездим. 15 жыл мени күттү. Бир да жолу “ажырашасыңбы, башымды ачпайсыңбы, мени же экинчи кылып аласыңбы, бир жыйынтык кылбайсыңбы” деп айткан жок. Бирок ар бир жолу келгенимде көзүндө ошол суроо турганын көрчү элем. Көрмөксөн болдум. Аны таштап да кетип калбадым. Жашоомдо кандай оор, ала салган күн болсо аны издеп жөнөчү элем. Жашоомдо башка нерседен жараланып, чарчап, чаалыгып, андан башка жарык таппай калганда анын назик колдорунан эс алчумун. Унчукпай жан дүйнөмдөгү башкалар ачкан жараларымды дарылап кайра жөнөтчү. Кургурум, мага келгенде эмне мынча сабырдуу болду билбейм. Намыстуу болчу. Жөнөкөй болуп туруп эле табышмак эле. Бир жолу кыйкырса экен, башка аялдардай болуп чачын жулуп, каргап-шилеп мени урушса экен деп тилейт элем. Ошентсе табышмактын жообу табылып калат беле дечүмүн. Мендеги баш айландырган бул эңсөөнү жоготот беле дечүмүн. Ал анткен жок. Андагы даанышмандык, сабырдуулукту, берилгендиктин сырын аягына чейин чече албадым. Ушуга чейин...
Ар бир аял балалуу болуп, өз очогунун отун тамызгысы келет. Мен чечим чыгарышым керек болчу. Эзе бербей, эркекче чечим чыгарат деп акырына чейин күттү. А мен...
Мен аны кыйнап, бир ай кетип калып, кайра барып, белгисиздик менен кыйнай бердим.
Акыры кетип калды. Болгондо да эч качан таппай тургандай, эч бир из калтырбай кетип калды. Чечимди ал чыгарды! Жинигип калганча издедим, таппадым! 25 жыл болду, дагы да издеп жүрөм. Ал кеткенден кийин ичимде аңгыраган боштук пайда болду. Эч ким, эч нерсе менен толтура албаган боштук...
Карьера калды, бизнес банкрот болду, убагында таштап кетүүгө кыя албай жүргөн кыздарым чоңоюшуп, өз жолдоруна түшүштү. Аялым башка менен кетти, байлыгымды кошо ала кетти. Мага баары бир болду. Андан кийин да жашоомдо башка аялдар болду. Бирок эч бири ага окшободу.
Тиги киши аптыгып токтоп калды. Мен окуяга таасирленип көзүмө жаш толуп чыкты.
– Ал кеткенден кийин тамак даамдуу эмес, жашоо кооз эмес, күн чыгып турса да бүркөк. Мен мындан ары минтип жашагым келбейт. Аз өмүрүм калса да өзүмдү кечиргим келет. Өзүмдү кечиргенге жардам бериңиз!
Ал адам менен бир топко сүйлөшүп отурдум, кийинки жолу жеке терапия кылганга чакырдым. Акырындап айыга баштады. Жашоодо эч качан кеч эмес экен, терапиянын жардамы менен өзүн кечирди. Кызыгы, өзүн кечирген соң 25 жыл күткөн адамынан кабар алып, анын кайда экенин билгенин кабарлады...