Юстиция министринин орун басары Зарема Аскарова парламентте баласына алимент төлөөдөн качкан ата-энелерди үч жылга чейин камоо тууралуу мыйзам долбоору боюнча баяндама жасады. Анын айтымында, азыркы мыйзам боюнча алимент төлөбөгөндөргө 20-50 миң сомдук айып пул салынат же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына тартылат. Эми ушундай айыпты жаран бир жылга чейин төлөбөсө ага 50-100 миң сомдук айып пул салып, бирден үч жылга чейин эркинен ажыратуу сунушталууда. Бирок депутаттардын көпчүлүгү өкмөт аша чаап кеткенин белгилеп, жазаны жеңилдетүү жана жазанын башка түрүн колдонуу керектигин айтышты. Алсак, эл өкүлү Дастан Жумабеков автоунаа айдоого тыюу салууну сунуштады. Жыйынтыгында бардык сунуш-пикирлер эске алынып, мыйзам окуу биринчи окууда колдоого алынды. Юстиция министринин орун басары мыйзам долбоорун экинчи окууга оңдоп-түзөө менен алып келүүнү убадалады.