Биша майларынан арылуу бетти ичкертеби?

Косметологиянын акыркы тенденцияларынын бири – беттеги Биша майларынан арылуу. Акыркы күндөрү Кыргыз өлкөсүндө да бул пластикалык операцияны жасаткандар көбөйүүдө. Беттеги Биша майларынан арылуунун канчалык пайдасы бар, зыяны жокпу же “бетти арыктатабыз” деген жарнамага алданып кардарлар көп суммадагы акчасынан айрылып жатабы? Бул суроолорго жоопту пластикалык хирург Айдай Уланова берди.

Эмне үчүн Биша майлары?

– Эмне үчүн Биша майлары, орусча айтканда “комки Биша” деп аталып калган? Беттеги майлар француз анатому, физиолог, врач Мари Франсуа Ксавье Бишанын атын алып жүрөт. Биша заманбап танатология, гистология, патология сыяктуу медицинанын түрдүү багыттарын негиздөөчү окумуштуулардын катарына кирет. Ал биринчилерден болуп жаак булчуңундагы май түйдөкчөлөрүнө көңүл буруп, изилдегендиктен Биша майлары аталып калган.

Биша майларынын кызматы кандай?

– Беттеги Биша майлары наристе кезде, тагыраагы, эмчек эмген учурда керектелет. Бала эмчекти соргондо, эмчекке туура басым жасоодо Биша майлары жардамга келет. Адам чоңойгондо бул майлар бетти тоголок көрсөткөндөн башка кызмат аткарбайт.

Бул операциядан кийин бет чынында эле ичкереби?

– “Биша майларын алдырсаңыз эле бет ичке болуп, жаак сөөктүн контуру билинип калат” деген жарнамага ишенбеңиз. Анткени ар бир адамдын физиологиясы ар башка. Ошого жараша бул пластикалык операция да түрдүү жыйынтык бериши мүмкүн. Биша майларынын көлөмү анча чоң эмес. Андыктан бети тубаса тоголок, толук адамдар алдырса визуалдык жактан караганда анча билинбей деле калат. Жарнамадагы арык, контуру билинген бетке жетиш үчүн бетке кошумча май сордуруу (липосакция), терини тарттыруу, жаак сөөктөрүнө имплант койдуруу сыяктуу пластикалык операциялар керектелет. Андыктан Биша майларын алдыруу баарына эле жардам бербейт.

Биша майларын алдыруу канча убакытка жыйынтык берет?

– Эскертүү! Бул операция сөзсүз түрдө 25-30 жаштан кийин гана жасалышы керек. Анткени ушул куракта гана адамдын бет түзүлүшү, анатомиялык пропорциялары калыптанып бүтөт. Эми мисал менен түшүндүрөлү. Эгер 25 жаштан жогору адам талапка ылайык салмакка ээ же болбосо арыктардын катарына кирет дейли. Биша майларын алдырганда анын бет чынында эле ичке көрүнүп калат. Бирок убакыт өткөн сайын бет ого бетер чөгүп, териси шалбырап, оорулуу адамдын кейпинде болуп калышы мүмкүн. Бул учурда Биша майларын кайра бетке чаптаганга мүмкүнчүлүк болбойт. Жаш кезде Биша майларынан арылуу эстетикалык кооз көрүнгөнү менен, карыганда тескери эффект бериши мүмкүн. Андыктан операция жасатуунун алдында жакшылап ойлонуу керек.

Биша майларын алдырбаса карыганда майлар моюнга түшөбү?

– “Карыганда Биша майлары моюнга түшөт” дегенди маркетинг, кардарларды тартуу деп эсептесек болот. Анткени, жогоруда айткандай, ар бир адамдын физиологиясы ар башка. Андыктан ким кандай карыйт, эч ким айта албайт. Беттин тонусуна жаактагы байламталар, булчуңдар жооп берет, майлар эмес. Убакыт өткөн сайын булчуң, байламталардын да кызматы жайлайт. Ага жараша беттин контуру да бузулат. Бул процессти жайлатыш үчүн азыртан кам көрүү керек. Бетке күнүгө массаж жасоо, туура косметика тандоо, кам көрүү сыяктуу. Биринчи косметология, ал болбосо гана пластикалык хирургия деген принцип туура.

Операция оңой эле жасалат дешет...

– Биша майларын алдыруу оңой процесс эмес. Андыктан бул операцияны оңой деп айткан адистен качуу керек. Жаакта бет нервинин бутактары жайгашкан. Эгер хирург ал нервге тийип же кесип алса, анда ден соолукка олуттуу зыян алып келет. Жок дегенде эле адамдын жүзү ассиметрия формасына келип, чөгүп кетет. Бул операцияны анатомиянын ушул багытында иш алып барган тажрыйбалуу хирург жасашы керек. Учурда косметологдор, стоматологдор да Биша майларын алып жүрөт. Андай адистерде кепилдик жок да. Окурмандарга эскертет элем, эгер операция жасатам деген чечимге келсеңиз, тажрыйбалуу адиске кайрылыңыз.

Операция процессине токтолсоңуз.

– Операция 2 түрдө өтөт. Биринчисинде беттин ички былжырлуу бөлүгүнөн жасалат. Пациенттин каалоосуна жараша жергиликтүү анестезия менен жасалат. Эгер операцияны психологиялык жактан көтөрө албайм десе, жалпы наркоз берилет. Операция жалпысынан 20-30 мүнөткө созулат. Операциядан кийин 1 саат бетке муз коюп жатып, врач текшергенден кийин үйгө кете берсе болот. Калыбына келүү убактысы ар кимдики ар кандай. Жалпысынан беттеги шишик 2-3 күн кармалат. 1 жума аралыгында операция жасаткан адам физикалык жумуш жасабашы керек жана катуу тамак-аштарды жебеши зарыл. Операциянын жыйынтыгы 3-4 айдан кийин билинет. Бул аралыкта ткандар өсүп, жаңы позицияга келип, иштей башташат.

Экинчи операция беттин сыртынан жасалат. Бул операция көбүнчө комплекстүү кетет. Жогоруда айткандай, май сордуруу, бет терисин тарттыруу, имплант койдуруу сыяктуу учурда. Комплекстүү операциядан кийин калыбына келүү процесси да көбүрөөк убакытты талап кылат.

Баасы кандай?

– 20 миң сомдон жогору. Операциянын оор-жеңилдигине, пациенттин каалоосуна, хирургдун тажрыйбасына жараша баа өзгөрө берет.

Биша майларын алдыруунун пайдасы

+ аз убакытта бетти арыктаткан жыйынтыкка жетүү

+ жаак сөөктөрү билинип калат

+бет контуру жакшырат

Биша майларын алдыруунун зыяны

- жыйынтык болот деген кепилдик жок

- бетте мимикалык оюк пайда болот (майлар алынган жерлер бош калып, тери ошол жакка тартылып калат)

- майларды калыбына келтирүү операциясы жасалбайт

 

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1104, 2-8-февраль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан