ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 5-февралдан – 11-февралга чейин

Кой 
(21.03–20.04)

Алдыда боло турчу окуяларды ойлоп тынчсыздануунун кереги жок. Баары өзүнөн өзү чечилет. Кырдаалдын кандай нукта өнүгүшү сиздин ал көйгөйгө болгон көз карашыңыздан көз каранды болот. Пессимист болууга жол бербеңиз. Үй-бүлөлүк талаш-тартыштарда ортомчулук кызматыт аркалап калышыңыз мүмкүн. Калыстыгыңыздан тайбай, эки тарапты тең бирдей караганыңыз туура. Сүйүктүүңүз менен таарынышып жүрсөңүз жарашуу үчүн жакшы мезгил.

БУКАЧАР
(21.04–20.05)

Баары сиз ойлогондой идеалдуу болбойт, кандай учур болбосун шүгүрчүлүк менен кабыл алыңыз. Иш сапарларды, саякаттарды кийинкиге калтырганыңыз жакшы. Үй-бүлө менен жумушуңузду чогуу алып кете албай кыйналасыз, энергия жетишсиздигинен алсырашыңыз мүмкүн. Андыктан үй-бүлө менен карьеранын ортосунда тандоо жасаганга туура келет. Кош бойлуулукту пландап жүргөндөр үчүн балалуу болууга ыңгайлуу учур.

ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)

Аптада көп күч жумшап, энергия короткон ишиңизден жакшы жыйынтыктар чыгат. Алдыда ири долбоорлорду ишке ашыруу үчүн сизге чоң каражат керектелет. Ал үчүн тааныштарыңыздан карыз алууга мажбур болосуз. Сот иштерине байланыштуу маселелериңизди убагында бүтүрүңүз, кенебестик кылсаңыз кийин чоң баш оору арттырып алышыңыз мүмкүн. Жеке мамиледе сезимдер акылыңызга үстөмдүк кылышат. Сүйүктүүңүз менен көп убакыт өткөрөсүз.

БӨЙӨН
(22.06–22.07)

Апта сиз үчүн жакшы маанайда өтөт. Жумушта жетекчилериңиздин мактоосуна татыйсыз. Бойдоктордо кызматтагы роман мамилеси тутанып кетиши мүмкүн. Үй-бүлөлүүлөр жакындарына, ата-энесине камкордук, жакшы маанай тартуулоо менен алек болушат. Айрым досторуңуздун жүрүм-туруму шектүү көрүнүшү ыктымал, ортодо кандайдыр бир кайдыгерлик, муздактыкты байкасаңыз дароо отуруп сүйлөшүп маселенин өзөгүн түшүнүп алганыңыз оң.

АРСТАН
(23.07–23.08)

Эмоция үстүндө кабыл алынган чечим, тыянактарыңыздын баары сизге каршы иштээрин унутпашыңыз керек. Жумуштагы кыйынчылыктар жаңы жумуш издөөгө себеп болбошу керек, анын ордуна ошол көйгөйдү жалпы жамаат менен чогуу-чаран чечишип алганыңыз туура. Сизди үйдөн табуу өтө кыйын болот. Эски жана жаңы достор менен жолугуп, үй-бүлөлүк жашоого дээрлик убакыт бөлбөй каласыз. Мунун айынан өнөктөшүңүз кызганып чыр чыгарышы мүмкүн.

БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)

Нааразычылыктарыңызды ичке катып ачык айтпаганга аракет кылыңыз. Ийгиликтериңиздин көбү дипломатиялык мамилеңизден көз каранды болот. Чоң пландарды түзбөй туруңуз, ишке ашпай калышы мүмкүн. Үй-бүлөлүүлөр жеке жашоодо олуттуу өзгөрүүнү күтпөгөнү оң, баары тынч жана бир нукта өтөт. Ал эми бойдокторго сүйүүдөгү жаңы таанышуулар анчалык ийгилик алып келбейт, тил табыша албай, аны менен бир агымга түшө албай кыйналышыңыз мүмкүн.

ТАРАЗА
(24.09–23.10)

Адилеттүүлүгүңүз менен көп адамдардын көңүлүн аласыз. Дипломатия сиздин башкы куралыңыз болот. Жамаат ичинде “серый кардинал” атка конушуңуз мүмкүн. Жеке мамиледе сүйүктүүңүзгө ишенбеген жагдайлар орун алат, көзүңүзгө чөп салып жүрүшү да мүмкүн. Мындай учурда жакын адамыңыз менен түз отуруп сүйлөшүп, сезимдериңизди жана ойлоруңузду ачык айтыңыз. Талабыңызды коюп элдешериңизди, же андан кол үзөрүңүздү так аныктап алышыңыз керек.

ЧАЯН
(24.10–22.11)

Көптөр сиздин өзгөчө адам экениңизди түшүнүшөт. Буга чейин топтогон билим жана тажрыйба сиздин аброюңузду бекемдөөгө жардам берет. Бай болуп кетүүгө мүмкүнчүлүктөрүңүз абдан жогору. Кыраакылыгыңыз менен чечим чыгарсаңыз баары ойдогудай болот. Дайыма айымдардын жана мырзалардын көңүл борборунда болосуз. Сиз канчалык татаал, табышмактуу көрүнбөңүз, жүрөгүңүздөгү тазалыкка кызыккан адам жашооңузда пайда болот.

ЖААЧЫ
(23.11–21.12)

Алдыга ишенимдүү кадам таштасаңыз бардык пландаган иштериңиз кынтыксыз ишке ашат. Болгону ишти баштоодо күмөн ойлорго орун бербеңиз. “Менде баары жакшы болот” деген мотивация гана жетиштүү сизге. Маанилүү маселелерди чечүүдө сабырдуулук керек болот. Сүйүктүүңүз сырткы келбетиңизге сын айтышы мүмкүн. Бул сын сизгек анчалык катуу тийбесин, өзгөрүүгө аракет кылып көрүңүз, балким, стилиңизди өзгөртүп, гардеробуңузду жаңылайсыз.

ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)

Аптада эч кандай күтүүсүз окуялар болбойт. Жемиштүү иш жана бизнес жолугушуулар үчүн ыңгайлуу учур. Сиздин оюңузга келген идеялар чыныгы маанилүү окуялардын башталышы болушу мүмкүн. Сүйүүдө жаңы таанышууларга кылдат көңүл буруңуз, анткени тагдырыңыздагы жолугушуулар кокустук эмес экенин түшүнөсүз. Жөнөкөйлүгүңүз аптада жардам бербейт, активдүү болуңуз. Болбосо керектүү адамдар сизди байкабай калат, кызыксыз көрүнүп калышыңыз мүмкүн.

Суу куяр
(21.01–19.02)

Кесиптештер жана достор менен мамилеңиз жаңы тепкичке көтөрүлөт, андыктан алардан жардам, кеңеш суроодон коркпоңуз. Илюзиядан кетип, реалдуу жашоодо көбүрөөк болуңуз. Каржы маселесинде тартыштык байкалат, андыктан учурда бар каражатыңызды үнөмдүү пайдаланыңыз. Сүйүктүүңүз менен романиткалык кече, жолугушуу пландалып жатса кийинкиге жылдырып турганыңыз туура болот. Бойдоктор онлайн таанышуу аркылуу өзүнө жагымдуу маанай тартуулашат.

Балык
(20.02–20.03)

Сырттан уккан ушак-кептерди кылдат текшерип, шашылыш жыйынтык чыгарбаңыз. Болбосо жакын адамыңызга жалаа жаап көңүлүн оорутушуңуз мүмкүн. Өзүңүздүн күчтүү жактарыңызды реалдуу баалоого аракет кылыңыз. Сүйүүдө текеберлегиңиздин айынан жакын адамыңыздан сын угуп, дарегиңизге жаман сөздөрдү угушуңуз мүмкүн. Кайсы бир мамилеге чекит коюп, дароо жаңысын баштоого болот. Бирок жаңы сүйүү менен кошо жаңы сыноолор келерин унутпашыңыз керек.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1104, 2-8-февраль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан