1-февралдан тарта милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисинин баасы көтөрүлөт

Кыргызстандыктар милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисине эми көбүрөөк төлөшөт. Бул тууралуу Медициналык камсыздандыруу фондунан билдиришти.

Жаңы тариф боюнча баалар:

Кыргыз жарандары, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин Кыргызстандын аймагында мыйзамдуу жашап, эмгектенип жаткан үй-бүлө мүчөлөрү, качкындар, өлкөдө баш паанек издеген адамдар жана кайрылмандар үчүн ММК полиси 12 айга – 1 840 сомду түзөт (мурда 1 722 сом эле). Бул сандар өткөнкү жылдын жашоо наркына жараша эсептелген.

Ал эми чет өлкөлүк жарандар үчүн медициналык камсыздандыруу, тескерисинче, арзандайт:

Чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар үчүн 6 айга – 5 955 сом (мурда 8 196 сом эле).

12 айга — 11 910 сом (мурда 16 391 сом эле). Бул жерде чыгым чет элдиктердин өткөн жылдагы орточо айлык акысына жараша аныкталган.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1104, 2-8-февраль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан