Тиш доктурда каза тапкан 3 жашар кыз. Кылмышка шектүү анестезиолог үй камагына чыкты 

Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы 3 жаштагы Алия Кубанычбекованын өлүмүнөн кийин камакка алынган анестезиолог үй камагына чыгарылганын кабарлады. Маалыматта, дарыгердин бөгөт чарасы 31-январда каралып, сот шектүүнүн туруктуу жашаган жери бар экенин, ага коюлуп жаткан айыптын өтө оор эместигин эске алып үй камагына чыгарганы айтылат. Эске салсак, Алия Кубанычбекова 2023-жылы 18-декабрда тиш доктурда алты сааттык операциядан кийин чарчап калган. Кыздын өлүмү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу” беренеси менен иш козголуп, анестезиолог камакка алынган эле.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1104, 2-8-февраль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан