Спорт жаңылыктары

Азия кубогу-2023: Япония чейрек финалда

31-январда Катарда өтүп жаткан 2023-жылкы Азия кубогунда турнирдин чейрек финалына чыккан дагы бир команда аныкталды. Ал 1/8 финалда Бахрейнди жеңген Япония курамасы.

49-мүнөттө япондор 2:0 эсебинде алдыда келе жаткан. Оюндун жүрүшүн ишенимдүү көзөмөлдөп жаткан алар 64-мүнөттө өздөрүнө гол киргизип алышты, автоголдун ээси дарбазачы Сион Сузуки болду. Бирок бир нече мүнөттөн кийин Аясе Уэда Бахрейндин дарбазасына кайрадан гол киргизип, эки голдук айырманы калыбына келтирди – 3:1. Эми Япония чейрек финалда, анда алар 1/8 оюндагы акыркы беттештин жеңүүчүсү менен кез келет (Иран – Сирия).

Эскерте кетсек, 30-январда Өзбекстан Таиландды 2:1 эсебинде жеңсе, Түштүк Корея пенальтилер сериясында Сауд Арабиясын 4:2 эсебинде утту. Эми Азия кубогунун чейрек финалында Өзбекстан курамасы Катар менен, Иордания Тажикстан менен, Түштүк Корея Австралия менен ойнойт.

ыргызстандын таэквондочулары Алматыдагы эл аралык турнирде 43 медаль утушту

26-28-январь аралыгында Казакстанда таэквондо боюнча ITF Almaty Open эл аралык турнири болуп өттү. Кыргызстандын ITF оригиналдуу таэквондо федерациясынын башкы калысы Кутман Мукашевдин айтымында, турнирге 7 жаштан 17 жашка чейинки 62 кыргызстандык спортчу катышты. Командалык мелдештин жыйынтыгында кыргызстандыктар 15 алтын, 14 күмүш жана 14 коло медалга ээ болуп, экинчи орунду ээлеп жемиштүү кайтышты.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1104, 2-8-февраль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан