Кондитерден ҮЧ ШОКОЛАД торту

Үч шоколад тортунун негизин түзгөн желатинден жасалган мусс Францияда Людовик 14түн убагында жасалып башталган. Бирок ал убакта бул даамды ак сарайдагылар гана тата алчу. Андан 2 кылым өткөн соң көпчүлүккө жеткиликтүү сүйүктүү десертке айланды. Ал эми үч шоколад торту орус ашпоздорунун чеберчилиги менен өзгөчөлөнүп чыга келди. Мындай тортту үйдөн да жасоого болот. Кантип экенин кондитер, футблогер Айпери Медетова айтып берди. 

Бисквит жасоо

Керектелүүчү азыктар:

Ун – 70 грамм

Какао – 10 грамм

Көптүргүч – 1 чай кашык

Жумуртка – 2 даана

Кумшекер – 60 грамм

Кара шоколад – 60 грамм

Каймак май (72%) – 30 грамм

Даярдоо ыкмасы:

 1. Унга какао менен көптүргүчтү кошуп аралаштырып коёбуз.

2. Кара шоколадга каймак майды салып отко коюп эритебиз. Бир массага келгенде оттон чыгаруу кажет.

3. Жумуртканы чегип, миксер менен чалып баштайбыз. Ал аралыкта кумшекерди 2-3кө бөлүп кошуу керек. 5 мүнөттөн 10 мүнөткө чейин көбүрүп коюуланып чыкканча чалабыз. Эми бул массага жылмык шоколадды кошуп ылдыйдан өйдөнү карай акырындан аралаштырабыз.

4. Ун, какао аралашмасын да ушул ыкма менен 2-3кө бөлүп аралаштырабыз. Торт жасоочу алынма форманын диаметрин 20 сантиметр кылып, астын фольга же отко чыдамдуу тамак-аш плёнкасы менен жаап бекитип камырды куябыз. Электр мешинин табасына коюп бышырабыз.

5. Электр мешин 110 градуста ысытып, 20-25 мүнөткө коюп бышырабыз. Бышкандан кийин формадан чыгарып, үстүнкү бетин сөзсүз тегиз кесип салуу керек.

 

Мусс

 Даярдоо ыкмасы:

Бул үч түрдүү муссту жасоонун ыкмалары бирдей, болгону шоколаддарында айырма болот.

1. Желатиндердин ар бирине 30 миллилитрден муздак суу куябыз. Коюуланганда колдонобуз.

2. Мусстун ар бирине өз-өзүнчө эмес, баарына бир кам каймакты чалабыз. 4-5 мүнөт миксер менен чалуу жетиштүү, андан аз да, көп да болбошу керек.

3. Эми мусстун ар бири өз-өзүнчө даярдоо керек. Сүткө желатинди кошуп жылытабыз. Ысып кетпеши шарт. Желатин эрип чыгат.

4. Отко коюуга мүмкүн болгон идишке жумуртканын сарысын, кумшекерди кошуп аралаштырабыз. Үстүнө сүттү аз-аздан куюп аралаштырабыз. Буларды жай отко коюп бир кайнатабыз. Бул учурда аралаштырууну токтотпоо зарыл. Башка идишке куюп алып шоколадды салып, бир массага келгенче эритип аралаштырабыз.

5. Шоколаддын үстүнө ар бирине 250 граммдан коюлтулган кам каймакты кошуп кылдат аралаштырабыз.

Мусстардын ар бири ушул ыкма менен даярдалат.

Тортту чогултуу

1. Бисквитке бийиктиги 15-20 сантиметр болгон ацетат плёнкасын кийгизип, сыртынан форманы да кийгизип бекемдеп бекитебиз. Эми үстүнө алгач кара шоколаддан жасалган муссту куюп тегиздеп муздаткычка сала туруу керек. Ага чейин кийинки муссту этабы менен даярдап куюп, кайра муздаткычка салабыз. Биринчи кара шоколаддан, экинчи сүттү кара шоколаддан, үчүнчү ак шоколаддан жасалган мусс куюлат.

2. Тортту бир күнгө муздаткычка салып коюу оң. Алып чыгып форманы чыгарып, ацетат плёнкасын кылдат сыйрып алабыз. Ал үчүн фен менен сыртынан ысытып сыйрыса мусстар бири-бирин булгабай чыгат. Каалооңузга жараша кооздоп аласыз. Чайноону талап кылбаган, ооздо эриген назик үч шоколад тортубуз даяр!

Ак шоколаддан мусс

Керектелүүчү азыктар:

Кам каймак (сливки 33%) – 250 грамм

Сүт – 40 миллилитр

Жумуртканын сарысы – 1 даана

Кумшекер – 40 грамм

Ак шоколад – 150 грамм

Желатин – 5 грамм

Муздак суу – 30 миллилитр

Сүттүү кара шоколаддан мусс

Керектелүүчү азыктар:

Кам каймак (сливки 33%) – 250 грамм

Сүт – 40 миллилитр

Жумуртканын сарысы – 1 даана

Кумшекер – 40 грамм

Сүттүү шоколад – 150 грамм

Желатин – 5 грамм

Муздак суу – 30 миллилитр

Кара шоколаддан мусс 

Керектелүүчү азыктар:

Кам каймак (сливки 33%) – 250 грамм

Сүт – 40 миллилитр

Жумуртканын сарысы – 1 даана

Кумшекер – 40 грамм

Кара шоколад – 150 грамм

Желатин – 5 грамм

Муздак суу – 30 миллилитр

Торттуу чогултуу

1. Бисквитке бийиктиги 15-20 сантиметр болгон ацетат плёнкасын кийгизип, сыртынан форманы да кийгизип бекемдеп бекитебиз. Эми үстүнө алгач кара шоколаддан жасалган муссту куюп тегиздеп муздаткычка сала туруу керек. Ага чейин кийинки муссту этабы менен даярдап куюп, кайра муздаткычка салабыз. Биринчи кара шоколаддан, экинчи сүттү кара шоколаддан, үчүнчү ак шоколаддан жасалган мусс куюлат.

2. Тортту бир күнгө муздаткычка салып коюу оң. Алып чыгып форманы чыгарып, ацетат плёнкасын кылдат сыйрып алабыз. Ал үчүн фен менен сыртынан ысытып сыйрыса мусстар бири-бирин булгабай чыгат. Каалооңузга жараша кооздоп аласыз. Чайноону талап кылбаган, ооздо эриген назик үч шоколад тортубуз даяр!

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1104, 2-8-февраль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан