Бир бүркүм. 7 МИЛЛИАРД  СОМ НАСЫЯ БЕРИЛЕТ...

Балыкчы шаарында 11 жаштагы окуучу кызды сүзүп кеткен милиция кызматкери мыйзамдуу жазасын аларын баш прокурор Курманкул Зулушев билдирди.

 Бишкек мэриясы жол кирени төлөөдө бир күндө эле 100дөн ашык бузуулар аныкталганын билдирди.

 Иран 28 өлкөдөн келген туристтер үчүн виза режимин алып салууну чечти. Арасында Мексика, Беларусь, Катар, Сауд Арабиясы, Сербия, Кыргызстан, Өзбекстан бар.

 Баткенде чек арадан 300 миң сомдук мыйзамсыз жүк кармалды. 

 Кыргыз прокуратурасынын тарыхында алгачкы жолу Башкы прокуратуранын Юридикалык академиясы түзүлдү.

 Жогорку Кеңеш дарыканаларда психотроптук заттарды саткандарды жазалоо боюнча токтом кабыл алды.

 Дзюдо боюнча өспүрүмдөр арасында Кыргызстандын чемпиондугу өтөт. 

 Садыр Жапаров: “Мындан ары 10-15 жылга бөлүп төлөөчү мамлекеттик ипотекалык үйлөр жарандардын баарына берилет”.

 УКМК коррупциялык схема түзгөн деген шек менен “Унаа” мекемесинин кызматкерлерин кармады.

 Быйыл дыйкан, фермерлерге7 миллиард  сомдук жеңилдетилген насыялар берилет.

 Бишкекте 1-февралдан тарта №145 жана №169 автобустар каттап баштай турганын мэрия билдирди.

 Кыргыз футбол союзунун жетекчилиги отставкага кетти.

 Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевге Футбол федерациясын жетектөөнү сунуштаганын билдирди.

 Тоолуу аймакта чегерилген пенсия эми өрөөнгө түшкөндө өзгөрбөй турган болду.

 Ош шаарынын бир катар райондорунда газ өчүп калды.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1104, 2-8-февраль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан