Сайкал Садыбакасова, ырчы: «Балалуу болгон абдан сонун экен»

Бул ырчы айымдын ар бир кадамы талкууда. Жадакалса арыктаса да, толсо да социалдык тармактагы күйөрмандары кайдыгер карабай өз ойлорун жазып турушат. Көпчүлүктү өзгөчө үнү, жагымдуу келбети, харизмасы менен өзүнө тартып турган ырчы Сайкал Садыбакасова бул аптанын каарманы.

– Сайкал, кандайсыз? Акыркы кездерде арыктап эле бараткандайсыз?.. Баары жакшыбы?

– Жакшы, кандайсыздар? Кудайга шүгүр, баары жакшы. 2 жыл мурда алдыга койгон максатыма 2023-жылы жетип отурам. Бул мен үчүн ийгилик. Ашык салмак менен ар дайым күрөшүп келем. “Алдаба мени” деген ырымдын клибин карасам, 2017-жылы мындан да арык болгон экенмин. Социалдык тармактагы баракчама “Сайкал, өтө арыктап баратасың, сага жарашпайт. Мурдагыдай эле жарашат экен” деп жазып жатышпайбы. Мен ошондой элемин. Анан “карып калыпсың, карып баратасың” деп жаза башташты акыркы күндөрү. Ар бир курактын өзүнүн өзгөчөлүгү, өзүнүн сулуулугу болот. Ошол ар бир бырыш да адамга сулуулук кошушу мүмкүн. Бул мимикалык бырыштар, алар мурда толук убагымда деле бар болчу. Бул жолу арыктаганымда бырыш баскан жок, витаминдерди ичип жаттым, бетиме массаж жасатып турдум. Иним өткөндөн кийин көп кайгырдым, бир туугандын орду өтө чоң экен, депрессияга кабылдым. Мимикалык бырыштар ошондо мурункудан көбүрөөк билинип калды окшойт. Акыркы 9-10 айда чоң депрессиядан өттүм. “Эмне эле кайгылуу ырларды ырдайсың?” дешет, толук кезимде “арыктабайсыңбы”, арыктасам “карып кетипсиң” деп жазышат. Кээ бир адамдар адамдын жан дүйнөсүнүн абалын түшүнбөй эле ар кандай сөздөрдү жаза беришет. Эми ал сөздөргө көңүлүм оорубайт деп айта албайм, бирок көңүлгө албаганга аракет кылам. Мен, мисалы, башка кыздарга антип жаман жаза алмак эмесмин.

Негизинен, мен жаш көрүнүүгө аракет кылып бетиме ботокс сайдырбай эле турам. Бир чети ден соолукка байланыштуу, анан элдин арыкта деген пикирин да эске алдым. Дагы 5 килограммдай ташташым керек. Ушундай максатым бар. Камера салмак кошот да, камерадан жакшы көрүнүш үчүн өтө арык болушум зарыл. Сахна адамы болгондон кийин өзүмдү карап жүрөйүн деп чечтим.

– Уулуңуз чоңоюп жатабы? Кандай эне болуп жатасыз? Балалуу болгон кандай экен?

– Ооба, уулум Амантур чоңоюп жатат. Эне болгон, балалуу болгон абдан сонун экен, чексиз бакытка ээ болуп, балкып жүргөн учурум. Баламдын басканы, ар бир сүйлөгөн сөзү, кылык-жоруктары, эркелегени кубанычка бөлөйт. Балам каалаган нерселерди алып берип, ага жакшы, үлгүлүү апа болгонго аракет кылам. Бактылуумун.

– "Мен бир уулдун энесимин, эне болдум" деген сезим, жоопкерчилик дароо эле келдиби?

– Ооба, балалуу болгондо дароо эле “мен эми энемин” деген сезимге ээ болдум. Өзүм апа болгондон кийин апамдын эмгегин, биз үчүн жасаган ар бир мээнетин мурдагыдан да жогору баалап, түшүнүп калдым. Балалуу болгондон кийин мурдагыдан да мээримдүү болуп калдым окшойт, жүрөгүм жылып, балам үчүн бардык нерсени жасап жүрөм.

– Кепти чыгармачылыгыңызга буралы, чыгармачылыкта кандай жаңылыктарыңыз бар?

– Чыгармачылыкта жакшы жаңылыктар болуп жатат, буюрса. Учурда ырларды, клиптерди даярдап, жаңы жылда жаңы ырларды жаңы стилде жарыкка чыгарайын деп аракет кылып жатам. “Асыл жаным”, “Таштаба” деген ырларды жаздырдым. Иштеп жатабыз. Бул жылы, буюрса, жеке концертимди берүүгө, саякаттоого даярмын.

– "Кыз-Бурак" тобу көрүнбөй кетти, топто эмне жаңылыктар?

– “Кыз-Бурак” тобунда азыр жаңылыктар жок. Топ азыр тыныгууда. Буга чейинки “Кыз-Бурак” тобунда эмгектенген кыздардын бардыгы турмушка чыгып, бала-чакалуу болуп, үй-бүлөсү менен алек болуп жатышат. “Кыз-Бурак” тобу менен мындан ары кандай иштерди жүргүзүү боюнча ойлонуп турам, буюрса, топ менен да алдыда көп иштерди кылабыз.

– Жашооңуз, ар бир кыймылыңыз ар дайым элдин көз алдында. Кээде бул нерседен чарчаган учурлар болобу?

– Ооба, кичинемден элдин көз алдында чоңойдум. Бирок мага бул кыйынчылык жаратпайт, чарчабайм. Тандаган жолум ушундай, мага жагат.

– "Сүйүү – эргитет, кубантат, маанай көтөрөт..." Бул сиздин постуңуздан. Сүйүү дагы эмне кылат?

– Жүрөктү жылытат, энергия берет, сүйүү үчүн көп нерсеге даяр болуп калган учурлар да болот.

– Жоопкерчиликтүүсүзбү?

– Жоопкерчиликтүүлүк боюнча жакындарымдан сурап көрүшүм керек, анткени мен өзүмдү жоопкерчиликтүүмүн деп айтып салсам, кайсы бир учурларда башкаларга тескерисинче мамиле кылып койгон болушум мүмкүн. Тартуу иштерине, чакырылган жерге ар дайым өз убагында барууга аракет кылам, бирок кээде ар кандай кырдаалга жараша кечиккенге туура келип калат. Ар кандай убактар болот, ошого жоопкерчиликтүүмүн деп так кесе айта албайм.

– Ким менен көп сырдашасыз? Жакын курбуңуз ким?

– Апама абдан жакынмын. Сырдашууга келгенде сөзсүз түрдө апам менен сырдашам, кеп-кеңешин алам. Оюмда болгон нерселерди ачык айтып турам. Андан сырткары сырдашкан курбуларым дагы бар. Жумушка байланыштуу акыркы убакта продюсерим менен көбүрөөк кеңешип, сырдашып, ой бөлүшүп калдым.

– Өзүңүздү сулуумун деп эсептейсизби?

– Өзүн сыйлаган айым сөзсүз түрдө өзүн сулуумун деп эсептеши керек. Мен ушундай ойдомун. Кандай максаттарды, кыялдарды алдыга койбосун, дегеле чоң-чоң ийгиликтерди жаратууда өзүн сыйлаган адам сөзсүз чоң ийгиликтерге жетет. Ошон үчүн адам биринчи өзүн сыйлаганды үйрөнүшү кажет. Бирок, албетте, башкаларга зыяны тийбеген шартта. Өзүмдү сулуу, жылдыздуумун деп эсептейм. Көпчүлүк учурда көчөгө чыкканда, күнүмдүк жашоодо боёнбой жүргөндү жакшы көрөм, табигый сулуулук жагат.

– Сайкал ырчы болбосо ким болмок?

– Сайкал ырчы болбосо дарыгер же мыкты ашпоз болмок. Себеби мага дарыгерлик абдан жагат. Ашпоздук боюнча, тамакты даамдуу жасайм, түрлөп жасаганды жакшы көрөм. Жакындарым да жасаган тамактарымды мактап жешет. Ырчы болбосом көрүнүктүү врач же белгилүү ашпоз болмокмун.

– Алтын балык кармап алсаңыз, кайсы үч нерсени сурамаксыз?

– Алтын балык кармап алсам, биринчи кезекте апамдын ден соолугун, эч качан оорубашын сурамакмын. Анан Амантурдун аркасынан дагы балалуу болгум келет, турмушка чыгып өз теңимди тапкым келет. Чыгармачылыкта да көптөгөн ийгиликтерди жаратып, элиме татыктуу кызмат кылгам келет. Ушуларды сурамакмын.

– Тилектериңизге жетиңиз!

 

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1104, 2-8-февраль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан