Эмнеге адамдар кыйкырышат?

Мугалим окуучуларына кайрылып:

– Балдар, айтсаңар, эмнеге адамдар бири-бири менен кыйкырып сүйлөшөт?

– Кайрылып жаткан адам алысыраак аралыкта болгон үчүн кыйкыраттыр...- деди бир окуучу божомолдоп.

– Эгер сүйлөшүп жаткан адам жанында болсочу?

Окуучулар бири-бирин карап, ийин куушура отуруп калышты. Анда мугалим сөзүн улап:

– Адамдар урушканда бири-бирине болгон нааразычылык күчөп, жүрөктөрү алыстайт. Аны менен кошо жан дүйнөдөгү гармония да бузулат. Анан бири-бирин угуш үчүн үнүн бийик чыгарганга аракет кыла башташат. Таарыныч, ыза канчалык күчтүү болсо, үндөр да ошончолук бийик чыгат. Адамдар бири-бирин сыйлап, сүйгөн учурда эмне болот? Андай адамдардын үнү токтоо, акырын чыгат. Бири-биринен канчалык аралыкта болбосун, алардын жүрөгү, жан дүйнөсү бирге. Андыктан бири-биринин оюн бир сөз менен эле түшүнө алышат.

– Дагы бир суроо, адамдарды сүйүү башкарган учурду кандай элестетесиңер?- мугалимдин бул суроосуна да окуучулар толук кандуу жооп таба албай отуруп калышты.

– Адамдарды сүйүү башкарган учурда алар кыйкырып сүйлөшмөк турсун, шыбырашып калышат. Айрымдарга сөздүн деле кереги жок, алардын көздөрү баарын айтып турат. Муну менен эмне айткым келди, балдар. Унутпагыла, уруш-талаш адамдарды бири-биринен алыстатат, ал эми бийик үн менен айтылган сөздөр алыс аралыкты эселеп көбөйтүп жиберет. Сөз менен, сөздүн күчү менен ойнобогула. Анткени эки жакын адамдын ортосундагы аралык ушунчалык чоңоюп, аны кыскартууга же кайра артка жол табууга мүмкүн болбогон күн келбейт деп эч ким кепилдик бербейт.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1104, 2-8-февраль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан