Зулушевдин кайнисине козголгон кылмыш иши кыскартылды

Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин Мамлекеттик бажы кызматындагы коррупциялык иштерге шектелип кармалган кайнисине жана башка бажычыларга козголгон кылмыш иши кыскартылганы белгилүү болду. Бул тууралуу баш прокурор Зулушев 31-январда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында билдирди.

– 2023-жылы 4-декабрда бажы кызматындагы коррупция иши боюнча 9 адамга козголгон кылмыш иши кыскарыптыр. Ал эми жүктүн ээси Матназаровго карата бажы төлөмдөрүнөн качуу фактысы боюнча 2023-жылдын 7-декабрында иш сотко кеткен,- деди ал.

Ошондой эле Курманкул Зулушев бул ишке ишке кийлигишпегенин кошумчалады.

Эске салсак, УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев “Регион” телеканалына берген маегинде 2023-жылдын май айында коррупцияга шектелип кармалган бажы кызматкерлеринин арасында Курманкул Зулушевдин кайниси да бар экенин маалымдаган. Айтымында, бажыда иштеген 10 адамдан турган топ Кытайдан келген товарларды Ошко алып барып, кампадан түшүрүп, Өзбекстанга чыгып кетти деп мөөр басып турушкан. Негизи унаалар бош эле өтүп турганы далилденген. Ташиев баш прокурор иштин жүрүшүнө кызыгып жатканын, бирок кийлигишпегенин кошумчалаган.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1104, 2-8-февраль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан